Референдум боюнча үч багытта үгүт башталды

Мурунку референдумдан бир көрүнүш. 11-декабрь, 2016-жыл.

Кыргызстандын башкаруу ыкмасын аныктоо боюнча референдумга карата үгүт жүргүзүүчү 14 топ катталып, мамлекеттик телеканалдардан акысыз үгүт жүргүзө баштады. Ал арада парламенттик башкаруу формасын сактап калууну көздөгөн «Парламентаризм» кыймылы түзүлдү.

Тең тийбеген убакыт

10-январга дайындалган референдумда Кыргызстандын башкаруу ыкмасын аныктоого үгүт жүргүзө турган 14 топ БШКдан каттоодон өтүп, ишин баштады. Алардын ичинде президенттик башкаруу формасы үчүн «макул» деп үгүттөөчү сегиз, президенттик башкаруу формасына «каршы» - бир, парламенттик башкаруу формасы үчүн «макул» деп үгүттөөчү үч, бардык варианттарга каршы эки үгүт тобу бар.

28-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясында референдумга үгүт жүргүзүүчү топторго телерадиоберүүлөрдө акысыз эфирдик убакыт бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак кармалды. Ага ылайык, 28-декабрдын кечинен тартып эле Коомдук телеканал аркылуу үгүт иштери башталды. Бирок үгүтчүлөр мамлекеттик телеканалдардан акысыз убакыттын топторго карата бөлүштүрүлүшүнө канааттанбаганын билдиришүүдө.

Президенттик башкарууга «макул» тобунун жетекчиси, Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова жеке маалымат берүүдө да, дебаттарда да эфирдин убактысы бөлүнүп, ар бир топко саналуу гана мүнөттөр берилип калды деген нааразылыгын «Азаттыкка» билдирди:

Нурипа Муканова.

«БШК биздин укуктарыбызды кесип, президенттик башкарууга «макул» деген топтун баарын бир топ катары санап, эфир убактысын бир топко гана ылайыктап берип жатат. Мисалы, 1,5 сааттык дебат учурунда «парламенттик башкарууга макул» же «баарына каршы» топ 45 мүнөттөн үгүт жүргүзсө, биз жалпы сегиз топко 45 мүнөт берилип жатат. Бул акылга сыйбаган көрүнүш болуп жатат. Бизде жеке менчик телеканалдарга акча төлөп, үгүт ишин жүргүзүүгө ашыкча каражат жок. Болгон үмүтүбүз теледеги акысыз үгүт сааттарында эле».

Телеканалдардан берилген акысыз убакыттын аздыгын парламенттик башкаруу формасын жактаган топтун жетекчиси Дастан Бекешев да айтты:

Дастан Бекешев.

«28-декабрда топтон беш мүчө барып, парламенттик башкаруу формасынын артыкчылыктары тууралуу айтып бердик. Бүгүн (29-декабрда - ред.) ЭлТРда дебат башталат. Азырынча муну толук үгүт деп айтуу кыйын. Анткени телени бирөө көрөт, бирөө көрбөйт дегендей. Социалдык тармактарда, жеке телеканалдар аркылуу үгүт жүргүзүү өтө кымбат болуп жатат».

Дастан Бекешев топтун фондунда азыраак акчасы бар экенин айтып, жыл жаңырган соң жер-жерлерге чыгып, үгүттөө иштери болорун кошумчалады.

«Бардыгына каршы» топтун жетекчиси Рита Карасартова референдумга үгүт жүргүзүш үчүн мамлекеттик телеканалдардан берилип жаткан акысыз убакыт КТРК, ЭлТр каналдарынан башка учурда кетип жаткан саясий талкууларынын алдында алсыз болуп жатат деген пикирин «Азаттыкка» билдирди:

Рита Карасартова.

«Бизге 30-40 мүнөттү бир нече топко бөлүп берип жатышса, ошол эле учурда «Ой ордо» сыяктуу саясий талкууларында президенттик башкаруу формасын бир беткей жактап, ага каршы чыгып жаткан бизди каралоо өнөктүгү жүрүп эле жатат. Ушундай эле бир жактуу талкуулар башка мамлекеттик телеканалдарда да болуп жатканын көрүп атабыз».​

«Парламентаризм» кыймылы түзүлдү

Жакында парламенттик системанын жактоочулары аны сактап калуу аракетинде «Парламентаризм» кыймылын түзүштү. Кыймылды түзүү туурасында жарандык активисттер демилге көтөрүшкөн.

28-декабрдагы кыймылды түзүү иш-чарасына экс-президент Роза Отунбаева, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган бир катар саясатчылар да катышкан. Анда чыгып сүйлөгөн Роза Отунбаева парламенттик башкаруу - демократияны курууга багыт экенин белгиледи:

Роза Отунбаева.

«Парламентаризм - чыныгы демократия. Биз, Кыргызстан ага жеткиче али далай ашуу, бел, канча кыйынчылык бар. Биз ошого чыдашыбыз керек. Мына, жашым 70ке келген мени «жөн эле ысык чайыңызды ичип отуруңузчу» деп зекип атышат. Бирок ушундай башаламан өлкөнү кантип калтырабыз? Бири-бири менен урушуп, тытышып аткан өлкөнү үйдө отуруп алып, кантип теледен тынч карап отурабыз? Мына, Өмүрбек да кайра түрмөгө кирип калуу коркунучу турса да, тайманбай күрөшүп жатат. Парламентте саналуу депутаттар бар. Жарандык активисттер силер барсыңар, силерге таазим».

Демилгечилер «Парламентаризм» кыймылы узак мөөнөттүү максат менен түзүлгөнүн, референдумдан кийин да идеясын, ишин уланта берерин айтышууда.

Мамлекеттик башкаруу формасы референдумга коюлуп, үгүт жүргүзүлүп жаткан кезде Конституциянын өзгөртүлгөн долбоорунун биринчи варианты талкууланып жатат. Аны Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү секцияларда талкуулап жатканын кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 28-декабрда «Азаттыкка» кабарлады:

«115 берененин баарын жалпы жыйынга алып чыкканда өтө татаал болот экен. Ал жердеги 100гө жакын киши бири-биринин сөзүн укпайт. Ошондуктан биз биринчи вариантты секцияларга чыгарып атабыз. Секцияларда болсо 20-30дан киши бар».

Конституциялык кеңешме өз ишинин биринчи баскычын бүтүрүп, Баш мыйзамдын алгачкы вариантын иштеп чыкканын 11-декабрда жарыялаган.

Кеңешмеде «Конституциялык түзүмдүн негиздери», «Жарандын жана адамдын укуктары жана эркиндиги» жана «Мамлекеттик бийлик органдары» аттуу үч секция түзүлгөн.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Анын 98 мүчөсү бар.

Дагы караңыз Референдум: үч багыттагы үгүтчү топтор

Конституцияны өзгөртүү жана башкаруу системасын алмаштыруу маселеси быйыл октябрь окуяларынан кийинки бийлик алмашкан соң көтөрүлдү. Алгач жалпы элдик референдумга Конституцияны өзгөртүү маселесин коюуну көздөгөн бийлик, жарандык активисттердин сынынан кийин элдин тандоосуна өлкөнүн башкаруу формасын алмаштыруу маселесин коюуну сунуш кылды.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.

Ага ылайык, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик башкаруу системасын тандоочу референдум өткөрүлөт. Анда жарандардын тандоосуна Кыргызстандагы башкаруу формасы: «президенттик», «парламенттик», «баарына каршы» деген варианттар добушка коюлат.