Антикризистик чаралардын алсыздыгы

Бишкек, 25-март, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин 24-марттагы жыйынында каатчылыктын алдын алуу чараларын чечкиндүү иштеп чыгып, ишке киргизүүдө өкмөт чабалдык кылып жатканы талкууланды.

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өлкөнүн айрым жерлерине, анын ичинде Ош менен Бишкек шаарларына өзгөчө абал киргизилген шартта калктын аялуу катмарын, күнүмдүк киреше менен жан багып келген үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо боюнча өкмөттө иштиктүү план жок болуп жатканын белгиледи.

Депутат Алтынбек Сулайманов өкмөт азыр калктын аз камсыз болгон катмарын колдобосо, анда бул жагдай социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн экенин эскертти:

«Буга чейин күнүмдүк тиричилигин кылып келген эл эми кандай оокат кылат? Ошолор боюнча кандайдыр бир алдын алуу чаралары жана план-программаңар барбы? Эртең эл көчөгө чыгып кетпеш үчүн аларга дем бере турган, колдой турган кандайдыр бир иш-план даярдалганбы?»

Дагы караңыз Өзгөчө абалдын өктөм чаралары


Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус коркунучунун айынан өлкө оор социалдык-экономикалык каатчылыкка кириптер болгонун моюнга алды. Бирок ал мамлекет калктын аялуу катмарын коргоо боюнча милдеттеринен баш тартпай турганын белгилеген:

«Кыйынчылыктарга карабастан, биз мамлекет тараптан анын социалдык милдеттери үзгүлтүккө учурабайт. Социалдык багыттагы төлөмдөрдү: жөлөкпулду, пенсияны жана маянаны төлөөдө маселе болбойт. Биз аларды убагында төлөп, убагында камсыздап берип тура алабыз».

Ал эми парламенттин башка бир депутаты Жанарбек Акаев коронавируска каршы өзгөчө кырдаал киргизилген коңшулаш өлкөлөрдө калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык жактан колдоо үчүн ушул убакка карата жөлөкпул чегерелип жатканын мисал келтирди. Ал өкмөт менен республикалык штабды бюджеттик каражатты жана атайын эсепке түшүп жаткан акчаны илдеттин кеңири жайылып кетишине жол бербөө жана кризистин кесепеттерин жоюш үчүн ыкчам тартипте колдоно албай отурганы үчүн сындады:

Жанар Акаев.

«Казакстандын өкмөтү 1,5 миллион адамга социалдык жөлөкпул төлөп берип жатат. Биздин өкмөт да азыркы шартта жок эле дегенде 500 миң жаранга 5 миң сомдон болсо дагы социалдык жөлөкпул чегерип бериши керек. Анткени алар буга чейин күнүмдүк тиричилиги менен алпурушуп, кечинде бала-чакасына чай-нан көтөрүп барчу да. Эми алар иштеген жерлер жабылып, кирешелери жок, үйдө отуруп калышты. Колунда бар адамдар атайын эсепке акча которуп жатышат. Бирок «ошол каражаттын бир сому да коротула элек» деп республикалык штаб кармап отурбайбы. Ошол эле кезде дарыгерлер, тартип сакчылары атайын коргонуучу каражаттары жок, тамак-ашы жок иштеп жатышат. Ушундай учурда ошол каражатты кармап отуруунун кажети барбы? Аны ылдам колдонуп, муктаждыктарды чечиш керек да».

800 миллион сомду тегирменчилер «тегеретеби»?

Ошол эле кезде парламентте өкмөт илдетке каршы күрөшүү жана каатчылыктын алдын алуу максатында мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражатты туура эмес бөлүштүргөнү боюнча сөз болду.

Депутат Элвира Сурабалдиева эң зарыл деген санитардык-карантиндик чараларды камсыздоого аз акча каралып, ошол эле кезде ун тартуучу компанияларга эмнеге 800 миллион сом бөлүнүп кеткенине кызыкты:

«Саламаттык сактоо министрлигине болгону 30 млн. сом берилип жатыптыр. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 225 млн. сом бөлүнүптүр. Азык-түлүк коопсуздугуна 631 млн. сом каралыптыр. Буга макулмун. Бирок эмне себептен ун чыгаруучу ишканаларга 800 млн. сом берип жатканыңарга түшүнгөн жокпуз. Ошол эле кезде дарыканаларда беткап сатылбай жатат».

