Жолон акын, Рыспай жана ашыктык

Акын Жолон Мамытовдун жубайы Меңди Мамазаирова.

Кыргыздын чыгаан акыны Жолон Мамытовдун музасы, жубайы, Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова менен маек.

48 жашында айыкпас илдетке чалдыгып дүйнөдөн өткөн таланттуу акын Жолон Мамытов көзү тирүү болгондо 1-апрелде 80 жашка чыкмак. Акын «Отту сүйөм» баштаган ондон ашык ыр китеп жазды. Сүйүүнүн акыны атыкты. Обонго салынган «Издейм сени», «Кусалык» өңдүү ашыктык ырлары классикага айланды. Акындын жубайы Меңди Мамазаирова менен маектешип, анын басып өткөн жолу, чыгармачылыгы тууралуу пикир алыштык.

Кайрыгы татаал «Издейм сени»

- Меңди эже, Жолон агайдын кеткенине 30 жылдан ашты. Өмүрлөш, калемдеш болдуңуз. Сүйүү ырларынын күчтүү чыкканына караганда чыныгы музасы болдуңуз. Ошол сүйүү ырларынын ичинен эң даңазалуусу «Издейм сени» болду го. Бул ырдын таржымалы кандай?

- Бул ыр экөөбүз үйлөнө электе жазылган. «Ленин жолу» гезитине чыгып эле калып калган экен. «Кусалык» (обону Асанкалый Керимбаевдики - ред.) деле ошондой. Абдылда Капаров деген журналист бар эле. Өтүп кетти. Ал Рыспай Абдыкадыров болуп чогуу жүргөн Жолондун досторунун бири болчу. Рыспай ошол кезде биринчи аялы менен да, экинчиси менен да ажырашып, Давлетти сүйүп жүргөн кези экен. Давлеттин ата-энеси «эки аял алган киши кандай» деп каршы чыгып, ошондон экөө кыйналып жүргөн кези болот. Анан Абдылда гезитке чыккан баягы ырды сактап жүргөн экен, «ай Рыспай, мынабу ырдын сөзүн карачы. Обон жазып көрбөйсүңбү» дейт. Бул анан Рыспайдын ошол кездеги маанайына, жан дүйнөсүнө, тагдырына төп келип калат да, обон жазат.

Акын Жолон Мамытов жана анын жубайы, акын Меңди Мамазаирова. (Үй-бүлөлүк архивдеги сүрөт)

Ал кезде биз үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калганбыз. 1967-жылы мен университетти бүткөнүмө үч жыл болгон. Айылда жашап атканбыз. Ал кезде диплом үч жыл иштегенден кийин берилчү. Дипломумду алайын деп, чоң балам Маякты ээрчитип алып Сооронбай Жусуевдикине бир тууган агамдыкына келгендей эле келдим. Ал кезде Жусуевдикине, Жунай Мавляновдукуна, Камбараалы Бобуловдукуна каттап турчубуз. Булар ушундай бир мээрман, жаштарды колдогон адамдар эле да. Ошол күндөрдүн биринде Сооронбай аке «Ай Шакин, Меңди, саат баланчада менин иш бөлмөмө киргиле» деп калды. Эжем экөөбүз кирсек «жаңы ырдын премьерасы» деп ушул ырды угузду. «Жактыбы?» деп сурады. Жеткен жок, чындыгында мага. «Кайрыктары татаал го» дедим. Ал кезде Атай Огомбаевдин классикалары сүрүлүп, анча-мынча эстрада кебетеленген ырлар чыга баштаган. «Татаалдыктын артында татаалдык бар» деп Жолон айткандай бул ыр Рыспайдын тагдырындагы эң жогорку бийиктик болуптур. Канча жыл өттү. Өлбөстүккө айланды. Эки таланттын жүрөктөрүнүн үнү болуп калды.

Олоң чачты кырктырган арзуу

- «Сүйүү, кусалык ырлары үйлөнгүчө жазылган» деп жатпайсызбы? Андан кийин сизге арналган ырлары жазылдыбы?

- Жаады да ырлары. Мурда жеке сезимдер бизде кандай гана купуя эле... Уялып, сыртка чыгара албай жүргөн ырларын үйлөнгөндөн кийин жазды. Мисалы:

Көңүл чөктү, же бир жазган катың жок,

Көңүлүмдөн чыксаң катуу кыйналам.

Ай талаада таянаары такыр жок,

Жаш баладай үйүн эңсеп ыйлаган...

Дагы караңыз Шашып жашаган акын

- Көп эле айтып келатасыз. Баш кошконуңардын таржымалы да кызык. Сиз 8-класста кезден кат алышуу башталган экен. Ата-энеңиздер каршы болгон деп жүрөсүз. Бирок себептерин уга элекмин. Эмне тоскоол болгон?

