Атаандаштыкты артка тарткан коррупция

Швейцариянын Граубүнден кантонундагы Давос шаарында 22–25-январда Дүйнөлүк экономикалык форум болуп өттү.

Давос форумунун алкагында жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында, Кыргызстан экономикалык кудурети боюнча дүйнөдө 121-орунга илинди. Ал эми алтындын дүйнөлүк баасы 15 долларга кымбаттады.
Кыргызстанга окшош тоолуу Швейцариянын Давос шаарында 22–25-январда Дүйнөлүк экономикалык форум болуп өттү. Белгилүү Давос форумунун алкагында дүйнө өлкөлөрүнүн экономикалык атаандаштык дарамети тууралуу изилдөө жарыяланды. Ал изилдөөдө 148 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да камтылды.

Экономикалык атаандаштык дарамети боюнча изилдөөгө мурдагы Советтер Союзунун 11 өлкөсү кирген. Серепте камтылган 148 өлкөнүн ичинен биринчи орунду Швейцария, акыркы сапты Африкадагы Чад ээледи. Мурдагы советтик республикалардын ичинен Эстония – 32, Азербайжан – 39, Литва – 48, Казакстан – 50, Латвия – 52, Орусия – 64, Грузия – 72, Армения – 79, Украина – 84 жана Молдова – 89-орундарга илинген.

Талдоонун жыйынтыгында, Кыргызстан 148 мамлекеттин ичинен 121 - орунда. Былтыр ушул эле изилдөөдө Кыргызстан 127- сапты ээлеген. Серепте экономикалык атаандаштыкка тиешеси бар 12 фактор кеңири изилденген.

Давостук изилдөөчүлөр Кыргызстанда сурамжылоо өткөрүшүп, экономикалык атаандаштыктын дараметин өнүктүрүүгө тоскоолдук берген факторлордун ичинен коррупция эң жогорку сапта экенин аныкташкан. Кийинки эки орунга мамлекеттеги туруксуз абал жана мыйзамдардын тез-тез алмашуусу илинген. Изилдөөдө камтылган айрым факторлорго токтолсок.

Жалпы дүң өнүмүнүн көлөмү боюнча, Кыргызстан 127-орунда. Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн ичинде, өкмөттүк карыз боюнча 148 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 88-сапта, ал эми мамлекеттик бюджеттин балансы боюнча 127-орунга илинди. Бизнес ачуу боюнча Кыргызстан дүйнөдө 3-сапта болгону менен, анти-монополиялык мыйзамдардын эффективдүүлүгү боюнча 140-орунда.

Айлык акылардын өлчөмү боюнча, Кыргызстан 35-сапта. Эмгек базарындагы аялдар менен эркектердин катышы боюнча 96, жеке менчикти коргоо жана юридикалык көз карандысыздык көрсөткүчтөрүндө 140-орунду ээледи. Уюшкан кылмыштуулук боюнча 123-сапта. Саясий факторлордо Кыргызстан эң төмөнкү саптарга илинди. Мисалы, саясатчыларга болгон элдин ишеним көрсөткүчүндө Кыргызстан 128, ал эми паракорлук боюнча 134-сапта.
Бизнес ачуу боюнча Кыргызстан дүйнөдө 3-сапта болгону менен, анти-монополиялык мыйзамдардын эффективдүүлүгү боюнча 140-орунда.

Каржы базары көрсөткүчтөрүндө Кыргызстан 131-орунда. Технология жана илимий инновациялар боюнча 138–139, орто билимдин сапаты боюнча 113-орунда. Саламаттыкты сактоо тармагы 148 мамлекеттин ичинен 97-сапта. Жолдордун сапаты боюнча 133, авиация тармагы 128-сапта.

Атаандаштык жана авиация демекчи, Кыргызстандын ички аба каттамдар базарында атаандаштык күч алып, тейлөө айдыңына кирип келген жаңы авиакомпаниялар билеттердин баасын арзандатуусу айрым авиаишканаларды рейстерин азайтууга мажбур кылды. Алардын бири былтыр 1-августа иштеп баштаган "Тез Жет". Аталган ташуучунун директору Алик Аскаровдун айтышынча, “Тез Жет” атаандаштыктан улам, Бишкек – Ош каттамдарын аптасына жетиден үчкө кыскартты.

Кээ бир кыргыз авиакомпаниялары күчөгөн атаандаштыкка жооп иретинде бир нече чечкиндүү кадамдарга барды. Кыргызстанда катталган айрым авиаишканалар ашыкча чыгымдарды кыскартууга киришти. Мисалы, "Эйр Кыргызстан" үч вице-президенттин бирөөнү гана калтырды жана майда бөлүмдөрдү ирилештирди. Мындай кадамдар курчуган атаандаштыкка туруштук берүүгө шарт түзөрүн жана реформа Европанын аба мейкиндигине учууга тыюу салган "кара тизмеден" чыгууга өбөлгө түзөрүн авиаишкана маалымдады.

"Эйр Кыргызстандын" Боинг–737-500 учагы, "Манас" аэропорту, 13-июнь 2013-ж.

Аны менен бирге "Манас" эл аралык аба майданын континенттер аралык авиатүйүнгө айлантуу максатында, жазында Дүйшөмбү – Бишкек – Стамбул жана Yрүмчү – Бишкек – Стамбул транзиттик рейстери ачылаары пландалууда. Кытайдан товар ташыган кыргызстандык ишкерлерге көмөк иретинде Ош – Yрүмчү жана "Дордой" базарынан товар ташыган Тажикстандын Согди облусунун соодагерлерине Бишкек – Хожент авиакаттамдарын жандантуу каралууда. Бул тууралуу "Эйр Кыргызстан" кабарлады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Атаандаштык боюнча Кыргызстан 121-орунда



"Кыргызнефтегаз" кайрадан алдыңкы сапта

Дүйнөлүк базарларга учкай көз чаптырсак. Алтын акыркы жума ичи 15 долларга кымбаттап, учурда 1256 доллардан сатылып жатат. Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акцияларынын куну төмөндөдү. Азыркы тапта "Центерранын" баалуу үлүш кагаздары 34 центке арзандап, бир акциянын наркы – 4 канада доллары 16 центти түздү. Чийки мунай бир долларга көтөрүлүп, баррели 96 доллардан сатылууда.

Бишкектеги баалуу кагаздар рыногундагы сооданын көлөмү акыркы апта ичи азайып, 1 миллион 383 миң сомго барабар болду. Сатылган үлүш кагаздарынын соода көлөмү боюнча, "Кыргызнефтегаздын" акциялары 1 миллион 175 миң сом менен эки жумадан бери баарынан алдыда.