Өмүрбек Бабанов

Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын жетекчиси, мурдагы өкмөт башчы, 47 жашта.

Таанымал саясатчы Өмүрбек Бабанов үч багыттагы үч жогорку билимге ээ. Ал агроном, финансы менежери жана юрист. Билими жана жеке сапаттары Бабановдун ири бизнес империясын түзүүгө, ошондой эле өлкөдөгү эң бай адамдарынын катарына кирүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бирок декларациясын карасаңыз анын ээлигинде 324 чарчы метрлик жалгыз үйү жана бир жылда тапкан 1 миллиондон ашуун сом айлыгы гана бар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аткаминерлердин бир жылдык кирешеси

Бабановдун баркы ал өкмөт башчы болуп турган 2012-жылы аябай өстү. Бул арада автоунааны ишеним кат менен айдоо, автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү жоюлуп, дагы башка майда реформалар жүргүзүлгөн.

Бул иштерди саясатчы 2015-жылкы парламенттик шайлоо учурунда ийкемдүү колдонуп, жыйынтыгында "Республика - Ата Журт" партиясы парламентте экинчи орунду камсыз кылды. Ушу тапта Бабанов КСДП партиясынын талапкеринин башкы атаандашы, социалдык медиада абдан популярдуу саясатчы болууда. Бабановдун Facebook баракчасы кыргызстандык колдонуучулардын ичинде 7-орунда турат.

Саясий ишмердигин Бабанов 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуудан баштаган. 2007-жылы КСДПнын шайлоо штабын жетектеп, партиянын тизмесинде биринчи орунда турган. Бирок шайлоого бир күн калганда сот аны казак жарандыгы бар деген жүйө менен атаандаштыктан четтетип койгон.

Бабанов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда биринчи вице-премьер-министрдин кызматын аркалаган. Бийлик алмашкандан кийин кыска убакыт ичинде «Республика» партиясын түзүп, аны парламентке алып өтүүгө жетишти. 2011-жылы өкмөт башчылыкка жетишип, бирок ал кызматта болгону тогуз ай гана иштеди.

"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев Бабановду Islander One деген англис породасындагы күлүк атты түрк ишкеринен парага алган деп айыптап чыккан.

("Азаттыктын" архивинен: 30.12.2014)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бабанов: Убаданы аткарууга убакыт беришпеди

2015-жылы Бабанов парламенттик шайлоо алдында бириккен "Республика-Ата Журт" партиясын парламентке алып келди. Президенттик шайлоо алдында саясатчы дагы бир жаңжалга кабылды, анын жакындары Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан Бишкекте соода борборун курууга 17 миллион доллар насыя алганы ачыкка чыгып кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.