Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү

Добушканаларда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого аракет көрүлдү.

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система менен парламенттик шайлоо өттү.

Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири.

Шайлоого көз салган байкоочулар бир катар мыйзам бузуулар катталганын айтышууда.

Шайлоо тилкесиндеги үкөк.

Бюллетендерди үкөккө таштап жаткан шайлоочу. Бишкек. 

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен барып добуш берди.

Бишкекте добуш берип жаткан аял.

Бармак издерин алуу учуру.

Ош шаарындагы "лөлү маале" деп таанылган Жаңы-Кыштак айылындагы шайлоо тилкесине келген тургундар.

Кезек күткөн шайлоочулар.

Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы алты шайлоо тилкесинде эмдөө жүрүп жатканына байланыштуу айрым шайлоочулар добуш берүүгө барбай жатканы кабарланды.

Шайлоочулардын тизмесин карап жаткан аял.

Оштогу №5319 шайлоо тилкеси.

Шайлоонун жүрүшүнө байкоочулар көз салып турду.

Добуш берүү үчүн келген тургундар. Ош шаары.

Шайлоо тилкелери чет мамлекеттерде дагы ачылды. Сүрөттө Италиянын Рим шаарындагы Кыргызстандын элчилигинде ачылган добушкана.

Саат 20:00дөн кийин шайлоо тилкелери жабылып, бюллетендерди саноо башталды. Ош.

Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири.

Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендерди кол менен саноого киришти.

Бюллетень.