Шыкмаматов: Бийлик күмөндүү кагаз көрсөтүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

14-ноябрда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов УКМК Белиз мамлекетиндеги жеке юридикалык фирманын жасалма документин көрсөтүүдө деп айтты. УКМК Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылган делген документтерди жарыялап, Башкы прокуратура иликтөөгө алды.