"Чет өлкөлөр менен кыргыз достук коомдору" биримдигинин президенти, парламенттин үч жолку депутаты Арсланбек Малиев президенттик шайлоого экинчи ирет талапкер катары катышууда. 2011-жылы кыргыз тили боюнча тесттен өтө албай калып, БШК аны талапкер катары кылып каттоодон баш тарткан. Быйылкы тил сынакта Малиев 64 упай топтоду.
Жогорку Кеңештин алгачкы үч чакырылышынын депутаты. 2005-жылы кышында Ысык-Көл облусундагы Тоң шайлоо округунда бийликтин талапкери шайлоодо жеңгенде Малиевдин тарапкерлери Балыкчы-Каракол жолун төрт күн бою бууп салышкан. Экинчи жолу шайлоо өткөрүлүп, Малиев депутаттык мандат алган.
2007-жылы партияда жоктордун «Аалам» партиясын уюштуруу комитетинин башчысы. Кийин партиялаштары аны 2011-жылы президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөтүшкөн. 2015-жылы парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде №33 турган.
2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Аалам" партиясы 0,41% добуш алган.
Малиев жогорку билимди Украинада алган, Харьковдогу Тамак-аш академиясын бүтүргөн. Андан кийин ал Украинанын Тышкы экономикалык байланыштар жана маалымат институтунун аспирантурасына өткөн.
Малиев эмгек жолун 1979-жылы коомдук тамактануу тармагынын Бишкек шаардык бөлүмүндө инженер-технолог болуудан баштаган.
1984-1990-жылдары республикалык "Кыргыз тышкы соода" бирикмеси менен Бишкек коомдук тамактануу шаардык бирикмесинин "Нарын" тамак-аш комбинатынын жетекчиси болуп иштеген.
1990 - 2007-жылдары туристтик бирикменин президенти, холдинг компаниянын башчысы, ишканалар бирикмесинин жетекчиси болуп иштеген.