Түрк тилине аларды түрколог, акын Калмамат Куламшаев которууда. Жыйнак «90-жылдардан кийинки кыргыз ырларынын үлгүлөрү» деп аталат.
Китепке кирген ырлардын арасынан мисал катары келечегинен көптү үмүттөндүргөн үч акындын – Афина Бакированын, Эрлан Жумагазиевдин жана Айзат Кудайберди кызынын чыгармалары тууралуу бир катар адабият таануучулардын пикирине кызыгып көрдүк.
«Аялдарга, сүйүүдөн бак айтпаган»
«Келдиң көктөм… мага өзүмдү жоктотуп,
«Абалкыма койчу мени окшотуп?!
Өзүмдү бер! Андан бийик сурабайм,
Өлүм – өзүм менен калыш коштошуп…
Бир жымылдап, кайра бирде дуулдап,
Сенде – улуулук, менде болсо – сыгылуу.
Өгөй эмес, өз деп билсин жер мени,
Өзүмкү бол! Учуум дагы, жыгылуум…
Кечир мени, о, жан дүйнөм көөнөргөн!
Кечир! Мага ырайымың өчүрбө.
Бүгүн, бүгүн өз боло көр ыйыкка,
Катарына кошо электе эсилдер...»
Бул акыркы жылдары акын кыздар арасында өз чыйырын түптөп, сөз артына кыйла маани каткан чыгармаларды жаратып жүргөн Афина Бакированын саптары. Буга чейин, 2004-жылы «Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрүп, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты, «Алыкулдун ак боз ат» фестивалынын 2-даражадагы лауреаты болгону менен таанымал. Анын кийинки жылдары жазылган ырларында жалпы эле аял заты башынан кечирип жаткан көйгөйлөрдүн бири даана чагылдырылган.
…Ыйманыма камчы чаппай сырдашып,
Мен коштошом сени менен, дулдулум.
Аялдарга сүйүүдөн бак айтпаган,
Чөмүлүүдө, көмүлүүдө бүт кылым.
Кое бергим келет сени дүйнөмөн,
Магдыраткан бейпилчилик мага бу.
Ант берем мен! Дүйнөдө бүт аялзат,
Баш оорулуу, жүрөктөрү жаралуу.
«РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү, акын жана жазуучу Олжобай Шакир Афина Бакированын чыгармачылыгына төмөнкүдөй баа берди:
«Адатта, таланттуу акын кыздардын көпчүлүгү, үй-бүлө куруп, көр турмуш деңизине чөккөн күндөн тартып, чыгармачылык өрүшү өксүп жүргөнү ырларынан көрүнүп турса, Афинаныкы тескерисинче, турмуш жүгү мойнуна артылган мезгилден берки чыгармалары кыйла жетик деңгээлге көтөрүлүп, турмуш философиясын лирикалуу поэзиянын күүсүнө салчу болуптур. Турмуштан качкан өзүмчүл сезимге караганда турмуштун күр-шар агымы, тагдыр ташпиши, моюнга артылган үй-бүлөлүк түйшүк менен кошо чыгармачылык мээнетти кош тизгиндей колго алса болорун Афинанын ырларынан байкадык».
Афина Бакированын ырларында купуя сыр, сөз артындагы сөз, ой бар экенине басым жасаган педагогика илимдеринин доктору, профессор, публицист Абдыкерим Муратов мындай дейт:
«Улуттук адабияттын тарыхына, өткөнүнө кызыккандар сөзсүз түрдө кандай жакшы акындар, кандай муун келе жатат, кандай табылгалар менен келе жатат деп, үмүт менен карашат. Афина Бакированын поэзиясына 80-жылдары бийиктикке көтөрүлгөн, назиктик, майиндик, ички сырын сыртка чыгаруудагы өз алдынчалык, аялзаттык өзгөчө стил мүнөздүү. Ал чыгармачылыкта өтө сараң иштеди, тынымсыз жыйнак чыгарган жок. Ырларынан жылт эткен жакшы саптарды көрсөтө алат».
Өзүн издеген, буулуккан акын
«Билем, бүгүн менден качкан досторум,
Билем, эртеӊ бейитимде жаш төгөт.
Бизди бөлгөн күндөр акыр топтолуп,
Бизди көмгөн күнгө чейин апкелет!
Эки көздөн төгүлөр жаш… Ысык жаш,
Ээх, ал кезде же жасалма же чындап!
Муздак денди ошол көз жаш ысытпас,
Муңга айланып кеткен үчүн эсил жан!»
Бул саптардын автору Эрлан Жумагазиев көбүнчө турмуш темасына кайрылып, адамдын жалгыздыгын көп ырларында сүрөттөп келаткан акындардын бири. Аны адамдын башындагы эч кимге айта албас түйшүгү түйшөлтүп, алмустактан бери чечилбей келаткан калыстык маселеси качан болсо ойлондурат.
Таалай көксөп узак жолдо,
Даңкан атып сызат жорго.
Арамзалар ичиң күйүп,
Ак жолуна тузак койбо.
Бакыт издеп сызат мына,
Бата берип узаткыла.
Багытына жетип алсын,
Барар жолу узак тура.
Топту жарып сызып барат,
Тоскоолдукту бузуп барат.
Туураланып чыга калба,
Туяк кагып кызып барат...
«Мен жасап эмес, жашап жазам, - дейт автор. - Тагдырым өзү ушундай болуп турса, башкача жазсам, ал жасалма болуп жатпайбы. Мен деле кээде шаңдуу ырларды жазгым келет. Бирок, жашоомдо андай шаңдуулук болбогон соң, жасалма нерсени кантип жазамын? Дагы бир нерсе, Мекен тууралуу темаларда жазбайм. Анткени, куру бакырыкты жазгандан көрө жазбай коюу оң. Мекенди А.Осмоновдой, З.Ажыматовдой жаза алсаң жаз, болбосо жөн эле кой».
