ЖЭБ: Аварияга алып келген "алдооч баштык"

Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептери боюнча жаңы жагдайлардын бети ачыла баштады.

Борбордун кызматтан алынган жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу долбоордогу химиялык тазалоо цехинин курулбай калганы суунун жетишсиздигине алып келгенин айтып, бул жагдай башында коомчулуктан жашырылганын айтып чыкты.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков авариянын себебин насостордун бири жарактан чыкканы менен түшүндүргөн. Алты миллион долларга чукул бааланган химиялык цехтин эмне себептен курулбай калганын азыр депутаттык комиссия териштирүүдө.

Долбоор боюнча жооптуу кызмат адамдары улам бир жоромолдорун айтып, жоопкерчиликти түшүнүксүз жагдайларга оодарып жатышат. Ошондой эле долбоор боюнча жаңыланган борборго алынган жабдуулардын, буюм-тайымдардын жана курулуш материалдарынын баалары бир канча эсе кымбат көрсөтүлгөнү аныкталган.

ЖЭБдеги кырсык: жашырылган версия

Бишкек Жылуулук электр борборунун кызматтан алынган жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу авариянын себептерин иликтөө боюнча өкмөткө караштуу мекеме аралык комиссия калыс иликтеп, бейтарап тыянак чыгарууга кызыкпайт деп эсептейт. Ал депутаттык комиссиянын жыйынына катышып, авариянын чыныгы себептери катары курулуш долбоорунун толук бүтпөй калганын атады:

Маалымат коомчулукка чыгып кетпесин деп башында насосту "күнөөлөп" чыгышты. Мен ошондо "авариянын себеби химцех болду" деп ачык айтып чыктым.

- Авариянын башкы себеби - модернизацияланган Бишкек Жылуулук электр борборуна салына турган химиялык цех курулбай калган. Бирок ошол маалымат коомчулукка чыгып кетпесин деп башында насосту "күнөөлөп" чыгышты. Мен ошондо "авариянын себеби химцех болду" деп ачык айтып чыктым. 30-январда парламентте териштирүү болгондо мен "химиялык цех салынбай калып, жаңы станцияга да, эскисине да химиялык жактан тазаланган суу жетпей калып, авария ошондон болду" дегем. Ошондон бир күн өтпөй эле мени жумуштан бошотушту. Көйгөйдүн себеби - ошол салына турган химиялык блок курулбай калып, эски химиялык цехтин кубаттуулугу муктаждыкты канааттандырууга жетпей калган.Ал баштапкы техникалык тапшырма боюнча 386 миллион доллардын эсебинен курулушу керек болчу.

Көрүнбөгөн жоопкерчилик, көтөрүлгөн жетекчи

Бишкек ЖЭБинин жаңыдан дайындалган жетекчиси Андрей Воропаев буу казандардын иштешине суунун жетишпегени себеп болгонун ырастап, бирок кошумча жабдуу кошулбай калганын белгиледи. Андрей Воропаев кырсыктын чыгышына адам фактору себеп болгон деп билдирди:

- Бул жерде авария көбүнчө адам факторунун айынан болду. Башкача айтканда, жабдуу өз учурунда кошулган эмес. Мындай чечимди станциянын кезмет бөлүмү менен химиялык цехтин башчылары кабыл алышы керек болчу. Башкы инженер да жоопкерчиликтүү. Бирок ал ошол учурда көйгөйдү жөнгө салыш үчүн өз жагынан мүмкүнчүлүгүнө жараша иш алып барган. Андан сырткары бизде станциянын иштеши үчүн жооп берген инженердин орун басары бар. Ошондой эле башка да инженердин эки орун басары, бири мен болчумун, жабдууну оңдоого жооп бергенбиз. Жабдуунун ремонту боюнча бизге доомат болгон жок.

Бишкек Жылуулук электр борборунун кызматтан алынган жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу авариянын себептерин иликтөө туура эмес багытта баратканын айтып чыкты. Анда ал авариянын чыныгы себеби аныкталбай эле, өкмөт анын кесепеттери менен гана алпурушуп калганын белгиледи. Бирок буга чейин премьер-министр Сапар Исаков авариянын себебин насостордун бири иштен чыкканы менен түшүндүргөн болчу:

Сапар Исаков.

- Суу келбей калган. Насос иштеп жатканын аспап көргөзүп турган. Адистер анын бардык жагын карап, сууну куюп, кайра коё бергенде да ал иштеп кеткен эмес. Анан айласы кетип, адистер насосту ачышты. Насосту ачып караганда, адистер "ошол насостон кетиптир" деп жыйынтыкка келишти. Анан насосту ачып, кайра чогултуп, сууну коё беребиз дегенде от казандар тоңуп калган болот. Анткени ошол кезде суук болуп турган.

