«Парламент таркайт» деген имиштин тамыры

Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Маалымат каражаттарын улай саясий чөйрөдө «Жогорку Кеңеш таркатылат» деген имиш сөздөр кайрадан козголо баштады. Кезексиз шайлоо өткөрүүнүн эреже-тартиби кандай?

Жогорку Кеңешти маалынан эрте таратуунун Конституцияда каралган жолдору үчөө. Эң жөнөкөй жолу - эл өкүлдөрү өздөрү тарап кетиши. Жогорку Кеңешти таратуунун экинчи жолу кыйла татаалдашкан, ал Баш мыйзамдын 84-беренесинде минтип белгиленген: «Ушул Конституцияда белгиленген тартипте программасы бекитилбесе, өкмөттүн курамы менен түзүмү аныкталбаса президент Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоону жарыялайт». Анан таркатуунун үчүнчү, табышмактуу сценарийи 86-берененин 1-бөлүгүндө жазылган: («Премьер-министр Жогорку Кеңеш алдында өкмөткө ишеним көрсөтүү маселесин коюшу мүмкүн, ал жылына экиден ашпашы керек. Жогорку Кеңеш тарабынан өкмөткө ишеним көрсөтүлбөсө президент 5 жумушчу күндүн ичинде өкмөттү кызматтан кетирүүнү чечет же Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоо өткөрүүнү бекитет»).

Кийинки бул берене 2016-жылкы референдумдун натыйжасында азыноолак өзгөргөн. Буга чейин премьер-министр өкмөткө ишеним көрсөтүү маселесин жылына бир жолу гана коюуга укуктуу болчу.

2015-жылкы шайлоо көрсөткөндөй, шайлоо өнөктүгү бир топ кымбатка турат. Парламентти таркатуу алтынчы чакырылыштагы эл өкүлдөрү соңку сессиясына киришип калган кезде жалаң эле кошумча чыгымдарды талап кылбастан, бир топ моралдык оорчулуктарды жаратары турган иш. Эч кимге жашыруун деле эместир, мындайда «өтүмдүү» партиялардан орун таба албаган саясатчылар таасирдүү оюнчулар менен макулдашууга мажбур. «Ар Намыс» партиясынын жол башчысы Феликс Кулов Жогорку Кеңештин маалынан эрте тарап кетишине ишенбейт.

Феликс Кулов.

- Менимче, мамлекет башчы маселени БШК менен талкуулап, өкмөт, парламент тарабынан бөлүнчү каражат маселесин чечип алган күндө деле бул өзү ишке ашпай турган нерсе, - деди ал. - Башкача айтканда, ушундай деңгээлде маселени чечип, анан чоочугандай «маалынан эрте шайлоо өтөт» деп айта башташса – жарашпай калат го. Ошондуктан шайлоо убагы келгенде эле өтөт деп ойлойм. Эмне үчүн ушинтип ишенимдүү айтып жатам? Парламент дагы көп мыйзам долбоорлорун кабыл алышы керек, азыр аларды таркатып жибериш кыйын. Экинчи бир жагдай: тарап кетиш үчүн добуштардын үчтөн экисин топтоо зарыл. Ага жетиш үчүн депутаттардын макулдугу зарыл. Алар жөн эле макул боло беришпейт. Парламентте ишкерлер чогулган, алар сөзсүз ордуна бирдеме сурашат. Алар дагы депутат болгусу келгенин айтышат. Жаманатты болгондорду ким кайра командасына алгысы келет?

Мурунку аптада президент Сооронбай Жээнбеков Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын (БШК) төрайымы Нуржан Шайылдабекованы кабыл алды. Жолугушууда өлкөнүн шайлоо мыйзамын жакшыртуу, 2020-2021-жылдары өтө турган Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо маселелери талкууланды. Анда БШКнын жетекчиси 2020-жылы өтчү шайлоонун даярдыгына байланышкан бардык иштерди аткарууга жетиштүү убакыт бар экенин, алар кезектеги шайлоо өтчү мөөнөткө ылайык эсептелип чыкканын кабарлаган.

Жолугушуудан кийин БШК 2020-жылы өтчү шайлоонун графигин жарыялады. Ага ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге добуш берүү 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. 2015-жылкы шайлоодон айырмаланып жаңы шайлоонун өтө турган күнү бир жыл мурда жарыяланды. Шайлоого байланышкан дагы бир иш калды – шайлоо тууралуу президенттин жарлыгы шайлоо өтчү күндөн 75 күн мурда, ошол эле кезде шайлоо күнүнөн 60 күндөн кечикпей чыгышы керек.

