Омор Султановдун сыйлыкка карабас бийиктиги

Кыргыз эл акыны Омор Султанов.

«Отузунчу станция», «Сен жөнүндө поэма», «Чарчоонун жузүнчү ыры», «Адамдын тагдыры» өңдүү чыгармалары менен даңазаланган Кыргыз эл акыны Омор Султанов быйыл 85 жашка чыгат.

Ушул мааракени утурлай «Азаттык» акындын чыгармачылыгын акын-жазуучулар менен талкуулады. Талкууга жазуучу жана философ Чоюн Өмүралиев, эл акыны Карбалас Бакиров, жазуучу, журналист Дүйшөн Керимов катышты.

Көпчүлүк кабардар болбосо керек, тирүү классик, поэзиянын султаны атыккан Омор Султанов учурда ооруканада дарыланып жатыптыр. Адегенде анын саламаттыгын кызынан сурап билдик.

Жаркын Омор кызы: - Атам азыр Улуттук нейрохирургия борборунун кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Саламаттыгы туруктуу болуп атат. Дарыгерлер бардык аракеттерди көрүп жатышат. Атамдын ал-ахыбалын сурап, дайыма чалып турган досторуна, күйөрмандарына, замандаштарына чоң рахмат. Кудай буюрса жакшы болуп кетет деген ниетте туруп атабыз.

«Азаттык»: - Биз дагы акындын сакайып кетишине тилектешпиз. Урматтуу коноктор, «Омор Султанов - кыргыз поэзиясына алтымышынчы жылдары кирген жаңычыл акындардын баштоочусу, тубаса акын, поэзиянын султаны, падышасы, классиги» деп айтып жүрөсүздөр. Муну кантип негиздеп, кандай баа бересиздер?

Чоюн Өмүралиев: - Омокем сөөгү бекем, чымыр киши, мындайдын неченин көргөн. Бул дартты боюнан кагып салып, басып кетет. Биз буга ишенебиз. Ден соолугун тилейли.

Чоюн Өмүралиев.

Кыргыз адабиятында Кадыркул Даутов деген эң чоң сынчыбыз бар. Ушул сынчы агабыз Омокемдин 2005-жылы чыккан «Ашуу төр» деген китебине чакан, бирок «булчуңдуу» макала жазган. Ошондо «классик, көзү тирүү классик» деп баса белгилеген.

Эми Омокемдин чыгармачылыгын карап көрсөк, 1961-жылы «Тоо күндөрү» деген биринчи китеби, 1995-жылы «Адамдын турмушу» деген ыр романы чыккан. Ушул аралыкты карап отуруп классик деген ошол баа кеч берилгенби деп ойлойм. Кыргыз адабиятында ыр роман саналуу эле. «Адамдын турмушу» Аалы Токомбаевдин «Кандуу жылдарынан» кийинки эле караандуу, бараандуу роман. Классик дегенди Омоке ушуну менен эле далилдеп койгон.

Омор Султанов ошондой эле державалык акын. Алтымышынчы жылдарда совет мейкиндигиндеги адабиятта, искусстводо, маданиятта укмуштуудай чоң өсүштөр болгон. Ошондо Андрей Вознесенский, Евгений Евтушенко, Белла Ахмадулина, Роберт Рождественский баштап, казактардан Олжас Сулейманов, тажиктерден Мумин Каноат, кыскасы улуттук мейкиндиктен союздук мейкиндикке суурулуп чыгып кеткен акындар саналуу эле болчу. Бизден Рамис Рыскулов, Майрамкан Абылкасымова, анан Омокем чыккан. Ошондуктан буларды державалык деңгээлдеги, улуттук намыска жараган акындар деп айтышыбыз керек.

«Азаттык»: - Омор Султанов кыргыз адабиятына жаңы нуктагы поэзияны алып келгени менен, көп тоскоолдуктар болгонун өзү деле жашырбайт го...

Чоюн Өмүралиев: - «Кыргызстан маданиятында» поэзиялуу алтымышынчы жылдарда «Акындарга үч суроо» деген талкуу «Кыргыздарга эркин ыр керекпи же жокпу?» деген суроонун айланасында жүрүп, ал эки жылга созулган. Казактарда эркин ырды «Бул жаңылыкпы же жаңы былыкпы?» деп чыгышкан. Ошондой кезде поэзиянын өзү менен жооп бериш күчтүү акындардын гана колунан келди. Омокем баштап эркин ырды кыргыздын адабий айдыңына байырлатып салышпадыбы.

«Азаттык»: - «Классик акын деген баа кеч берилди» деп айтып атасыздар. Бүгүн акындын чыгармаларына деңгээлине шайкеш баа берилип атабы?

Карбалас Бакиров: Алтымышынчы жылдар жөнүндө сөз болуп калбадыбы. Омор Султановдун Белла Ахмадулинага арнаган ырында минтип атат:

«Акындары алтымышынчы жылдардын,

Көргөн жокпуз ал учурдун жыргалын».

Карбалас Бакиров.

