Ооруган депутаттын орду бош турат

Насыр Мусаев.

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Насыр Мусаев ден соолугуна байланыштуу бир жылга чукул убакыттан бери кызматтык милдеттерин аткара албай жатканы белгилүү болду.

Регламент боюнча мыйзамдын талабына ылайык депутат саламаттыгына байланыштуу көпкө чейин жумушка келбесе депутаттык мандатын өткөрүп берүүгө тийиш. Бирок депутаттын өзүнөн андай өтүнүч түшпөгөндүктөн депутаттык мандатты партиялык тизме боюнча кийинки орунда турган талапкерге өткөрүү кечеңдеп, анын айланасында саясий оюндар күчөгөнү ачыкка чыкты. Ошондуктан парламенттеги бул фракция маселени чечүүнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жөнөтүп, комитет болсо жоопкерчиликти фракциянын өзүнө оодарып жаткан кези.

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын көзү өтүп кеткен депутаты Жыргалбек Калмаматовдун ордуна былтыр апрель айында парламентте ант берип, депутат болуп келген Насыр Мусаев ден соолугуна байланыштуу бир жылга чукул убакыттан бери жумушка чыкпаганы белгилүү болду.

Депутаттык мандат алып, парламентте ант берген күндөн бери кызматтык милдеттерин аткарууга кирише албай жаткан депутат Насыр Мусаев депутаттык ишмердигин андан ары улантар-улантпасын парламенттин аппаратына кабарлаган эмес. Бирок депутат былтыр май айынан ушул күнгө чейин дайындалган штаттык ырааттамага ылайык айлыгын алып келген. Жогорку Кеңештин уюштуруу бөлүмүнүн билдирмесинде депутат Насыр Мусаев 2018-жылдын сентябрь айынан 2019-жылдын март айына чейинки бир сессиялык мөөнөттө жүйөлүү себептерсиз 45 жумуш күнүн калтырганы көрсөтүлгөн.

Депутаттык мандат «менчикке» өттүбү?

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова муну депутаттык мандатка карата жоопкерчиликсиз мамиле катары мүнөздөдү:

Клара Сооронкулова.

«Мыйзамдын талабы боюнча депутат өз милдетин аткарыш үчүн ишке жөндөмдүү болушу керек. Бул эми анын жөн эле убактылуу ооруп калып, дарыланышынан сырткары көпкө чейин эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон саламаттыгына байланыштуу маселе. Экинчиден, бул жерде кандай шартта жана кандай каражат менен бул киши партиялык тизмеге киргенин билбейбиз. Бирок көптөн бери ооруса да депутаттык орунду бошотпой жатканына караганда анын мандатына кепилдик берген кандайдыр бир өз ара шарттар болгону белгилүү болуп турат. Бул адам депутаттык мандатты өзүнүн жеке менчиги катары кармап отурат. Ден соолугуна байланыштуу ал киши жыйындарга келе албай, депутаттык милдеттерин аткара албай жатат. Бирок мандатты өзүнө бекитип алган ортодо шарттар бар сыяктуу анысын тапшырбай отурат. Бул жерде партияга акча берип кирген талапкерлерде «парламентке барып иштебесем да бул мандат меники, анткени бул үчүн мен акча төлөгөмүн» деген сыяктуу түшүнүк бар. Бул абдан коркунучтуу көрүнүш. Бул шайлоо маалындагы партиялардагы саясий коррупцияга байланыштуу. Капчыктуу адамдар партиянын лидерине олчойгон акчаны төлөп коюп, мандатты күтүп отурушат. Анын акчасын алган партия лидерлери ага карыз болуп калат дагы, кийин алар жумушка келеби же жокпу, ага эч нерсе деп айта албай калышат. Бай адамдар ушундай жол менен мандат алып, аны өзүнө кол тийбестик же өзгөчө макам үчүн сатып алган товар катары көрүп калганы кызык. Бул партиялык системаны өнүктүрбөйт».

«Жогорку Кеңештин депутаттарынын иштөө регламенти жөнүндө» мыйзамга ылайык, эгерде депутат бир сессиялык мөөнөт ичинде жүйөлүү себептерсиз отуз жумуш күнүн калтырып, ишке келбесе, анда аны депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу маселе көтөрүлүүгө тийиш. Эгерде депутат ооруп жаткан болсо жана ал ооругандыгын медициналык жактан күбөлөндүргөн документтерин ай сайын Жогорку Кеңештин аппаратына жөнөтүп турса, анда анын жумушка чыкпаганы жүйөлүү себеп катары кабыл алынышы мүмкүн.