Курулбай калган химблок

Депутаттык комиссияда Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себеби катары химиялык цехтин курулбай калганы тууралуу анын мурдагы жетекчисинин айтканын эч ким жокко чыгарган жок. Тескерисинче, "тиешелүү кызмат адамдары эски блоктогу химиялык цехтин суусу жаңы блокту ишке киргизүүгө жетпей калган" деген ишенимге көбүрөөк ыкташты. Андыктан химиялык цехтин курулбай калышы авариянын негизги себеби катары көрүнүп калды.

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов баштапкы техникалык тапшырмада химиялык цехти куруу каралганын, бирок эмне себептен кийин ал курулбай калганын билбей турганын айтты. Салайдин Авазовдун айтымында, макулдашуудагы шарттарды аткарууну кийин келген жетекчилер көзөмөлгө алып турушу керек болчу:

Салайдин Авазов.

- Биз макулдашууну түзүп, техникалык тапшырмага керектүү талаптардын баарын киргизгенден кийин мен кызматтан кеткенмин. Бул эми ошол курулушту ишке ашыруу маалында көзөмөл кылып, текшерип бүткөрө турган иштер эле. Биз анын курулушуна кызыкдар болгонбуз. Ошол үчүн мен буга карата жооп берип жатам. Анан эми калганына Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорун башкаруу тобу жооп бериши керек эле. Биз техникалык тапшырмага киргизип, анын курулушу зарыл экенин белгилегенбиз. Анын баары макулдашууда турат. Ошонун негизинде азыр ТВЕА компаниясы кайра "бекер куруп беребиз" деп жатат. Эгерде макулдашууда жок болсо, анда азыр алар аны өз эсебинен салып берүүгө барбайт болчу.

Өзгөрүлмө көрсөтмөлөр

Ошол эле кезде авариянын чыныгы себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү макулдашууга киргизилип, бирок кийин бекитилген долбоорго химиялык цехтин курулушун киргизбей коюуга кимдердин кызыкчылыгы болгонун сурамжылашты. Бирок бул үчүн жоопкерчиликти ала турган кызмат адамдары табылган жок.

Өкмөткө караштуу мекеме аралык комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев да баштапкы тыянагынан кайтып, химиялык цехти куруунун зарылдыгы боюнча үн катты:

Аскарбек Шадиев.

- Химиялык тазалоо боюнча маселе бар. Эгерде ал болгондо жагдай башкача болот эле. Бул жерде жаңы курулган блок өзүнчө, эски блок өзүнчө болот болчу. Авария болгондо адистер сууну үнөмдөп, "эски буу казандар тоңуп калбасын, жылуу кезинде аларды жүргүзүп алалы" деп сууну ошол жакка айдап жатышты. Биз барганда эле ал жактан: "Эмне үчүн 4-блок иштеп жатат, ал эми 3-блокту эмнеге иштетпей жатасыңар?" деп суроо бергенбиз. Сууну эски блоктогу буу казандарга толтуруп, бирок ал жактан суу чыга баштагандан кийин аларды кайра токтотууга мажбур болуп, натыйжада убакытты уттуруп жиберишти. Башында техникалык тапшырмага жазылган экен. Бирок кийин кайра айнып, "эски химблок жетиштүү болот" дешкен экен. Анан 2017-жылы кайра "ошол химиялык цехти куруш керек" деген маселе болуптур.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Сайдулла Нышанов химиялык цехти куруу кандайча долбоордон чыгып калганы тууралуу түшүндүрмө берүүнү өтүндү. Анын айтымында, бул жагдай жаңылоого жумшалган 386 миллион доллардын максаттуу чыгымдалышы боюнча суроолорду жараткан:

Сайдулла Нышанов.

- Элде азыр "Ошол 386 миллион доллар туура сарпталдыбы же туура эмеспи?" деген суроо болуп жатат. Эгерде акча толугу менен муктаждыктарга туура сарпталса, анда эмне үчүн ошол химиялык цех курулбай калган? Анын айынан кышында жылуулук үзгүлтүккө учурап, эл кыйналып калды. Эгерде башында техникалык тапшырма катары анын курулушу макулдашууда бар болсо, кийин аны долбоордон чыгарып салууга эмне негиз болгон? Сиздер бизге таратып берген маалымат катта болсо "ТВЕА аны куруудан баш тарткан" деп көрсөтүлүп турат. Азыр болсо башка нерсени айтып жатасыңар. Анын баарына эми ким жооп берет?