Педагогика илимдеринин доктору, публицист Абдыкерим Муратов адабиятка келген жаңы муундун алдында кыргыз поэзиясын жаңычылдыкка, жаңы бийиктикке чыгаруу милдети турганын эске салып, Эрлан Жумагазиевдин чыгармачылыгын: «Эрландын поэзиясында салттуулук бар. Мурдагы акындардын көчүн улантып келүүдө. Көөдөндөгү бугун, кубаныч-сүйүнүчүн, кайгысын жазат», - деп мүнөздөдү.
Сыйкырдуу дүйнөгө саякат
Айкөлүм, ак пейилдүүм!
Ырлардай ыйык болгун!
Топ элдин арасынан
батперек кармап алган
баёолукту,
Адашып кете электе башка болуп,
Айрыбай таап алгын!
Айлангын тилегиме,
Ыйгаргын кыялыңды.
Жанымда бийик сезгин!
Жанымда баатыр сезгин өзүңдү өзүң,
Куткарып калган мени коркунучтан!
Бул саптардын автору, Ош облусунун Араван районундагы Кичи-Алай айылында 11-класста окуган жаш акын Айзат Кудайберди кызынын өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаган ырларына көрүнүктүү акын-жазуучулар, адабиятчылар жылуу пикирлерин билдиришүүдө. Айзат 80-жылдардан кийинки «кыргыз кыздар поэзиясында» бараандуу орду бар Нарсулуу Гургубай, Нуриза Өмүрбаева, Афина Бакирова, Алиман Абдыкеримова эжелеринин жолун жолдоп, жаңылык жаратууга аракет кылууда.
Алдыда күз...
Сентябрдын сепкил баскан жүзүндө,
Ишенимдүү айтылбаган сүйлөмдөр...
Даамын унтуу бүгүн ичкен кофемдин,
Уктап калуу угуп жатып Шопенди...
17-күзүм кирип түшүмө...
«Өзүм окубасам, ушул саптарды 17 жаштагы кыз жараткан десе ишенбес элем», –деген сынчы Рахат Аманова ага мындай баа берди:
«Акыйкат, Айзаттын бул ыры ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсү бап келип, толук бүткөн чыгарма. Ал эми жаш кызга учурдагы ыр атмайдын көбүн көчкүдөй басып калган күчтүү ырлар кайдан келди? Дээрлик абстракттуу саптарга реалдуу сезимдери менен көпөлөк кыздын дүйнөсү сыйып кеткени кандай? Көндүм сөздөр менен «сүйдүм», «күйдүм» деп сүрөттөп айтпай, толкуп-ташкан абалын жалаңкат салыштыруунун күчү менен толук айтып бере алганы эмнеден? Ички сезимдерин түрдүү ыргакка салып туруп бергеничи? Азыркы кезде «пепси, попса мууну» деген жаштар арасынан поэзияда ушундай жарылууну күттүк беле? Жок. Күтүүсүз ачылыштары менен жаштар жагымдуу таң калтырып коюшту».
«Алдыда жаан,
Жаайт дешкен бейшемби,
Октябрдын ойго оролгон түндөрү.
Жамгыр жаайт, бүт тытмалап денемди,
Келсе эгер ушул күнү,
Сыртка чыгып, сырым төгүп,
Бирөө менен жеңил бийди бийлегим,
Кантээр экем мен эми!..»
«Бул ырында жан дүйнөсү жанчылган, ачык айткысы келбеген аялуу сезимдерин айбат сөздөргө сыйдырып, айтарын айтып коюп, өзү коомай карап турган аялзаты көрүнөт», - дейт, сынчы Рахат Аманова.
«Кыргыз адабиятына жаш күчтөр келатат»
Филология илимдеринин доктору, профессор, сынчы Садык Алахан сөз болуп жаткан акындардын чыгармачылыгынан көптү күтөрүн билдирди:
«Афина Бакирова окурмандарга таанылып калган белгилүү акын. Бүгүнкү күндө өз үнү, өз почерки бар. «Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын» деген китеби мындан 15 жыл мурун чыккан. Анын поэзиясында өзгөчө окурмандын жан дүйнөсүн козгогон маанай, ой, поэтикалык табылгалар бар. Ар бир жан мен жөнүндө айтып жатат деген ой камтылган.
Ал эми Эрлан Жумагазиевдин «Жан дүйнө жаңырыгы китеби» 2010-жылы он жыл мурда чыккан. Эрландын «Кунан жорго» деген ыры подтексттерге, метафораларга жык толгон ыр. Ата-энеси туралуу ырлары жүрөккө жетет, арзуу лирикаларын мыкты өздөштүргөн акын.
Көчөт кыз Айзат Кудайберди кызынын чыгармачылына токтолсок, «Алдыда күз» деген ырлар топтому чыкты. Айзат өтө жаш, жаштыгына карабай, өзгөчө табылгалары жылт этип көрүнүп турат. «Санаа» деген ыр түрмөктөрү да бар. Буйруса, Айзаттан жакшы акын чыгат деген ойдомун».
Сөзгө аралашкан адабий сынчылар өсүп келе жаткан муун кыргыз адабиятын дүйнөлүк деңгээлге жеткирүүгө аракет кылышы керек экенин, таланттуу жаштар социалдык түйүндөрдүн алкагынан чыгып, билим алып, дүйнөлүк адабиятты казып окушу зарыл болорун эске салышты.