Түлеевдин мүлкү мамлекетке өтө баштады
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
21-апрелде Бишкектин Манас көчөсүндо жайгашкан Sapat Center бизнес-борборунун имаратын күч кызматкерлери эртелеп курчоого алды. Экс-мэр Нариман Түлеевдин атасына таандык бул имараттын документтерин Мүлк фонду Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгына бергенин билдирет. Бизнес-борбордо отурган ижарачылар иш ордуна жете албай калганын айтса, имарат ээлери мүлктү рейдерлик жол менен басып алуу жүргөнүн билдиришти.