Кыргыз бийлиги кадрлардан кыйналды

Иллюстрациялык сүрөт.

Айрым министрлер кызматка кирише элек жатып депутаттардын сынына кабылды. Бул өлкөдөгү кадр саясаты жана анын сапаты тууралуу маселени козгоду.

Жанат Бейшенов транспорт жана жол министри болуп январдын аягында дайындалган. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун каарына калып кызматтан кеткен мурдагы министр Жамшитбек Калиловдун ордуна келген.

Бейшенов министр болгонуна бир айдан өтүп өтө элек жатып депутаттардын сынына кабылды. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин шейшемби күнү өткөн жыйынында депутат Рыскелди Момбеков аталган министрликтин мисалында өкмөттүн кадр саясатындагы кемчиликтерге токтолду:

Рыскелди Момбеков.

- Жанат Саматович, сиз кесибиңиз боюнча инженер-куруучу экенсиз. Архитектура жана курулушту бүтүптүрсүз. Сиздин биринчи орун басарыңыз Жеңишбек Ногойбаев инженер-механик, эскиче компьютерщик, жаңыча айтканда «айтишник» экен. Экинчи орун басарыңыз кесиби боюнча экономист, менежер, үчүнчү орун басарыңыз инженер, стажер экен. Мындайча айтканда Транспорт жана жол министрлигинде саясий кызматта отурган төрт кишинин бирөө да жол тармагы боюнча кесиптин ээси эмес. Мен сиз ушул кызматка баратканда «жок дегенде бир жолчуну алыңыз» деп айткам. «Макул» дегенсиз. Бирок чече албай койдуңуз өңдөнөт. Кубатбек Айылчиевич, бул өкмөттүн кадр саясатындагы калпыстыктары.

Кийинки убакта бир катар өкмөт мүчөлөрү депутаттар менен коомчулуктун сынына кабылды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев февраль айында эле экономика министри Олег Панкратовго, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага ишиндеги кемчиликтери үчүн эки сыйра сөгүш жарыялады. Мындан тышкары, бир катар агенттиктер менен комитеттердин жетекчилерине сөгүш жарыялап, эскертүү берди.

Ал эми айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди сындабаган киши калган жок. Министрдин сөзүнө ишенип алып, картөшкөнү көп айдаган дыйкандар түшүмүн жарытылуу акчага сата албай, картөшкөсү кампадан чыкпай жатат.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү менен келген саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин аты да чырлуу иштердин чордонунда жүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетитинин мүчөсү, депутат Абдывахап Нурбаев министр аралашкан автоунаа чырына байланыштуу Чолпонбаев кызматтан кетиш керек деп эсептейт.

Абдывахап Нурбаев.

- Дүйнөлүк банктан Саламаттык сактоо министрлигине 11 миллион доллар каражат келген, - деди депутат. - Ал каражат аймактардагы 64 ооруканага жумшалышы керек болчу. Азыркы министр Чолпонбаев кызматка келгенде Дүйнөлүк банкка кат жазып, келишимге өзгөртүү киргиздирип, 101 миң долларга эки жол тандабас сатып алган. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет ишти иликтеп чыгып, «премьер-министр саламаттык сактоо министринин иш ордун карасын» деген чечим чыгарды. Премьер-министр аны «өзүмдүн кадрым» деп алып келип алды. Өкмөт башчы досунун кызыкчылыгын карап, бирок жалпы элдин, ошол тармактын кызыкчылыгын карабай, ушуга окшогон кадрларды кармап отурат. Булар негизи өзүлөрү «кечирип койгула» деп элден кечирим сурап кетип калышы керек болчу.

Аткаруу бийлигиндеги акыркы окуялар өкмөттөгү жана жалпы эле өлкөдөгү кадр саясатына байланыштуу маселени козгоду. «Кыргыз бийлиги жаңы көз караштагы реформатор адамдарды катарына кошууга даярбы, кадрлар кандай негизде тандалып жатат?» деген суроолор пайда болду.

- Азыркы өкмөттүн башында отурган адамдар жаңыча ойлонгон адамдардын оюн түшүнбөйт. Ошондуктан мындай адамдарды алып келе албайт. Прогресcивдүү ойлонгон, жаңы идея менен келген адамдар өкмөт жетекчилери менен бир пикирге келе албаса, иштей да албайт. Ошондон улам эски кадрларды алып келип жатышы мүмкүн. Өкмөт башчысы өзү жаңыча ойлонуп, мурда СССРдин курамында болгон Грузия менен Армения эле экономикасын кантип көтөрүп, коррупцияны кантип жойгонун көрүп, ушуга окшогон иштерди жасашы керек болчу. Анан ал өзү буларды кылбаса бир киши бир тармакка келип ишти жасай албайт, - деди Абдывахап Нурбаев.