"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев болсо "Бишкек ЖЭБнин мурдагы жетекчилери химиялык цехти курууга муктаждык жок болгонун айтып, эскисинин кубаттуулугу эки блокту тең камсыздаганга жете турганы боюнча маалымат бергени ушуга негиз болду" деп жооп кайтарды. Ошол эле кезде тиешелүү экспертиза жүргүзүлбөгөнү белгилүү болду.

"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев 2017-жылы жайында гана химиялык цехти куруу боюнча маселе көтөрүлгөнүн айтты:

Айбек Калиев.

- 2014-жылы Бишкек ЖЭБинин жетекчилиги "ошол эски химцехтин кубаттуулугу экөөнө тең жетиштүү" деп кол коюп берип коёт. Анан кийин 2016-жылдан тартып мекемелердин ортосунда кат алышуу болуп, ал химиялык блокту куруунун зарылдыгы боюнча кайра маселе көтөрүлгөн. Мен былтыр 2017-жылы июль айында ошол кайрылууну алгандан кийин эле бул маселени чечүүгө кириштим. Кытай тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, жаңы блокту камсыз кылыш үчүн жаңы химиялык цехти куруш керек экенин айткам. Ошол эле күнү маселе чечилген болчу.

Шылуундукпу же шалаакылыкпы?

Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Жолдошбек Назаров Бишкек ЖЭБин жаңылоонун техника-экономикалык негиздемеси алдын-ала иштелип чыкпаганын айтып, такталбай калган жагдайларды жана алешемдиктерди ошону менен байланыштырды:

- Техникалык тапшырма туура эле иштелип чыккан. Бирок эски химиялык цехтин кубаттуулугу боюнча экспертиза дайындалган эмес. Ошондуктан ага эксперттик баа берилбей калган. Бул жерде ошол 60-жылдары курулган химиялык цехтин техникалык паспортун алып, "анын кубаттуулугу ошол эки блокко тең жетет" деп коюшкан. Анын иш жүзүндөгү кубаттуулугун эч ким караган эмес. Буга карата комиссия түзүлүп, эксперттик топ иш алып барууга тийиш болчу. Бирок андай иш жүргөн эмес.

Анткен менен депутаттык комиссиянын бир катар мүчөлөрү "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевдин келтирген жүйөсүн ынандырарлык эмес жооп катары кабыл алышты. Депутат Умбетали Кыдыралиев берилген жооптор чалкеш болуп жатканын айтып, бул багытта так негиздеменин жоктугун сынга алды: ​

Башында "аны куруунун зарылчылыгы жок" деп аныктама берип, азыр болсо кайра башкача сүйлөп жатасыңар. Муну кандайча түшүнсө болот?

​- Эгерде Бишкек ЖЭБинде авария болбосо, азыр курула баштаган химиялык цех курулмак эмес экен. Өз учурунда айтпай, эми анан "куруш керек эле" деп азыр айтып чыгып жатасыңар. Башында "аны куруунун зарылчылыгы жок" деп аныктама берип, азыр болсо кайра башкача сүйлөп жатасыңар. Муну кандайча түшүнсө болот? Буга чейин анын курулушу техникалык тапшырмада жок болгондуктан, "долбоордо каралган эмес" деп бекемдеп келишкен. Эми болсо "башында техникалык тапшырмада болгон жана макулдашууга киргизилген болчу" деп сөздөрүңөр эки ача чыгып жатат. Бул жерде өтө эле шалаакылык мамиле болуптур да. Демек, кечээги болгон Бишкек ЖЭБиндеги аварияга ошондо эле негиз салынган экен. Биз материалдардын баарын көтөрүп, буга кимдер жооп бериши керек экенин аныктап чыгышыбыз зарыл.

Буга чейин ушул аварияга байланыштуу Бишкек ЖЭБнин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу кызматынан алынып, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин эки орун басары камакка алынган. Аларга "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Нурлан Өмүркул уулу болсо жоопко тартуу учурундагы адилетсиздик жана теңсиздик тууралуу мындай дейт:

Нурлан Өмүркул уулу.

