Депутатты үй камагына чыгаруу боюнча Башкы прокуратура өтүнүч киргизген. Сот ишти жабык карап, журналисттерди киргизген жок.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мурдараак Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 43-беренеси («Кылмышка катышуу») боюнча шек саналып жатканын кабарлаган. Башкы көзөмөл органы билдиргендей, Карамушкинага кылмышка шектүү катары маалымдама берилди.
Дагы караңыз Раиса Атамбаевага түшкөн көлөкөДепутат өзү сот болор алдында атайын кызматтын өкүлдөрүн 20 сааттан ашуун убакыт кармап туруунун себебин «сыртка чыгарганда аларды токмоктоп салышы ыктымал эле» деп түшүндүрдү.
Карамушкина 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу күбө макамынан шектүү макамына өзгөртүлгөнүн өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыккан эле. Ал мындай аракетти укуктук башаламандык жана бийликтин чектен чыккандыгы катары баалаган.
Ирина Карамушкина - 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын санаалаштарынын бири. Ал 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда Кой-Ташта болгон.
7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Мындан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күбө катары Ички иштер министрлигине үч жолу суракка чакырылып, барган эмес. 7-8-августта аны Кой-Таштагы үйүнөн алып кетишкен. Аны кармоо операциясына күч түзүмдөрү тартылган. Бул окуяларда эл күч органдары менен кагылышып, бир офицер каза таап, 130дан ашуун адам жараат алган.