Дагы караңыз Өкмөт дартты жеңүү ыкмасын издеп жатат

Депутаттын бул суроосуна азырынча өкмөт жооп бере элек. Буга чейин өкмөт коронавирус илдетинин жайылып кетишин ооздуктоого жана өзгөчө абалдын айынан келип чыккан экономикалык каатчылыктын кесепеттерин жоюуга эл аралык донор уюмдардан жардам сураган. Бирок азырынча алар жардам берүү ниетин билдире элек.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев каржы булактарын табыш үчүн өкмөт азыр эки маанилүү маселени чечүүгө тийиш экенин айтты:

Каныбек Иманалиев.

«Биз быйыл 28 млрд. сом тышкы карызды төлөшүбүз керек. Аталган каражат бюджетте бекитилген. Эл аралык каржылык донор уюмдарга «биз азыркы шартта форс-мажор болуп калганда ал акчаны төлөй албайбыз, жылдырып бергиле» деп биз азыр токтоосуз түрдө билдирүү жиберишибиз абзел. Ошондо 28 млрд. сом тышкы карызды төлөөгө жумшалбай, бошоп калса, биз аны каатчылыктын кесепеттерин жоюуга жумшап, багыттай алабыз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай учурда өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам берет. Биздин өкмөт азыркы биздин өлкөдөгү абалды негиздеп берип, болбоду дегенде жалпы наркы 100 млн. долларлык медициналык жабдууларды, дарыларды жана башка каражаттарды жардам иретинде алууга өтүнмө жибериши керек. Азыр өтүнмө жиберилбесе, кийин кеч болуп калат».

Республикалык штаб 25-мартка карата коронавируска каршы күрөш үчүн Финансы министрлигинин карамагында ачылган эсепке 12 миллион сомго чукул акча түшкөнүн жарыялаган.

Ошондой эле республикалык штабдын тапшырмасы боюнча 112 миң долларга Кытайдан медициналык каражаттарды жана илдетти аныктоочу 30 тест сатып алуу маселеси чечилгени айтылды. Өкмөт бюджет чыгымдарын азайтып, аны каатчылыктын шарттарына ылайык оптималдаштыруу боюнча жакында өзүнүн антикризистик планын жарыялоого убада берген.

Коронавируска байланыштуу көп мамлекеттерде карантин киргизилип, ишканалар өз жумушчуларын азайтып же акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жиберип жатат. Ушундан улам чет жактарда иштеген кыргызстандыктар да жабыркашууда.

Орусияда миңдеген журтташтардын иш сааты кыскарып, рублдин наркы түшүп кеткенине байланыштуу тапкандары да кескин кемий түштү. Бириккен Араб Эмираттарында да жүздөгөн мекендештер ишсиз калганын ал жактагы активист Бекмурат Ымамназаров айтып берди:

«Кыргызстандыктардын көбү тейлөө тармагында, чоң соода түйүндөрүндө иштеп келишкен. Мен социалдык тармактарда Эмираттардагы кыргызстандыктардын жашоосун чагылдырган kyrgyzclub.uae деген баракчаны жүргүзөм. Ошол жакка да жумуштан кыскаргандар көп кайрылып жатышат. Алардын арасында ишке жаңы орношуп, сыноо мөөнөтүнөн өтүп жаткандар да, эки-үч жылдан бери иштеп келгендер да бар. Менин эсебимде эле эки миңдей киши ишсиз калды окшойт».

Чет жакта ишсиз калгандардын арасында Түндүк Кипрдеги 50дөн ашуун мекендешибиз бар. Жакында эле ал жактагы кыргызстандыктар иштеген ондон ашуун мейманкана жабылып калган. Кипр аралынын түрк тарабында жайгашкан Гирне жана Никосия шаарларында 1,5 миңге жакын кыргызстандык жаран билим алып жана мейманканаларда эмгектенип келишкен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​