- Иликтөө иштеринде деле бирөөнүн кызыкчылыгын көздөп, өкмөт аны адилетсиз жүргүздү. Бишкек ЖЭБинин авариясы боюнча кызматтан алганда мени жумуштан айдап, башкы инженерди ордунда калтырып, анын орун басарын болсо кайра менин ордума дайындап жатышат. Ал техникалык жагдайды жөнгө салууну ошол башкы инженер жана анын орун басарлары биринчи кезекте колго алышы керек эле да! Бирок алар жоопкерчилик тартышкан жок. Мекеме аралык комиссиянын тыянагында алар тууралуу бир да сөз жок. Ошол кызмат адамдары жооп бере турган техникалык тилкеде авария болуп жатса, алар ордунан да козголгон жок. Албетте, муну менен мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып сала албайм. Менин да жоопкерчилигим бар. Бирок ал жоопкерчилик деген баарына бирдей болушу керек эле да?

"Алтындан" бүткөн аспаптар

Ошол эле учурда депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов Бишкек ЖЭБин жаңылоого кеткен чыгымдарды караганда бир катар буюм-тайымдардын баасы ашкере ашыкча көрсөтүлгөн учурлар көзгө урунганын айтып чыкты. Депутат Акылбек Жамангулов борбордун ичине коюла турган видеокамералардын баасын мисал келтирди:

Бишкек ЖЭБиндеги видеокамералар. Сүрөт депутат Акылбек Жамангловдуку. 14-март, 2018-жыл.

- Мына, бизге берген кагаздарыңардагы чыгашаларды карап жатып, аябай таң калдык. Бул эми өтө эле уят. Ушуга жол бергениңер абдан эле уят. Мен азыр баасын билген видеобайкоо жабдуулары тууралуу мисал келтирейин. Долбоор боюнча 1 миллион 800 миң долларга 128 видео камера коюлуптур. Ал камералар кадимки эле Кытай өндүрүшүнөн чыккан видео байкоочу жабдыктар. Эсептеп көрсөк, ар бир видеокамеранын баасы 14 500 доллардан айланыптыр. Бул эми болбойт да. Бул жерде мен азыр атайын адис болбогондон кийин Бишкек ЖЭБине алынып келген жанагы от казандардын же башка бир кымбат баалуу жабдуунун баасын айта элекмин...

"Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы видеобайкагычтардын баасы боюнча бурмаланган маалымат чыгып кеткенин айтып, анын ар биринин баасы 300 доллардан айланганын жарыялап чыкты. Борборду жаңылоо башкармалыгынын аткаруучу директору Темирлан Бримкулов болсо ысыкка жана бууга чыдамдуу от казандын ичине коюлган видеокамералар кымбат баада сатып алынганын белгилеген.

"Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева видео байкагычтардын баалары боюнча айтылган маалыматка түзөтүү киргизди:

- ТВЕА компаниясы көрсөткөн баалар боюнча, 128 видеокамеранын жалпы баасы 38,4 миң доллар. Ар бир видеокамеранын баасы 300 доллар. Жылуулук электр борборуна видеокөзөмөл орнотуш үчүн жумшалган каражаттын калган бөлүгү программаларга, кабелдик зымдарга, серверлерге жана аларды монтаждоо иштерине сарпталган. Мындан тышкары, от казандын ичине эки атайын видео камераны орнотуш үчүн да акча коротулган.

Кымбат баалуу кычкачтар

Ошол эле учурда Бишкек жылуулук электр борборунун мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу андан башка буюм-тайымдардын баалары деле ашыкча көрсөтүлгөнүн айтып чыкты:

Бул жерде бардык алынган жабдуунун баасын 386 миллион долларга тууралап чыгышты көрүнөт.

- Ошол 128 видеокамера чынында эле барбы же жокпу, ал боюнча маалымат бере албайт экенмин. Бул жерде бардык алынган жабдуунун баасын 386 миллион долларга тууралап чыгышты көрүнөт. Анткени эсептөө башталганда шашып кетип, ошондой кылышкан шекилди. Ага окшогондордун арасында кычкач деле бар. Анын ар бири 600 доллардан түшкөн. Кадимки эле кычкачты "600 доллардан сатылып алынды" деп көрсөтүшкөн. Андан башка 1-3 тонналык жүктөрдү көтөрө турган араба деп коёт, ошолордун ар биринин баасы 15 миң, 17 миң долларга көрсөтүлгөн.

Нурлан Өмүркул уулунун бул билдирүүсүнө карата "Улуттук энергохолдинг" компаниясы же "Электр станциялары" ишканасы комментарий бере элек. Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин аны жаңылоого кеткен 386 миллион доллардын дайынын табуу боюнча парламент убактылуу депутаттык комиссия түзгөн болчу. Ага чейин өкмөт мекеме аралык комиссия түзүп, анын алдын-ала жыйынтыгын чыгарган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

ЖЭБ: кырсыктын жаңы жагдайлары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.