- Бул жерде терең-терең сырлар бар. Аны дагы айта турган маал келет. Биз жалпы Муңгуш уруусунанбыз. Анын ичинен Жолон Алеке, мен Майна уулунан болом. Туугандык катыштагы уруулар болот экен, булар. Менин апам катуу, катаал, беттегенин бербеген адам эле. Ошол кезде кайненемден сөз укканбы, кыскасы экөө келише албай коюшат. Алар «албайбыз», менин апам «бербейбиз» дешет. Анан мени апам «Жолон менен жолукпайм деп убадаңды бергиниң» деп жарга такап убадамды алган. Убаданы бердим, бирок таң аткыча ыйлап чыктым. Эртең менен апам эжеме айтып атат, «таң аткыча ыйлап чыкты, стипендиясына жетпей калган окшойт, сурачы» деп. Анда биринчи курста элем.

- «Кызыбыз бактысын табыш керек» дегенге кандай карашкан, анда?

- Ал өзүнчө баян. Атам оозунан ыр куюлган лирикалуу, жакшы киши эле. Чынын айтыш керек, бардыгын апам бийлечү. Апам мени эки жолу бирөөлөргө кудалады. «Сенин Жолонуң эмне, болгону Прунзеде (Фрунзе -ред.) окуйт. Менин бөлөмдүн кайниси Ленинградда чоң институтту окуп атат. Жолонуңдан өөдө турат, ошого турмушка чыгасың» деп кудалап койду. Ага чейин дагы бирөөнө кудалаган.

Ошондон кийин каяша иретинде айтпай билет алып, 1963-жылы 3-курс болуп калгам, Фрунзеге кетип калдым. Келдим да жер чийген чачты кырктым. Чач тарачка барсам «иди, с мамой приходи» деп кубалап чыкты. Чачтарач аял деле чачымды аяса керек. Гуля деген курбум чүпүрөк менен байлап туруп кыркып салды. Ызамды ушинтип чыгардым. Бирок апам мени жакшы көрчү. Кийин үйгө барганда «жатаканадагы газга чачымды күйгүзүп алдым» десем ишенди, кечирди.

«Жолондон кийин колумду сурагандар көп болду»

3-курсту бүткөндө токтолуп калдым. «Апа, мени Жолонго бербесең күйөөгө тийбейм. Сизди Фрунзеге алып кетем. Үй сатып алып экөөбүз жашайбыз» дедим. «Атаң кантет?» деди. «А, атам сиздин күйөөңүз да, ээ?» десем унчукпай калды, түшүндү. Чынында эле «жалгыз өтөм» дечүмүн.

4-курстун башында бизди Ош шаарынын четиндеги Калинин деген колхозго пахта теримге алып кетишти. Жолон күнүгө келет, башкы ветеринар дарыгерч, машинеси бар. Эми кызык эле сезим экен, ойлосом. Колубузду да кармашпайбыз. Жолукканда, калп айткан кишиге 5-10 мүнөт эчтеке сүйлөй албай эле бири-бирибизди тиктеп калтырап турчубуз.

Дагы караңыз Жолон акын: "Биз эми эрди-катын болбой калдык..."

- Ошентип жүрүп өзүңөр баш кошуп алдыңар?

- Эң башкысы - бир тууган агам менен жеңем уруксат берди. Жолон агам менен чогуу окуган. Анан жанагы пахтага келген учурда баш коштук, ээн баштык кылып. Мугалимдерден мени бир жумага уруксат сурап алды.

- Анан кантип ата-энелериңердин көңүлүн таптыңар?

- Жолондун Токтогон деген досу бар эле. «Мен жайгарам» деп Жолондун агасына бир бөтөлкө менен барып, машинесине отуруп бөлө тарта ичип, анан «Жолон Мамазаир акенин кызына үйлөндү» деп айтып кетет. Кайненем «Алмакан сулуу» атыккан (кудай кечирсин атын айтканым үчүн) билерман, эл баккан киши болгон. «Күркүрөгөн агалары турса жетим баладай болуп талаада үйлөнөт деген эмне?» деп бизди издеп таап, үйгө алып барышкан. Эртеси эле кайненемдин Дубана деген элге алынган агасын Абдылда деген кишини кошуп менин ата-энеме барышкан.

- Кызыктуу сүйүү баяны... Жолон агайсыз азыр жашооңуз кандай? 44 жашыңызда калыптырсыз. Колуңузду сурагандар болдубу?

- Абдан көп болду. Ыза болуп ыйлаган күндөрүм болду. «Кош ак куу болсок, бирөө өлсө, анан кантип булар мени талашат» деп шылдыңдай кабыл алып жүрдүм. Эми ойлосом жаш эле калган экемин... Бирок Жолондун ордун кимдир-бирөөнө алмаштырам деген санаама да келген жок. Эки жарым жылдай дарыгерден чыккан жокмун. Анан поэзия сактап калды. Жолонго арнап ырларды тынбай жазып, ошондон каниет алдым. Чоң балам Маяк аябай колдоду. Ыраазымын. Анан колдогон, жөлөгөн жакшы адамдарга ыраазымын. Сага да ыраазымын, башатыма кайрып, өрөпкүтүп, эргитип койдуң...

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​