Эки дөөнүн эрегиши: оппозициянын орду

Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттери Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун эрегиши мурдагыдан да күч алды.

Бул улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын, демократияны өнүктүрүүгө өбөлгө болгон саясий күрөшкө өсүп жетеби же жеке кызыкчылыктардын согушуна айланып, өнүгүүгө залакасын тийгизеби?

«Арай көз чарай» талкуусуна саясий маселелер боюнча серепчилер Орозбек Молдалиев жана Бакыт Аманбаев катышты.

«Азаттык»: - Орозбек агай, эки күн мурда мурунку президент Алмазбек Атамбаев «Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгеним үчүн элден кечирим сурайм» деди. Эл шайлаган президент үчүн экс-мамлекет башчысы эмне үчүн кечирим сурап жатат деп ойлойсуз?

Орозбек Молдалиев: - Мурдагы президент Атамбаев азыркы президент Жээнбековду президенттик орунга сунуш кылганы чын. Бирок шайлоодо эл каалаган талапкерине өз добушун берди.

Өткөн шайлоодо талапкерлер катталганда эле негизги күрөш Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда болору, анын бири президент болуп шайланары белгилүү болуп калган. Ошол шайлоодо «Атамбаев колдоп жатканы үчүн Жээнбековго добуш бербейм» дегендер болгон. Ал кезде «Атамбаев айтты эле» деп, элдин баары аскердик буйрукту аткарып жаткансып добуш беришкен жок да. Биз билген чындык ушул. Эгер Атамбаев Жээнбековду биз билбеген башка жолдор менен бийликке алып келген болсо, анда териштириш керек.

Менимче Атамбаевдин Жээнбеков үчүн эмес, башка маселелерде кечирим сурай турган жөнү бар. Ал башкарган алты жылда көп кемчиликтер болду. Атамбаев үй-бүлөлүк болбосо да кландык башкарууга жол берип салбадыбы. Анын азабын эми көрүп жатабыз. Атамбаев кечирим сурай турган «Белизгейт», Бишкек ЖЭБи ж.б. башка маселелер бар.

«Азаттык»: - Бакыт мырза, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын Атамбаев тарабындагылары КСДП бийликке расмий оппозиция болорун жарыялады. Ошол эле учурда парламенттеги КСДП фракциясы бийликте отурат. Мыйзам, логика, демократиянын принциби боюнча социал-демократтардын Жогорку Кеңеште отурганы туурабы? Бул маселе кантип жөнгө салыныш керек?

Бакыт Аманбаев.

Бакыт Аманбаев: - Биринчиден, КСДПнын «оппозицияга өттүк» деп жарыялашы туура эмес. Себеби, азыркы расмий бийликте КСДП, парламентте КСДП турат. Эгер азыркы парламенттеги социал-демократтар толугу менен мандатын тапшырып, оппозицияга кетсе, анда өкмөттүн да кызматтан кетиши күтүлөт. Ошондо гана КСДПны оппозицияга кетти деп түшүнсөк болот.

Экинчиден, Атамбаевдин оппозицияга өтүшүнө эч моралдык укугу жок. Анткени өзү сындап жаткан бүгүнкү системаны, бийликти Атамбаев өзү түзгөн. Анын жоопкерчилиги абдан жогору.

Орозбек Молдалиев: - Оппозиция өзү системалуу жана системалуу эмес болуп бөлүнөт. Мындан сырткары, индивидуалдуу оппозиция деген да болот. Мисалы, Адахан Мадумаров Акаев заманынан бери эле жалгыз оппозицияда келатат. Азыр Равшан Жээнбеков да жеке өзүн «оппозициямын» деп жүрөт.

КСДПнын «оппозиция болдум» дегенине келсек, ал партия азыр үчкө бөлүнүп, хаос болуп турган мезгил. КСДПнын 34 депутаты Атамбаевди эмес, Жээнбековду колдоп турат. Мына ушундай кырдаалда Атамбаев «оппозицияга кеттим» деп жарыялоодон мурда партиясын иретке келтирсе болмок. Ошентсе да жеке Атамбаевдин «оппозицияга кеттим» деп жарыялоого укугу бар. Бирок бүт КСДПнын атынан сүйлөөгө Атамбаевдин укугу жок.

«Азаттык»: - Орозбек агай, Атамбаев билдирүүсүндө азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарын «чимкириктер» деп сындады. Андай салыштыруунун жөнүн сиз эмнеден көрөсүз?

Орозбек Молдалиев.

Орозбек Молдалиев: - Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында Атамбаев «КСДПнын айрым депутаттарын туура эмес тандап алыптырмын, эми алтынчы чакырылышта андайга жол берилбейт» деген. КСДПнын азыркы курамын Атамбаев жеке өзү тандаган. Эгер алардын баары «чимкириктер» болсо, анда Атамбаев элден ал үчүн да кечирим сурашы керек.

«Азаттык»: - Бакыт мырза, мамлекет башчысы Жээнбеков: «Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм» деди. Президент Жээнбековдун бүгүнкү саясатында анын сөзү иши менен көрүнүп, бекемделип жатабы?

Бакыт Аманбаев: - Чындыгында Жээнбековдун президент болуп шайланышына Атамбаевдин эмгеги зор. Ал мыйзамдарды бузуп жатканын билип туруп, Жээнбековду сүрөгөн. Атамбаев президент болчу башка адамдарды түрмөгө камап, Жээнбековдун шайланышына жакшы негиз түзгөн.

Ооба, Жээнбеков азыр «Үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!» деп жатат. Биз ага ишенишибиз керек. Тилекке каршы, Жээнбеков президент болуп шайланганына бир жарым жыл өткөнүнө карабай өзгөрүү байкалбайт, көп маселелер чечилген жок. Убакыт өткөн сайын саясий процесстер татаалдашып баратат. Эгер президент Жээнбеков «үй-бүлөлүк, кландык башкарууга барбайм» десе анда радикалдуу саясий, экономикалык реформаларга барышы керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эки дөөнүн эрегиши: оппозициянын орду (аудио)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.