Бир ай мурун Орусиядан келген дарыгер Гүлбахар Кошоева «Семетей» обсерваторунда иштеген. Ал азыр Орусияга кайта албай жаткан ондогон дарыгердин бири.
«Жарандыгы бар кесиптештерибиз Орусияга кетишти, - дейт ал. - Бирок биз кете албай жатабыз. Айрымдары билет да кымбат экенин айтып жатышат. Орусиянын жарандыгы болгондору деле билетти 29 миң рублга сатып алып жатышат. Ал билетти деле төлөйлү десек, чек ара маселеси чечилбей турат. Мен өзүмдүн ордума башка адамды таштап кеткен элем. Азыр ал иштеп жатыптыр».
Кыргызстанда июнь, июль айларында вирус күчөп, дарыгерлер жетишсиз болуп жатканда Орусияда иштеп жүргөн бир нече дарыгер ыктыярдуу түрдө Кыргызстанга келип иштеген.
Дагы караңыз «Кызыл зона»: Жардам медиктерге тегиз тийген жок100гө жакын ыктыярчы дарыгер Орусиядан мекенине үч этап менен жеткирилген. Москвадан ыктыярчы медиктерди топтоп келген Нургүл Камбаралиева алардын айрымдары мекенинде иштеп калып, кээ бири Орусияга кайтканга аргасыз болгонун айтты:
«Биринчи партияда 26, экинчиси 43, үчүнчүсүндө 23 адам келген. Биринчисинде онго жакын эле адам кайра кетерин айткан. Алардын жол киреси төлөнгөн болчу. Калган кайткандардан айрымдары кайтышы керек болуп калды. Себеби, иш орду ошол жакта. Кээ бири пандемияда бул жакта иштеп, мекендештерге жардам берерин айтып калып калды. Мисалы, айылдарына барып жардам көрсөткөнү калып калган медайымдар, дарыгерлер да бар».
Өз чөнтөгүбүздөн төлөп эле кете беребиз. Себеби, ишибизге тез арада кайтышыбыз керек.
Орусияга кайта албай жаткан медиктердин арасында реаниматолог-анестезиолог, невролог, кардиолог сыяктуу адистер бар. Тогуз дарыгер азыркы тапта Москва менен Санкт-Петербургдагы иш орундарынан мөөнөтсүз, акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүн алып, бийликтин чечимин күтүп жатат. Алардын бири, 12-июлда Кыргызстанга келген Мекен Абдалиев:
«Биз Кыргызстанга кайтып жатканда эле элчиликке тогуз киши кат менен кайрылганбыз. Анда «кайра ишибизге кайтышыбыз керек» деген өтүнүч жазылган. Биз чынында жол кирени же башка колдоону деле талап кылганбыз жокпуз. Өз чөнтөгүбүздөн төлөп эле кете беребиз. Себеби, ишибизге тез арада кайтышыбыз керек», - деди.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ыктыярчы дарыгерлердин эмгегин баалап, алардын маселеси жакын арада каралаарын билдирди:
«Ыктыярчы дарыгерлер Кыргызстанга өтө керектүү маалда кайтышты. Алар тынбай иштеп, жардам беришти. Бирок ыктыярдуу деп аты айткандай, алар өз каалоосу менен келишкен. Ал эми алардын кайтуу маселесин Тышкы иштер министрлиги чечиши керек. Биз да өз атыбыздан кайрылуу жиберип, караштырганга аракет кылабыз».
Орусия менен Кыргызстандын ортосунда туруктуу аба каттамы ачыла элек. Кыргыз бийлиги орус тарапка утурумдук каттамдарды жандантууну июль айында сунуш кылган, азырынча Орусия оң жооп бере элек.
Элчиликтин өкүлү Алмаш Алтымышева тиешелүү категорияларга туура келген жарандар гана Орусияга кире аларын билдирди:
«Орусия чек араны бардык чет элдик жарандар үчүн жаап салган. Мындай шартка Кыргызстан эле эмес, башка коңшу өлкөлөр да туш болду. Азыр Орусияга Кыргызстандан орус жарандыгы барлар, алардын балдары, ата-энелери, жубайлары бара алышат. Орусиядагы ооруканага дарыланыш үчүн бараткан жарандын колунда клиниканын чакыруусу болууга тийиш. Мындан тышкары туруктуу жашоо укугун алган кыргызстандык жарандар, оорукчан тууганын караш үчүн бараткан адамдар да Орусияга кире алышат».
Дагы караңыз Дарыгерлердин дарманы менен арманыОрус бийлигинин талабына ылайык, жогорудагы категорияларга кирген адамдардын колунда акыркы үч күндүн ичинде тапшырган ПЧР анализинин жыйынтыгы болушу керек.
Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларынан Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына учактар каттайт. Каттам 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин, күнүнө бир же эки жолу болот.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1061 кишиге жетти.
Өлкөдө коронавирус жугузгандар 44 403ди түздү, анын 39826сы айыкты.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.