Орусиядан сөөк жөнөтүү түйшүгү

Орусияда киши колдуу болгон мигранттар көбөйүп жатканы айтылууда. Москва. Мигранттар лагери. 5-август, 2013-жыл

Орус жергесинде эмгектенип жүрүп ар кандай себептерден улам каза болгон мигранттардын сөөгүн мекенине жөнөтүүдөгү чыгымдар маселе жаратууда.
Мындай маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева таратты. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү сөөктүн же башкача айтканда 200-жүктүн транспорт чыгымдарынан тышкары сөөктү бальзамдоо, өлүкканадан алып чыгуу, табытка ороп-чулгоо сыяктуу ритуалдык кызматтарга акча бөлгөн эмес.

- Бул маселе бүгүн эле көтөрүлө калган жок. Мына кечээ эле Москвада өлтүрүлгөн баланын жакындары элчилик жардам бербей жатат деп ар кайсы жакка арызданышыптыр. Элчиликке ритуалдык кызматтарга деп өкмөттөн акча бөлүнбөйт. Ошондуктан биз каржылык жактан жардам бере албайбыз. Негизи ритуалдык кызматтарга кеткен чыгымдарды маркумдун жакындары, айылдаштары көтөрөт. Бул жактагы диаспора өкүлдөрү, колунда бар мекендештерибиз да каржылык колдоо көрсөтүп келишет. Болбосо өкмөт транспорт чыгымдарын гана төлөп берет да.

Кыргыз өкмөтү 2007-жылдын 30-июнундагы токтомго ылайык, чет жерде каза болгон эмгек мигранттарынын сөөгүн мекенине жеткирүүдөгү транспорт каражаттарын өз мойнуна алат. Жол чыгымдарын төлөп берүү боюнча 5 кишиден турган атайын комиссия түзүлүп, инструкция кабыл алынган. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана миграция министрлигинин калкты ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Нурдин Тынаев “Азаттыкка” буларды билдирди:

Орусиядагы мигранттар

- Инструкция боюнча эмгек миграциясында жүргөн адам каза болгондо аны Кыргызстанга жеткирүүдөгү чыгымдар толугу менен төлөнүп берилет. Бул бир гана эмгек мигранттары үчүн, окуп же эс алып жүрүп кырсыктагандарга төлөнбөйт. Эгер маркумдун сөөгү транспортту күтүп өлүкканада же башка жайда сакталып турса, анын да чыгымдары төлөнөт. Бул үчүн керектүү жерден тиешелүү справкаларды алып келиш керек.

Сөөктүн мекенине келиши канча турат?

Орусиядагы кыргыз элчилигинин юристи Мурзапаяс Карагулов мигранттын сөөгүн транспортко салууга чейинки чыгым 25 миңден 250 миң рублга чейин жетерин мисалдар менен айтып берди:

- Бир ай мурда кыргыз жаранынын сөөгүн Сахалинден алып келдик. Диаспоранын балдары быйыл эле Сахалинден 8 сөөк жөнөтүштү. Жүк 200дү учакка салганга чейинки эле чыгымдар 80-150 миң рублга жетет. Ал эми Чукоткадан Москвага чейинки жол жана ритуалдык кызматтарга кеткен чыгымдарды кошкондо 250 миң рубль болот. Эң эле арзаны Москвада. Бул жакта ритуалдык кызматтар 25 миң рублга бүтөт. Сөөк бальзамдалат, табытка салынат, кепин менен оролот жана башка.

Мигранттардын сөөгүн мекенине жөнөтүүдөгү көптөгөн машакаттан улам элчилик жана диаспора өкүлдөрү кыргыз өкмөтүнө ритуалдык кызматтарга кеткен чыгымдарды да төлөп берүүнү сунуштап, жок дегенде миграцияга кетип жаткан жарандардын өмүрүн камсыздандыруу керектигин айтып коңгуроо кагышууда.

2013-жылы 200дөн ашык сөөк келген...

Деген менен Кыргызстан социал-демократтар фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева өкмөттүн сөөк жеткирүүдөгү жол чыгымдарын төлөп жатканына шүгүр кылууга чакырды:

- Биздин жарандар каза болгондон кийинки ритуалдык чыгымдарды өкмөт төлөп берсин деген пикирге кошула албайм. Анткени өкмөт ансыз деле жол чыгымдарын төлөп жатат. Орусияда бирин-бири өлтүргөн мекендештерибиз толуп жатат. Анан ошолордун баарын эле мамлекеттин мойнуна үйө берсек кандай болот? Андан көрө ошондой кырсыктардын алдын алышыбыз керек.

“Замандаш” ассоциациясынын жетекчиси Майрамбек Жапанов ритуалдык кызматка кеткен чыгымдарды төлөөдөн мурда жол чыгымдарын төлөп берүүдөгү бюрократияны азайтуу керектигин айтууда.

- Калкты ишке орноштуруу борборунун комиссиясынын ишине нааразы жарандарыбыз көп болуп жатат. Жол чыгымдарына кеткен 20 миң сом алыш үчүн айлап чуркап жүрүшөт. Алар он чакты документ талап кылышат экен. Айрымдары жыл бою чуркап акыры ала албай калган учурлар да жок эмес. Биз биринчи ушул жол чыгымдарын төлөп берүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрсөк жакшы болот эле.

2013-жылы Кыргызстанга Орусиядан 200дөн ашык мигранттын сөөгү алынып келинген. Маркумдардын жол чыгымдары үчүн жылына 2 млн. сомго жакын акча бөлүнөт. Өкмөттүн токтомуна ылайык авиакомпаниялардын ичинен “Кыргызстан” жана “Эйр Бишкек” гана 200-жүктү акысыз алып келет.