КСДП кылмыш иштерине кыжалат

Иллюстрациялык сүрөт.

КСДП коррупция үчүн айыпталган мурдагы премьер-министрлердин жана Бишкектин мурдагы мэрлеринин сот иштери мыйзам бузуу менен өтүп жатканын билдирди.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) коррупция үчүн айыпталган мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаковдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун сот иштери мыйзамды бузуу менен өтүп жатканын билдирди.

Партиянын төрайымы Асел Кодуранова мамлекеттик айыптоо сотто аталган адамдардын күнөөсүн ырастаган далилдерди келтире албай жатканын айтты. Ал эми тергөөнүн кызыкчылыгын жактаган башка юристтер муну коргонуу тактикасы катары гана карап, Бишкек ЖЭБи боюнча коррупциялык схемалар далилденгенин билдиришүүдө.

Тараптардын жүйөлөрү

Партиянын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова коррупция үчүн шек саналган жогорудагы мурдагы аткаминерлердин кылмыш иши калыс иликтенбей, жасалма негизде токулганын билдирди. Анын айтымында, далилдер жоктугуна карабастан сотто ар кайсы күбөлөрдү көрсөтмө берүүгө дайындаган учурлар болгон. Асел Кодуранова ага мындай мисалдарды келтирди:

«Биз абактагы Жантөрө Жолдошевичке барганыбызда ал бизге «камакка алынгандан бери 46 күн өттү. Бирок ушуга чейин бирөө келип, сурак жүргүзүп, тергөө боло элек. Бул жерде жөн эле отурам» деп айткан. Кубанычбек Кулматов менен сүйлөшкөнүбүздө ал да ошентип айткан. Эч ким барып, аны күбөлөр же башка соттолуучулар менен көздөштүрүп, тергөө амалдарын жүргүзбөптүр. Андан кийин эле Кулматов менен Ибраимовдун иши сотко өттү. Ага чейин тергөөчү аларга айыптоо корутундусун карматып, «силер мына бул конкреттүү фактылар боюнча айыпталып жатасыңар» деп айтышы керек эле да. Аны да колуна беришкен эмес. Сот жараяндары ачык-айкын өтпөй жатат. Ага аудио-видео коюп, түз алып көрсөтүүгө каражат бөлүнгөн. Мындай тутум бар. Бирок алардын сот иштери жүрүп жатканда ошол нерселер иштебейт экен».

​Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевге Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбооруна Кытайдан 386 млн. доллар насыяны алуу жана коррупциялык схемаларды уюштуруу боюнча айып коюлган.

Коррупцияны уюштуруу, ага шериктеш болуу жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим түзүү сыяктуу беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми Бишкектин мурдагы эки мэри мектептин курулушундагы коррупция фактысы боюнча айыпталууда. Алардын иши бир ишке бириктирилген.

Юрист Кайрат Осмоналиев соттолуучулар коргонуу максатында гана тергөөгө жана соттук териштирүүгө доомат артып жатканын айтып, алардын айыбын далилдеген соттук экспертизалардын тыянагы бар экенин билдирди:

Кайрат Осмоналиев.

«Бул эми түшүнүктүү. Муну соттолуучулардын коргонуу тактикасы катары кабыл алуу керек. Ошондуктан бул соттолуучулар иште уюштуруучу катары каралгандыктан күнөөсүн эч качан моюнга албайт. Бул иш эми алар атайын уюштурган «кылымдын алдамчылыгы» болуп жатпайбы. Мен билген маалыматка караганда, бул кылмыш иши боюнча айыпталган үч фигурант моюнга алып, үй камагына которулуптур. Алар эми аткаруучулар. Алар айыпты моюнга алганына байланыштуу Жазык кодексинин 80-беренесине ылайык жазасы жеңилдетилет. Ал эми уюштуруучулар кылмышты эч качан моюнга албайт. Моюнга алган күндө деле алар толук жаза тартып, жоопко тартыларын билишет».

Каршылык акциясы жана кайтаар дүйнө

КСДПнын саясий кеңеши соттолуучулардын укуктары бузулганы жана соттук жараяндын атайылап создуктурулуп жатканы тууралуу кайрылуу таратып, жакында саясий акцияларды баштоого камданып жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу айткан партиянын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова бул жагдайга коомчулуктун көңүлүн буруш үчүн аталган соттук иштер боюнча бийликке бир катар талаптар коюла турганын билдирди:

«Ал митингдин максаты кандай болот? Анткени бул балдардын камалганына бир жыл болду. Бир жылдан бери эч кандай жыйынтык жок. Аларды камагандан кийин ошол кылмышка айыптоо кашкайган фактылар менен далилдениши керек эле. Бир жылдан бери жөн эле кармап отурушат. Анан эми сотту создуктуруп, тергөөдө көрсөтмө берген күбөлөрдөн башка күбөлөрдү чакырып жатышат. Тергөөдө Эшмат көрсөтмө берсе, сотко башка бир Ташмат келип көрсөтмө берип жатат. «Ал тергөөдө көрсөтмө бергендердин арасында жок эле го?» деген суроого эч ким жооп бербейт. Биз ошол үчүн бийликке кайрылабыз. Аларды же бошотуу керек же мыйзам чегинде соттош керек».

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова соттолуучулар мурдагы бийликтин өкүлү болгонуна карабастан сотто алардын ишин кароодо мыйзамдын талаптары сакталышы керек экенин айтты.

Клара Сооронкулова.

«"Жашоо – бумеранг" деп эле бир бийлик кетип, экинчиси келгенде бири-биринен өч алуу, касташуу мыйзамды колдонуудан тышкары нерсе болуп калат, - деди ал. - Кандай болгон күндө да мыйзам туура колдонулушу зарыл. Эгерде чынында эле ошондой мыйзам бузуу болуп жатса, анда бул абдан өкүнүчтүү. Эми бул сот тутуму - Атамбаев өзү түзүп, калтырып кеткен система. Ал киши бир нече жолу «сот тутумун реформалап, соттун курамын жаңылап койдум» деп айткан. Азыр ошол соттор эми өздөрүнө каршы иштеп жатат. Ошондуктан бул жерде жалпы сот системасын оңдоо маселеси турат. Азыркы президент ошол сот системасын оңдоп, сот адилеттигин калыбына келтирбесе, анда ушундай нерселер кайра эле анын өзүнүн башына түшүп калышы мүмкүн».

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда иштеген мурдагы эки премьер-министр менен мурдагы эки мэр Бишкек ЖЭБиндеги, мектепти куруудагы жана «Дастан» заводуна байланыштуу коррупциялык иштерге байланыштуу шек саналып, былтыр камакка алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.