Фракция лидеринин кайрылуусу

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков алгач 2019-жылы 6-февралда депутат Мусаев пленардык жыйындарга 35 жолу жүйөлүү себептерсиз катпышпаганы тууралуу парламенттин спикерине кызматтык кат жөнөткөн. Анда бул депутат ант берген күндөн бери жумушка чыкпай, ооруп жатканы тууралуу маалыматты былтыр алгач апрель-май-июнь айларында жиберип, бирок кийин анын медициналык күбөлөндүрүүчү документтери кадрлар бөлүмүнө келбей калганы көрсөтүлгөн. Бирок бул катка тиешелүү жооп болбогондуктан фракция башчысы депутат 45 жумушчу күндү калтырганы боюнча экинчи ирет кат жөнөткөн.

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков Насыр Мусаевди мөөнөтүнөн мурун депутаттык мандаттан ажыратуу маселеси кандайча карала турганы боюнча түшүндүрмө берди:

Насыр Мусаев ден соолугу жакшы эле учурда шайлоого катышкан.

«Насыр Мусаев ден соолугу жакшы эле учурда шайлоого катышкан. Анан эми адамдын ден соолугу ар кандай болот экен. Шайлоодон кийин мандат алчу кезеги келгенде ал киши ооруп калды. Анан мандатын алып, парламенттин жыйындарына келип, катыша албай жүрөт. Регламент боюнча «30 жумушчу күн бою жыйындарга катышпаса, анда депутат мандатынан ажыратылат» деген ченем бар. Биз ошонун негизинде Жогорку Кеңештин төрагасынын атына кат жазып, ушул маселени карап берүүнү суранганбыз. Бул маселе процедурасы боюнча алгач тиешелүү комитетте каралып, анан жалпы жыйынга чыгарылат. Андан соң бул боюнча БШК чечим кабыл алууга тийиш».

«Кыргызстан» фракциясынын башчысы Алмазбек Баатырбековдун 2019-жылдын 11-мартында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго экинчи ирет жиберилген кызматтык каты кабыл алынып, депутат Насыр Мусаевдин ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча маселени мыйзамда каралган тартипте тиешелүү комитетте кароо тууралуу чечим чыккан. Бирок бул маселе белгисиз себептерге байланыштуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин күн тартибине кире элек. Анын себептерин билиш үчүн бул комитеттин төрагасы, депутат Канат Керезбековго кайрылып, андан комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Комитет жоопкерчиликти фракцияга жүктөдү

Бул комитеттин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева ооруп жаткан депутат Насыр Мусаевди мөөнөтүнөн мурун мандаттан ажыратуу маселеси фракциянын ичинде чечилиши керек деп эсептейт.

Айнуру Алтыбаева.

«Ал депутат ооругандыгына байланыштуу жумушка чыга албай жатканын күбөлөндүргөн документтерин жибериптир, - деди Айнуру Алтыбаева. - Негизи, ал депутаттын өзү менен эле сүйлөшүп, бул маселени фракциянын ичинде эле чечип алышса болмок. Анын колунда оорусуна байланыштуу документи болгону үчүн биз анын жумушка келбегени боюнча чечим кабыл алышыбызга негиз жок. Анан фракция жөн эле маселени кароо боюнча кат жазып жибербей, фракциянын чечимин кабыл алып, анан аны комитеттин кароосуна жөнөтүшү керек болчу. Экинчи жолу фракция депутаттын өзү менен сүйлөшүп, макулдашса, ал мандатын өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча арыз жазып бериши мүмкүн. Биздин парламенттик комитет - депутаттын эмгекке жарамдуулугун текшерип, медициналык кароодон өткөрө турган комиссия эмес. Бул маселе «Кыргызстан» фракциясынын ички иши болуп эсептелет. Ошондуктан алар өздөрү келишип, фракциянын ичинде саясий чечим кабыл алып, чечип алышсын».

Ошол эле учурда былтыр 16-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынан мандат алып, 18-апрелде парламентте ант берген депутат Насыр Мусаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Айрым маалыматтар боюнча ал учурда Казакстандын Алматы шаарында дарыланып жатканы белгиленген. Ал өзү оорусуна байланыштуу көптөн бери кызматка кирише албаганы үчүн мандатын тапшырарын же депутаттык ишин улантарын бир өңчөй билдирип, фракцияга кабарлаган эмес.