Жалпы өлкөдөгү кадр саясатын алганда акыркы кезде мурда-кийин иштеп кеткен аткаминерлер кызматка келе баштады. Маселен, президент Сооронбай Жээнбеков 4-февралда «Комиссар Каттани» деген лакап ат менен белгилүү милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиевди Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кылып дайындаган.

Дагы караңыз Дыйкандарды таарынткан "жарды" министр

Андан көп өтпөй 8-февралда Мелис Турганбаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы болгон. Турганбаев 2014-жылдан 2016-жылга чейин ички иштер министри болуп иштеген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев Кыргызстанда саналуу гана адамдар кызматтан кызмат алмаштырып иштеп келатканын эске салды:

- Мисалы, картада валет, дама, король, туз өңдүү чоң карталар бар. Ошол өңдүү Кыргызстандын элитасында деле бир эле кишилер айланып эле жүрөт. Аты аталган Мелис Турганбаев менен Өмүрбек Суваналиев - мурда иштеп жүргөн кишилер. Мүмкүн алардын тажрыйбасын пайдаланалы деген ой болгондур. Экөө буга чейин саясатта жүрүшкөн. Бирөө шайлоо учурунда азыркы ажо үчүн чуркап эле иштеп жүргөн.

Бир катар талдоочулар Кыргызстанда кадрдык саясат партиялык ишмердикке байланып калганын белгилешет. Алар Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктү түзгөн фракциялар министрликтерден тартып андан төмөнкү кызматтарга кадрларды сунуш кылып жаткандыктан алар да жоопкерчиликтүү экенин айтышат.

Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев кадрлар жетиштүү экенин, бирок аларды пайдалануу жагы аксап жатканын айтты:

Чолпонкул Арабаев.

- Бирөө кайсы бир адамды «ушул иштейт, ишеничти актайт» деп алып келет. Бирок айрым учурларда ал ишенич акталбай калууда. Бул жалаң эле өкмөттүн иши эмес. Бул парламенттин, өкмөттүн жана айрым саясатчылардын кылганы. Айрыкча министрлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар кызматка көрсөтүп жатат. Кыргызстанда кадрдык кризис жок. Кадр деген толтура. Илим-билимдүү, өз тармагын жакшы билген, ошол тармактын бир учун чойгон бир топ улан-кыздар бар. Мына ошондой кадрларды издеп табыш керек. Экинчи айта турган нерсе - кадрды даярдаш керек. Анткени кадр даярдоо да чоң маселе.

Кадр даярдоо демекчи, мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттырыш үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын карамагында улуттук кадр резерви түзүлгөн. 2017-жылдын аягы, 2018-жылдын башында аталган кадр резервине кабыл алыныш үчүн 715 киши сынакка катышып, 34ү өткөн. Ушуга чейин анын ичинен үч гана киши жумушка кирди.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров кадр резервине экинчи ирет сынак жарыяланып, ага 500гө жакын адам катышканын кабарлады. Эми алардын арасынан да тандалып алынып, улуттук кадр резерви толукталат. Бирок аталган резервден кызматка дайындалгандардын саны дээрлик жокко эсе экенин Мадумаров өзү деле моюнга алды:

Акрам Мадумаров.

- Биз президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин аппаратына «улуттук кадр резервинде кишилер кезекте турат, аларды караңыздар» деп маалымат бергенбиз. Бул азырынча толук иштей элек. Мурдагы жумада бизди президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Муканович кабыл алып, резервдеги адамдар менен бир сыйра баарлашты. Бул иш сөзсүз алдыга жылат. Биз улуттук кадр резерви боюнча иш жүргүзүп жатканыбызга бир эле жыл болду. Эми жакынкы төрт-беш жылдын ичинде бир системага түшүп калат. Мындан ары жооптуу кызматтарга улуттук кадр резервиндеги адамдар баргыдай болгон система түзүлөт деп ойлойм.

Расмий маалымат боюнча азыр Кыргызстанда 16 миң 955 мамлекеттик кызмат орду бар. Иш жүзүндө 15 миң 873 кызматкер иштеп жатат. Андан тышкары 8484 муниципиалдык кызматкер бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.