Балдары ооруган мигранттардын түйшүгү

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын балдары медициналык камсыздандырууга муктаж.

2017-жылдан тарта Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында Орусияда эмгек келишиминин негизинде расмий иштеген кыргызстандыктарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ОМС) бериле баштаган.

Бул полис кыргызстандыкка орусиялык ооруканаларда бир катар жеңилдиктер менен медициналык жардам алууга, дарыланууга мүмкүндүк берет.

ЕАЭБдин келишиминде «эмгекчи мигрант жана анын үй-бүлөсү» деп көрсөтүлгөн менен медициналык камсыздандыруу полиси мигранттын балдары үчүн каралган эмес. Тагыраак айтканда, мигрант ата-эненин медициналык полиси балдарына колдонулбайт.

Дагы караңыз Камсыздандыруу мигрант санаасына айланды

Москвада үй-бүлөсү менен жашап иштеген Абдыжапар Жороев ушундан улам мирганттар балдарын дарылатууда, мектепке керектүү анализдерди тапшырууда жеке клиникаларга кайрылууга мажбур болуп, ашыкча чыгым тартып жатканын айтты:

«Ата-энелер балдарына медициналык полис алуудан кыйналып жатышат. 2004-2005-жылдары баланы жашаган жериндеги каттоосу менен мектепке алып барсак эле кабыл алышчу. Ошол жактагы поликлиникага бекер бекитип койчу. Азыр мектепке алыш үчүн эле сөзсүз бир нече медициналык текшерүүдөн өтүүнү талап кылып, анан медициналык камсыздандыруу полисин сурайт. Жеке менчик клиникага барсаң, ар бир анализге эле миң рублдан төлөп чыгасың».

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык учурда Орусиянын аймагында 713 миңден ашуун кыргызстандык миграциялык каттоодо турат. Алардын дээрлик 13 пайызын жашы 17ге толо элек балдар түзөт.

Төрт жылдан бери Москвада мигранттардын балдарын мектепке даярдаган «Билим» борборун иштеткен Максатбек Абдуназар уулу мигрант ата-энелердин түйшүгү менен жакшы тааныш. Жогорку экономика мектебинин бүтүрүүчүсү маселе эр аралык келишимдер менен Орусиянын ички мыйзамдары шайкеш келбегендиктен чыгып жатканын билдирди:

Максатбек Абдуназар уулу.

«Эмгек келишими бар мигранттар медициналык жактан камсыздандырылган. Бирок мигранттардын балдары эсепке алынбай калган. Ошол эле кезде ЕАЭБдин келишиминде «мигрантка жана анын үй-бүлөсүнө социалдык, медициналык камсыздандыруу каралат» деп көрсөтүлгөн. Келишимде бул маселелер макулдашылып, бирок аны иш жүзүнө ашырууга керектүү мамлекет ичиндеги нормативдик акттылар кабыл алынбай, аягына чыгарылбай калган. Ата-энелер азыр балдарына ыктыярдуу түрдө алынчу медициналык полис алып жатышат. Бирок бул полис көп чыгымдарды жаппайт. ОМС алалы дешсе, камсыздандыруучу компаниялар «Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин тартиптери боюнча мигранттардын балдары каралган эмес» деп туруп алышат. Муну ЕАЭБдин алкагында акырына чейин макулдашып, ар тараптуу иштеп чыгыш керек».

Орусияда мигранттар балдарын бала бакчага, мектепке берүүдө да кыйла кыйынчылыктарга туш болушат. Москвада мигранттын баласын бакчага орноштуруу дээрлик мүмкүн болбогондуктан, өз алдынча батирлерде бала багуу кызматын уюштуруп алгандар бар. Ошондой эле атайын мигранттардын балдарына ылайыкталып ачылган бакчалар иштейт.

​«Kids Club» бала бакчасын негиздеген Нургүл Эндешова мигранттардын балдарын мектепке даярдоо, тил үйрөтүү маселеси жеке демилгелердин жардамы менен кыйла жеңилдетилсе да балдардын саламаттыгы каралбай жатканын моюнга алды:

Нүргүл Эндешова.

