Жыл башында күчүнө кирген кодекстерге байланыштуу Жогорку сот Аида Салянованын юстиция министринин милдетин аткарып турган кездеги иши боюнча арыздарды карап, ишти кайра кароодон баш тарткан чечим чыгарды. Коллегиянын чечимин жыйындын төрагасы судья Шерали Камчыбеков окуп берди:
- Адвокат Жакупбекованын өтүнүчү жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кылмыш-аткаруу инспекциясынын соттолгон Салянова Аида Жеңишбековнанын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо тууралуу өтүнүчү четке кагылат. Бул чечим акыркы жана ага каршы даттанууга болбойт.
Саясатчынын сотко катышкан тарапкерлери чечимге нааразы болушуп, «Сотко наалат!», «Президент убада берген реформа кана?» деп кыйкырышты. Аида Салянова өзү соттун чечими күтүлгөнүн жана буга кайсы бир кишилердин таасири болгонун билдирди:
- Эми, үмүт болгон. Бирок мени нес кылчу деле күтүүсүз чечим болгон жок. Бул акыркы чечим эмес. Мен жаңы жагдайлар боюнча сотко кайрыла элекмин. Эртеби-кечпи баары бир акталам, буга бөркүмдөй ишенем. Бүгүнкү болгон окуя - система үчүн уят, сот системасы үчүн уят, анан президент үчүн уят иш. Анткени эки күн мурун эле президент «сотторго эч кандай кийлигишүү жок, булар өз башы менен чечим чыгарып жатат» деген. Мен буга ишенбейм. Эгерде президент таасир этпесе, таасир этчү кишилер аралашты деп ойлойм.
Дагы караңыз Cалянова менен Цопова үй камагына чыгарылдыЧечим чыгардын алдында акыркы сөзүн сүйлөгөн Салянова мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган учурунда кылмыштуу аракеттердин курмандыгы болгонун билдирген. Ал сотторду чечим чыгарууда мурдагы бийликтин каталарынан сабак алууга чакырган болчу.
Саясатчынын адвокаты Рабига Сыдыкова болсо жети томдон турган кылмыш ишиндеги материалдар тергөөгө тиешеси жок документтер менен толтурулганын айткан. Эми саясатчы учурдагы бийлик кайсы максатта ушундай чечим кабыл алууга кызыкчылыгы болуп жатканын түшүнбөй жатканын билдирүүдө.
Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.
Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.
Дагы караңыз Рысалиев президентти коштоп кеттиБыйыл жыл башынан тартып күчүнө кирген кодекстерге ылайык, бул ишти кайра кароо тууралуу өтүнүч менен ЖАМК жана Салянованын адвокаттары кайрылган. Бул иш бир нече айдан бери каралып жаткан эле.
Эмнеге бул иш маанилүү?
Салянованын иши мурдагы бийликтин каталарын улам ашкере кылып, учурдагы бийлик сот реформасы боюнча улам-улам убада берип жаткан учурга туш келди. Ушул аптанын башында эле президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасы боюнча бир нече билдирүүлөрдү жасап, бул тармакта өзгөрүүлөр болуп жатканын айткан эле. Дал ушундай кырдаалда бир катар байкоочулар саясий деп эсептеген Салянованын иши боюнча сот чечими канчалык даражада өзгөрүүнүн көрсөткүчү болоруна кызыккандар көп болуп жаткан. Анын үстүнө мурдагы президент Роза Отунбаева баш болгон бир катар саясатчылар, юристтер өлкө бийлигин бул ишти калыс кароого чакырышкан болчу.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев ушул сыяктуу иштер сот реформасын жүрүшүнө баа берүүдө көрсөткүч катары колдонулат деген пикирде.
- Сот реформасы - бул жаркыраган имараттар же чечимди Интернетке жайгаштыруу эмес, - деди ал. - Сот реформасы - алардын чечимине эл ишенгени. Калыс чечимдер чыгып, ага калк ишенмейинче реформа болду деп айта албайбыз. Ошондой эл кызыккан иштердин бири - Салянованын иши - адилет каралышы керек эле.
Ошол эле кезде апрель окуяларына чейин таасирдүү адамдардын бири болгон Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу үчүн Салянованын жоопкерчилиги бар деп санагандар да бар. Маселен, парламенттин мурдагы депутаты Бөдөш Мамырова:
- Мыйзам бузуу да болгон. Ошол эле учурда лицензиясын шашылыш узартууга талап деле жок болчу. Карап турса болмок. Ошол мезгилде министр катары абалды эске алышы керек эле. Анын моралдык жоопкерчилиги да бар, - деп билдирген.
Салянова ким?
47 жаштагы Аида Салянова кыргыз саясатында 2010-жылдан соң аты чыгып, акыркы жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата оппозициячыл саясатчы катары белгилүү. Ал апрель окуяларынан соң алгач юстиция министринин милдетин аткаруучу, кийин президенттин парламенттеги өкүлү болуп, 2011-жылдан тартып башкы прокурорлукту аркалаган.
Дагы караңыз «Батукаевдин иши», башчылардын изи...Салянованын башкы прокурор болгон учуру талкууга түшүп, коррупцияга каршы күрөштө өзгөчө жигердүүлүк көрсөткөнү айтылып келет. Ал убакта бир катар депутаттарга иш козголуп, камакка алынган. Бирок ал саясатчылардын көпчүлүгү Атамбаевдин бийлигине сын айтканы үчүн куугунтукка кабылганын, Аида Салянова ошол кездеги президенттин буйругун аткарганын айтып жүрүшөт.
Аида Саляновага кылмыш иши 2017-жылы козголгон. Ал учур Салянова парламент депутаты катары ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевди кескин сындап турган кезге туш келген эле.
Елисеевдин адвокаттык лиценциясын узартууга байланыштуу кылмыш ишинен тышкары, Салянова - дагы бир чуулгандуу кылмыш ишинин фигуранты. Тактап айтканда, мурдагы башкы прокурор кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинде айып коюлуп, быйыл эки айдан ашык тергөө абагында камалып чыккан. Ал тергөө менен кызматташууга макул болгондон кийин үй камагына чыгарылган болчу.
Аида Салянованын иши жаңы мыйзамга ылайык кайра каралган алгачкы иш болгон жок. Буга чейин Салянованын партиялаштары, коррупцияга байланыштуу айыпталган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата мурдагы сот чечими жокко чыгып, иш кайра кароого жөнөтүлгөн.
Ал эми камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра каралып, сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган болчу.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.