Темир Сариев

"Ак Шумкар" партиясынын жетекчиси, Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы. 54 жашта, кесиби боюнча экономист.

Президенттикке талапкер Бишкектеги спорттук мектепти аяктаган, эркин күрөш боюнча машыккан. 54 жаштагы саясатчы азыр да спорттук формасын жогото элек, турникке ыкчам тартылып, килем үстүндөгү күрөштөн качпайт.

Талапкердин колдоочулары Сариевдин спорттук ышкысын атын чыгарууга ыктуу пайдаланып келишет, эркинин бекемдиги менен спортчунун тартиптүүлүгүн баса белгилешет.

Сариев чоң саясатка 2000-жылдан тарта активдүү аралашты, бул жылы ал биринчи ирет Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

2005-жылы Аскар Акаевди бийликтен кеткенден кийин Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.

2007-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламентке өтпөй калган, бир жылдан кийин «Ак Шумкар» партиясын түптөгөн.

Бул партия 2010-жылкы парламенттик шайлоодо 3% жетпеген гана добуш топтой алды.

2011-жылдын аягынан 2015-жылга чейин Темир Сариев үч өкмөт башчынын тушунда экономика министри болуп иштеди, аягында өзү да өкмөт башчылыкка жетти.

Кыргызстандын ЕАЭБге киришин жактаган жетекчилердин бири, 2015-жылдын 12-августунда интеграцияга кошулган республиканын чек арасын салтанаттуу түрдө ачкан.

«Салт» болуп калгандай Сариев өкмөтү бир жылдай гана жетектеди. 2016-жылдын жазында Сариев «Балыкчы-Корумду» автожолунун курулушуна байланышкан чатактан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Транспорт министри Аргынбек Малабаев Сариевдин айланасындагы адамдар кытайлык «Лонг Хай» компаниясынын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн деп айыптаган.

2016-жылы апрелде премьерликтен кеткенден бери саясатчы бир да кызматты ээлей элек, президенттик шайлоонун даярдыктары башталганда биринчилерден болуп шайлоо штабын түзүп, президенттикке №1 талапкер болуп катталган.

("Азаттыктын" архивинен)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сариев: Тазалыгымды далилдөөгө кудуретим жетет

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.