«Өзүмдүн балам мектепте каратэден колун оорутуп алыптыр. Ооруканага барсак, биринчи жардам көрсөтүштү. Бирок «ОМСи жок» деп дарылоодон баш тартышты. Мамлекеттик эмес, жеке менчик компаниялардын ОМСи бир жылга эле 35-50 миң рублга чейин турат. Анда да медициналык кызматтардын баары камтылбайт, ОМСтин баасына жараша көрсөтүлөт».

Мигранттарга укуктук жардам көрсөткөн Гулиза Акматсияева акыркы кезде эмгек миграциясына балдарын ээрчите чыккан мекендештер көбөйгөнүн айтууда. Ал мигранттардын ар бири балдарын дарылатууда, мектепке берүүдө жана күнүмдүк турмушунда бул кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын кошумчалады:

Гулиза Акматсияева.

«Балдар өз убагында бир ооруканага катталып, жаш курагына жараша анализдерди тапшырып, эмдөөдөн өтүп турушу керек. Баланын саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу зарыл. Камсыздандыруу жок болсо, ооруканалар карабайт. Жеке клиниканын кабыл алуусу эле 1200 рублдан жогору. Азыр балдары менен ишке келген аялдар аябай көп».

Орусияда эмгек мигранттарынын балдары, жаш курагы, орусиялык мектептерде билим алганы тууралуу өзүнчө статистика жүргүзүлбөйт. Анткен менен мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеңилдиктер жалаң эле ЕАЭБдин келишимдеринин алкагында каралган эмес, Орусиянын мыйзамдары да чет өлкөлүк балдардын билим, медициналык жардам алуу укугун чектебейт.

Акыркы убакта Улуттук изилдөө университетинин Жогорку экономика мектебинде миграция боюнча изилдөөлөрдү жетектеген илимий кызматкер, социолог Екатерина Деминцева мигранттардын балдарына байланыштуу бир топ маселелер «адамдык фактордон» көз каранды экенин түшүндүрдү:

Екатерина Деминцева.

«Маселе биринчи кезекте мигранттар Орусиянын мыйзамдарын жакшы билбей, өздөрү чет өлкөдө болсо да кандай укуктары бар экенине ишенбей жатышканында. Миграцияга балдарын алып келүүгө алдын-ала даярданган ата-энелер адатта көп кыйынчылыкка дуушар болушпайт, балдары да тез көнөт. Экинчи маселе - бул мигрантты кабыл алган мамлекеттин ошол эл аралык келишимдерди, өзүнүн мыйзамдарын, мигранттын укуктарын коргоого даярдыгы же даяр эместиги. Бул маанилүү нерсе. Үчүнчүсү - ооба, мигранттардын балдары тууралуу бир топ мыйзамдар, келишимдер акырына чейин иштелип чыккан эмес, алардын укуктары так көрсөтүлгөн эмес. Мигранттардын кандайдыр бир бөлүгү балдары менен ишке келип жаткандан кийин бул маселе да каралышы керек».

2010-жылдарга чейин Орусияда чет өлкөлүктөрдүн балдары эч тоскоолдуксуз жашаган жери боюнча жергиликтүү бейтапканага каттоого алынып, бир катар медициналык жардамдар акысыз көрсөтүлүп келген. Кийин чет өлкөлүк мигранттарга милдеттүү жана ыктыярдуу медициналык камсыздоо полистери киргизилгенден кийин ооруканалар мигранттардын балдарын кабыл алуудан баш тарткан.

Учурда Орусияда мигранттар балдарын миграциялык каттоого коюуда да бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушат. Орус мыйзамдарына ылайык жашы толо эле балдар ата-энеси каттоого турган жерге автоматтык түрдө катталышы керек, алардын Орусияда жүрүү убактысы да ата-энесинин эмгек келишиминин мөөнөтүнө байланыштуу болот. Бирок Орусияга ата-энесинен кийин келген мигранттардын балдарын миграциялык каттоого алуунун шарттары так көрсөтүлгөн эмес. Бул да бир топ кыйынчылыктарды жаратып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.