Омор Султанов да ушундай кыйынчылыктарга учураган. Идеологиялык жыйындарда тепки жеген. Анын чыгармачылыгы сөзсүз өз деңгээлинде бааланышы керек. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алгачкы чыгармалары менен эле алышы керек болчу. Ар бир чыгармасы ошого татыктуу. Ушуга абдан өкүнөм. Мен 1972-жылы жаш акындардын фестивалына келгенде, ошондо эле «Адамдын турмушу» деген романы жөнүндө сынчылар абдан жакшы сөздөрдү айтышкан. 37 жашта экен, анда.

Жүздөгөн классикалык ырларына обондор чыккан. «Сен жөнүндө поэма», «Чарчоонун жүзүнчү ыры» – эмне деген чыгармалар! Омор Султанов чоң мейкиндик да. Муну сынчылар иликтеп чыгышы керек. Акындык көрөңгөсү менен интеллектуалдык деңгээли айкалышып, ошол аркылуу поэзиянын дүйнөлүк деңгээлине чыккан акын деп эсептейм.

Дүйшөн Керимов: - Наамды бериш-коюш мамлекеттин иши, мен орой эле айтып коеюн, кезинде Эрнис Турсунов айткан мага: «Омор досуңа айтып кой, Бексултан Жакиев тирүү турганда Омор Султановго Токтогул сыйлыгы берилбейт» деп. Эми алар да карыды. Өйдө-төмөн деп айта албайм, бирок көрдүңүзбү, биз бири-бирибизди кандай тосуп келгенбиз. Эми андай кылбайлы. Мына, пандемия деген улуу тумоонун алдында турабыз. Адам бир өтүктүн кончуна тыгылып калды го. Ошон үчүн пейилибизди кенен салып, жакшылыгыбызды көрө билели, Омокемдей бийигибиздин «Омор окуусун» 85 жылдыгына арнап өткөрөлү деген тилегибиз бар, буюрса. Бир эле сынчыны карап отурбай, анын чыгармаларын элге ачып беришибиз керек. Бирөөнүн эмгегин билип, баалаган киши өзү да өсөт, өзүн да ачат.

«Азаттык»: - «Чарчоонун жүзүнчү ырын» кеп кылып калбадыкпы. Бизге берген интервьюларынын биринде «ушундай ат эмне үчүн коюлганына кызыккан бир сынчы болгон жок» деген эле. Ушундан улам чыгарманы сынчылар жеткиликтүү баалай алган жок дегендей өкүт байкалып тургансыйт...

Чоюн Өмүралиев: - «Отузунчу санциясы» 1968-жылы чыгып калды. Ал кезде Омокем ай чапчып эле турган кези. Поэзиянын жаңы үлгүсүн алып кирип, ага кийинки эмес, мурунку акындар да таасирленип жазып кеткен. Эсимде, университеттин чоң залында акындын кечеси өттү. Акын-жазуучулар, Фрунзенин башка окуу жайларынан бери келген студенттер жык-жыйма. Ошондо трибунага туруп алып ырларын төкмө төккөндөй жатка төгүп атат. Кол чабуулар, суроолор...

Анан жетимишинчи жылдардын башынан баягы идеалдар жоголду, коммунисттик ишеним тепселди, асыл дөөлөттөрдү кир чалып, турмуш башка нукка түшө баштады. Омокем коммунисттик идеялар үчүн өлкөдөн безген Назым Хикмет өндүүлөргө таасирленген, Компартияга берилген адам. Ошондуктан, жанагинтип чарчоонун жүзүнчү ырын жазып атпайбы. Ушул килейген держава эмне болуп кыйрап калды? Турмуштун миң кырына адамдын чарчануусу. Коом чарчады, сезимтал адамдар чарчады. Андагы ар бир ыр өзүнчө поэма.

Эми, ар бир чоң акынды өзүнчө ачыш керек экен. Экинчиден, Омокедей чоң акынды чоң сынчы ачат. Кыйсыпыр турмушта Омокемдин көп жагы айтылбай атат, алигиче.

«Азаттык»: - Котормо жаатындагы эмгектерине кандай баа берсиздер?

Чоюн Өмүралиев: - Керемет акын Лермонтовдун «Демонун» Омокемдин «Азирейилине» салыштырып карап отуруп таң калдым. Мындайды ошончо чоң дүйнөнү өзүнө батырып турган киши которот. Габриэл Мистралды которду. Бул эми шыңгырап турган назик поэзия да. Чилиликтердин тээ аркы тегин алганда индейлер менен биздин көчмөндөрдүн теги бир кетет. Омокем ошол үн алышкан жагдайларды кармап которду, жөн которгон жок. Пабло Неруданы, Назым Хикметти которду. Омокеңде биринчи китебинен баштап аягына чейин дегеле жасалмалуулук жок.

«Азаттык»: - Омор Султанов бир маегинде «күлүк жөнүндө чакан романымды, ырларымды бүтүрөйүн деп шашылып турам» деп айтты эле. Кийинки чыгармачылыгы тууралуу эмне айта аласыздар?

