Социалдык тармактардын терс таасири

Иллюстрациялык сүрөт.

«Жалгызсырап жатасыңбы? - Телефон текшер». «Зеригип жатасыңбы? - Телефон текшер». Бул фразалар - көпчүлүктүн жүрөгүн ээлеп жана мойнунан жетелеп алган вирус ойлор.

Чөнтөк телефонуңуздагы ар бир социалдык тиркеменин аркасында жүздөгөн жана миңдеген акылдуу, чыгармачыл IT инженерлери иштешет. Алардын эртеден кечке кылчу милдети - колдонуучуларды тиркемеге кызыктыруу, эртең кайра келтирүү жана тиркеме колдонгон убактысын күндөн-күнгө көбөйтүп отуруп акырында колдонуучунун мойнунан байлап берүү болуп эсептелет. Себеби аларды жумушка алган компаниянын сиз билбеген кызыкчылыгы жана талабы ошондой. Социалдык тиркеменин колдонуучуларынын саны канчалык өскөн сайын компаниянын аброю, акциясы жана бюджети ошончолук жогорулайт. Кыскасы сизди гипноздоп койгондой кайра-кайра телефон текшерип, тиркемеде эмне болуп жатканын билгенге шашып каласыз. Чыныгы жашооңузга караганда виртуалдык дүйнө кызыгыраак болуп калган учур. Бул көрүнүш чылымга же спирт ичимдиктерине берилген сыяктуу эле психологиялык илдет десем жаңылышпайм.

Дагы караңыз Аткаминерлер соцтармакты кандай колдонот?

Социалдык платформалардын жаңы инновациялары колдонуучулардын мээсине жана саламаттыгына коркунуч жаратууда. Тиркеме эксперттери колдонуучуларды кайырмакка илүү, анан кайырмактан чыгарбай кармап туруу үчүн жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу менен алектенет. Соцтармактардын айтылбаган бизнес модели - элдин баалуу убактысын жана маалыматын максималдуу түрдө уурдоо анан аны жарнамага сатуу болуп эсептелет. Бирок алар тескерисинче «тиркеменин максаты курбулар менен досторду, үй-бүлөнү өз ара жакындатуу» деп жар салышат.

Соцтармактын терс таасирлери:

Жөнү жок кабатырлануу:

Коомдук тынчсыздануу:

Адамдын өзүнө болгон ишениминин жоголушу;

Психологиялык жабыркоо;

Өз алдынча ой жүгүртүүнүн жоголушу.

Мээнин өтө сезимтал болушу;

Өзүн жалгыз сезүү.

Соцтармактын жаш балдарга тийген терс таасирлери:

Мазактоого, коркутуп-үркүтүүгө дуушар болуу;

Этиканы бузуу, эрте бузулуу;

Адепсиз, уят материалдарды окуу жана көрүү;

Уурулукка жана алдамчылыкка баруу коркунучу;

Онлайн шылуундардын курмандыгы болуу коркунучу;

Онлайн адам уурдоонун, карактоонун курмандыгы болуу коркунучу;

Чыныгы жашоо менен виртуалдык жашоону айырмалай албай калуу коркунучу.

Дагы караңыз Соцтармак аркылуу согушка үндөө күч алды

Соцтармакта өтө көп убакыт өткөргөн колдонуучулар төмөнкү бир же бир нече оорууга дуушар болот:

Бел, омуртка оорусу;

Моюн оорусу;

Көз оорусу;

Ашыкча салмак кошуу;

Кардиоваскуляр оорусунун коркунучу.

Соцтармак кантип тынчсыздануу жаратат?

Соцтармак колдонуучуну «коомдук тынчсыздануу» илдетине мындайча айтканда себепсиз эле кабатыр болууга алып келет. Бул жөн эле соцтиркемени бир азга текшере албай калуудан же терс пикир алуудан келип чыгышы мүмкүн. Мындай тынчсыздануу кээбир колдонуучуларда телефонун чөнтөккө салгандан кийин бир канча мүнөттөрдөн кийин дароо пайда болсо кай бирлеринде бир нече сааттан кийин сезилет. Кандай болгон күндө да мындай тынчсыздануу бат эле адатка айланып анан адамдын бейпил жашоосунун бузулушуна алып келет.

Дагы караңыз ЖККУ социалдык тармактарды көзөмөлдөйбү?

Соцтармак депрессияга алып келеби?

Изилдөөлөргө таянсак соцтармакты өтө көп колдонуучулардын 13%дан 66% пайызга чейинкилеринин депрессия болуу коркунучу бар. Буга көпчүлүк колдонуучулардын коомдук жашоодо чыныгы мамилесинин жоктугу себеп болот. Себеби онлайн мамиле чыныгы жашоодогу мамиледей эмоцияларды тартуулай албай турганын баса белгилеп кетким келет.

Андан сырткары колдонуучуну түйшөлдүргөн маселе - онлайн коомдон артта же сыртта калуу коркунучу. Бул көбүнчө соцтармактарды колдонуучулардын арасында кеңири кездешкен көрүнүш. Алар башка колдонуучулардын гламурдуу жашоосун, байлыгын же кымбат кийингенин көрүп өздөрүн элден, коомдон артта калган адам катары сезишет.

Дагы караңыз Интернет-гиганттардын Гонконг боюнча кадамы

Соцтармак колдонууну кантип чектесе болот?

Соцтармактарды колдонуу адатын токтотууну же чектөөнү айткан оңой болгону менен аны иш жүзүнө ашыруу оңойго турбайт жана ал убакытты, мээнетти талап кылат. Ошентсе да төмөнкү жөнөкөй кеңештер чоң көйгөйдүн алдын алууга алгачкы кадам болот деп ишенем:

Чыныгы жашоого көбүрөөк басым жасаганга аракет кылуу;

Соцтиркемелерди телефондун башкы бетинен алып салуу;

Соцтиркемелерди текшериш үчүн күнүнө бир убакыт белгилеп алыныз;

Соцтармактарды колдонуу убактыңыз күнүнө 30 мүнөттөн ашпашы керек;

Тиркеменин маалымдамаларын өчүрүп салуу сизди жашоодон алагды кылбайт;

Телефондун үнүн өчүрүп жүрүү;

Соцтиркемелерди карап чыгып, алардын санын азайтуу;

Соцтармактан бат-бат тыныгуу алып туруу.

Күнүнө соцтармакта канча убакыт өткөрүш керек?

Эксперттер соцтармак колдонуу убактысын күнүнө 30 мүнөттөн ашырбоону сунуш кылышат. Бул чектөөнү адат кылып алгандар соцтармактын терс таасирине дуушар болушпайт жана болсо да аз өлчөмдө гана дуушар болушат.

Баарыбызга маалым болгондой, соцтармактар аларды колдонуучулардын жашоосуна терс таасирин тийгизбей койбойт. Эң башкысы ар бир колдонуучу өзүнө чек коюп жана соцтармактан тыныгуу алганды билиши керек деп ойлойм. Ошондо сиз соцтармактын кулу эмес, жөн эле колдонуучусу болосуз.

Айдана Өмүрбаева, «DevOps Engineer – Relativity LLC» компаниясы, АКШ.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​