Кыргызстандагы эки революциянын "кыймылдаткычы" атыккан Азимбек Бекназаров 2011-жылдын августунда президенттик кызматка ат салышпастыгын айтып, «президент болуу чоң жоопкерчилик» экенинен улам ушундай чечимге келгенин бышыктаган. Арадан алты жыл өткөндөн кийин Бекназаров баарын өз колуна алууну чечип, "улуттук мамлекет курууга" жана "кыргыздардын кайра жаралышын ишке ашырууга" бел байлап отурат.
("Азаттыктын" архивинен: 31.03.2016)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бекназаров эмгек жолун совхоздогу жумушчулуктан баштаган. Кесиби боюнча юрист. 1984-1999-жылдары сот аткаруучу, тергөөчү жана сот болуп иштеген. 2000-жылы Бекназаров Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган соң саясатка баш-оту менен кирген.
Бекназаров Кыргызстан менен Кытай чек арасынын делимитациясына каршы чыгып, президент Акаевди Каркыра жайлоосун кытайларга берип салды деп сындап чыккан. Бийлик Бекназаровду 1995-жылы тергөөчү болуп турган кезиндеги кызматынан кыянат пайдаланган деп айыптап, камакка алган. Бул Аксы районунда массалык нааразылыктарды тутанткан.
Тарыхта "Аксы окуясы" деп калган Акаев режимине каршы чыккан биринчи массалык нааразылыктарда алты адам атып өлтүрүлүп, 90 ашуун киши жарадар болгон.
2005-жылы бийлик алмашкандан кийин Бекназаров Башкы прокуратураны жетектеди, андан түшкөндөн кийин оппозицияга кошулган. 2010-жылкы революциядан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп, укук коргоо органдарын көзөмөлдөгөн. Ошол эле жылкы парламенттик шайлоодо Бекназаров жетектеген БЭК партиясы 1% добуш алган.
Бул жолу шайлоодо Бирдиктүү улуттук-патриоттук күчтөрдүн атынан чыгууда. Курултайда саясатчы шайлоо программасынын айрым бөлүктөрүн ачыкка чыгарган. Ал Баш мыйзамга «улуттук мамлекетти» куруу, «кыргыздардын улут катары кайра жаралуусун ишке ашыруу» жобосун кайтарууну убада кылат. Ошондой эле Бекназаров «Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз» идеясын жок кылууну, паспортко улутун көрсөткөн графаны калтырууну талап кыларын билдирген.