Чоюн Өмүралиев: - Бир-эки ай болуп калды, жай сүйлөштүк эле. Ошондо «слушай, бир укмуш ырлар жазылып атат да, өзү эле калем ала качып. Жаш өткөндө азайып кетет дечү эле, меники ары жактан эле көбүрүп, тээп чыгып атат. Өзүм таң калып атам, ушундай терең кеткенине» деп айтты эле.

Күлүктүн бир четин чыгарып айткан, бирок мага башканы да айтты эле. Мен журналист болуп жүргөндө «Мүнүшкөр» деген берүү даярдадым эле. Угуптур. «Машинемди токтотуп коюп уктум. Мен ушул мүнүшкөрлөр, элдик салт-санаалар жөнүндө жазсамбы деп жүрөм, бүркүтчүлүк жөнүндө бир топ ой толгоолорум бар» деди эле. Эми бул киши калктын кайнарынан кайнап, түпкү турмушунан өнүп чыккан киши. Тил, стил, дүйнө тааным, чоң чабыт бар. Эмне берсе алтынга айлана берет. Кудай ден соолук гана берсин.

Дүйшөн Керимов.

Дүйшөн Керимов: - Омор Султановго кудай-таала бала кезинен лабиринттүү тагдырды берген, өз убагында билимге сугарылган, талантты да, келбетти да, анан 85ке чыгарган ден соолукту да берген. Ошонун бардыгын Омокем чачыратып пайдаланды, чырайына чыгарды. Албетте, өзүнүн ырларында айтылгандай аны омуроолоп келишти, алдыга чыгып келатканда. Далай тузак тартышты. Анын бардыгы Омокедей талантка керек болчу. Ошол тагдырлар өзүнө ыр болуп, күү болуп, чыгарма болуп чыгып берди.

«Азаттык»: - Кайталангыс таланттар дайыма эле боло бербейт. Ошолордун чыгармаларын улуттук адабияттын өзөгү катары элге сиңирүүнүн кандай жолдору бар?

Карбалас Бакиров: - Омор Султанов - кечээ, бүгүн, эртең да орду бар, чанда жаралчу тирүү классик. Ошондуктан жүздөгөн обондуу ырларын, поэзиясын, прозасын китеп кылып чыгарып, Билим берүү жана илим министрлиги университеттердин, окуу жайларынын программаларына киргизиши керек, айтылгандай, кечелерди уюштуруш керек. Мунун бардыгы мамлекеттик деңгээлде уюштурулушу керек.

Чоюн Өмүралиев: - Омокенин чыгармалары эбак эле калың элге сиңип кеткен. Карбалас айткандай, эми мамлекеттик эң чоң камкордук керек. Мисалы, 80 жылдыгына карата Түрк дүйнөсүндө Омор Султановдун жылы деп жарыяланды. Мына, жаныбызда Олжас Сулейманов тирүү турат. Башка түрк дүйнөсүнүн залкарлары бар. Ошолордун ичинен Омор Султановду таанып, 2016-жылды ошонун жылы деп жарыялады да. Эми Чыңгыз Айтматовдон кийин эле Омор Султанов аркылуу кыргыз өзүн даңазалап ала турган мүмкүнчүлүктү пайдаланган жок да.

Филармонияда өткөн ошол мааракелик жыйынга бийликтен жарытылуу мамиле болгон жок, бараандуу-караандуу киши келген жок. Буга мамлекеттик деңгээлде мамиле жасалышы керек эле да! Бул мамлекеттик жумуш. «Тосор» деген коом бар, Айбек деген ишкери, Эсен деген башчысы бар. Мааракеси ушул коомдун, бир айылдын азаматтарынын күчү менен өттү. Китептерин чыгарып атат. Көзү тирүү залкар үчүн мамлекеттик машина иштеши керек эле да?

Дүйшөн Керимов: - 85ке чыкса деле акын деген жаш баладай. Омокем былтыр күздө Дүйшөмбү шаарынан президенттин учагына отуруп келген экен. Ошол күнү туулган күнү экен. Анан Сооронбай Жээнбеков аэропорттон түшүрүп алып картина тартуулап, куттуктаптыр. Ошону жетине албай «Сооронбай Шарипович «сиз кыргыздын залкар акынысыз» деп куттуктады. Ал кайдан билип алган?» деп кайра-кайра айтты эле. Чоюн байке айткандай, Омор Султанов элден баасын эчак алган. Мамлекет аны өзү көрүп турат, сыйлайбы-коебу өзүнүн иши. Сыйласа, барктаса ким кой деп атат?

«Азаттык»: - Сиздерге чоң рахмат! Эл акыны Омор Султановдун тезирээк сакайып кетишин каалайбыз.

Кыргыз эл акыны Омор Султанов - 30дан ашык китептин автору. Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын, «Манас» орденинин, Казакстандын «Астана» алтын медалынын, Орусиянын Ломоносов, Достук ордендеринин ээси, Орусиянын коомдук тартипти сактоо жана коргонуу академиясынын академиги. Норилск, Түштүк Сахалин, Киров, Шарлотта, Астана шаарларынын ардактуу жараны.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​