«Кыргызстан» фракциясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков ооруп жаткан депутаттын өзү менен же болбосо анын жакындары аркылуу байланышууга мүмкүн болбой жатканын кошумчалады:

Алмазбек Баатырбеков.

«Биз эми бул жерде болгону мыйзамдын талабын сактаганга аракет кылып жатабыз. Ал депутаттын өзү менен байланышып, сүйлөшкүдөй боло элекпиз. Бирок башында ал киши мандат алардан мурун анын уулу келген. Ал атасынын ден соолугу тууралуу «жакшы болуп кетет деген үмүтүбүз бар, жакшы боло албаса анда бир нече убакыттан кийин арызды жазып эле кетебиз» деген болчу. Бирок ошондон кийин ал кишинин уулун атайын чакыртсам да келбей жатат».

«Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизме катары боюнча Насыр Мусаев депутаттык мандаттан баш тарта турган болсо анын ордуна депутаттыкка талапкер Айнура Аскарова келет. Андан кийинки кезекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматын мурда жетектеген Бектен Сыдыгалиев турат. Андан кийинки тизмеде Жеңишкан Утуров, Жаныбек Жоробаев, Ахмаджан Рахимов жана Шаршенбек Абдыкеримов сыяктуу талапкерлер кезек күтүп турушат. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттагына «Кыргызстан» партиясынын атынан көрсөтүлгөн талапкерлердин партиялык тизмесине ооруп, депутаттык милдетин аткара албай жаткан Насыр Мусаевдин кызы Рахима Мусаева да кирген.

Эмгекке жарамдуулукту далилдөө

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын катчылыгынын башчысы Аман Токтогулов мыйзам боюнча ооруган депутат беш айдан ашуун ишке чыкпаса эмгекке жарамдуулугу боюнча медициналык кароодон өтүүгө тийиш экенин айтты:

«Регламент боюнча комитет бул маселени карап, депутаттын ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча өз тыянагын чыгарып, жалпы жыйынга алып чыкса, андан кийинки партиялык тизмеде аял киши кезекте турат. Айнура Аскарова деген талапкерибиз бар. Ооруп жаткан депутаттын жумушка келе албай жүргөнүнө бир жылга жакындап калды. Мындай учурда мамлекеттик кызматкер ооруп, кызматын аткара албаса, анда беш айга чейин тиешелүү медициналык маалымкаттарды өткөрүп турат. Бирок беш айдан өткөн соң ооруган мамлекеттик кызматкер эмгекке жарамдуулугун же жарамсыздыгын аныктоочу медициналык кароодон өтүшү абзел. Бул мыйзамдын талабы. Ошол корутундуга ылайык мамлекеттик кызматкердин - бул жагдайда депутаттын - аракетке жөндөмдүүлүгү аныкталат. Анан ошонун негизинде чечим чыгарылышы мүмкүн».

Ошол эле кезде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова ооруп, бир жылга чукул убакыттан бери жумушка чыга албай жаткан депутаттын ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурун токтотуу маселеси алгач парламенттин өзүндө каралышы керек экенин айтты. Ал бул маселени чечүүнүн мыйзамдык тартиби боюнча түшүндүрмө берди:

Атыр Абдрахматова.

«Мындай учурулар негизи Эмгек кодекси менен жөнгө салынат. Парламенттин этика боюнча комитети бул маселени иликтеп чыгып, жагдайга баа берип, ошонун негизинде чечим чыгарышы зарыл. «Кыргызстан» фракциясы өзү да депутат көптөн бери ооруп жумушка келе албай жатканы боюнча расмий түрдө комитеттин астына маселе коюшу керек. Депутаттын ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча комитеттин тыянагы жалпы жыйынга чыгарылып, анда бул маселе парламент депутаттарынын элүүдөн кем эмес добушу менен бекитилет. Ошондон соң гана БШК бул чечимди карап, депутатты мөөнөтүнөн мурун мандатынан ажыратуу жөнүндө чечим чыгарат».

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясы парламентте 18 депутаттык мандатка ээ. Бул партия 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында негизделип, аны негизинен «Аю» компаниясынын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов жана саясатчы Канатбек Исаев түзүшкөнү белгилүү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.