Андай болсо парламентти маалынан эрте таратуу мүмкүндүгү тууралуу сөз кайдан чыкты? БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков шайлоо мөөнөтүнөн эрте өтүшү мүмкүн эмес деп эсептейт. Ал мөөнөтүнөн эрте шайлоо жөнүндөгү имиш-имиштер чечим кабыл алчу жооптуу адамдарга жакын бирөөлөрдүн оозунан чыгышы мүмкүн деген оюн айтты:

Ишенбай Кадырбеков.

- Айталы, парламентти тарата тургандар ушундай ишке өздөрү даярбы? Анан да БШК жөн жерден 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоонун графигин жарыялаган жок да. Бул кокустук эмес. БШК жарыялап жаткандан кийин бул маселени шайлоого жол аччу адамдар менен макулдашкан да. Мүмкүн бул адамдар кандай топторго бөлүнүшүн билиш үчүн жасалган «калп удургутуу» деле болушу мүмкүн. Кызыккан адамдар ким-кимдер менен барарын эртелеп билип алгысы келгендир. Дагы башка нерселер болушу ыктымал. Ушундай удургутма сөздөр чыга берет, баарына эле башын ийкегилей бергендердин кандай экенин билиш үчүн айтылат окшойт. Мындайлар буга чейин болгон, мындан ары деле боло берет.

Буга чейин алдыдагы шайлоого катыша турганын «Кыргызстан» партиясы гана расмий түрдө жарыялады. Башка партиялардын өкүлдөрү да ара-чолодо шайлоого катышуу ниети бар экенин ырастап келатышат.

Партиялар арасында бул жагынан аябай жандуу аракеттер деле байкала элек. Анткен менен жагдай кескин өзгөрүлүп кетиши толук ыктымал. Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Алишер Мамасалиев кайсы бир шартта мөөнөтүнөн эрте шайлоо өтүп калышы да мүмкүн экенин билдирди:

Алишер Мамасалиев.

- Кыргызстан эгемендигинин тарыхый практикасы менен постсоветтик мейкиндиктеги жагдай белгилүү бир мыйзам ченемди такай ырастап келатат: шайлоо качан бийлик даяр болгондо гана өтөт. «Азыркы бийлик шайлоого даярбы?» деп суроо берсек, ага мындай жооп берилет: азыр даяр эмес – административдик жактан да, юридикалык жактан да. Шайлоо мыйзамдарына байланышкан бир нече маселелер бар, маселен, шайлоонун бийик босогосу же башкалар. Мунун баары мыйзам ченемдүү нерсе.

Азыркы чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктуу мөөнөттөрү аягына жете электе деле шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Ал кандай мүмкүнчүлүктөр? Айталы, 2020-жылдын жазында дал ушундай жүрүштү бийлик жасаса оңтойлуу болмок. Мында биринчиден, алдыга озуп чыгышмак, экинчиден бийлик каршылаштары топтошуп, аракеттерин алдын-ала багытка салып коюшуна мүмкүндүк берилмек эмес. Андай учурлар биздин жагдайда буга чейин бир нече ирет болгон. Алар качан болду эле? Бийлик мыйзамдык, административдик жагынан шайлоого даяр болуп калганда шайлоо өткөрүлүп келген.

Мамасалиевдин пикиринде парламентти таратуу жөнүндөгү имиш-имиштер парламентте маанилүү мыйзам долбоору кабыл алынарда чыгып калат. Анын максаты - депутаттарды «тынч» кармап туруу.

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов да парламенттин мөөнөтүнөн эрте таратылышы ишенимсизирээк деген пикирде. Анын оюнда бул иш негизги оюнчунун аракетине жараша чынга айланып же суу кечпей калышы толук ыктымал.

Медет Төлөгөнов.

- Бизде парламентти таратуунун механизмдери көп деле эмес, ал эми президенттин ролу өтө эле жогору, - деди ал. - Албетте, парламент өзү таркап кетүүнү сунуш кылбаса, мындай болушу кыйын. Мындай кеп-сөздү кимдер таратып жатат? Бул депутаттык корпуста эмне болуп жатканын билип турууга кызыкчылыгы бар күчтөргө керек. Эмдиги жылы өтчү шайлоонун көз карашынан алганда эмне маанилүү десек, биздеги ашкан маанилүү проблема калкып чыгат. Биздеги саясий ич ара түзүлүш канчалык деңгээлде ыкчам уюшууга жөндөмдүү? Партиялардыкы белгилүү, ал жерде формалдык негиз гана бар. Адамдар жаңы партияга өтө башташат. Кез-кез партиялар да «силкинип» ич ара тазалана баштайт, анысы айрымдарга маанилүү болушу керек. Депутаттардын макулдугу болмоюнча парламенттин тарап кетиши мүмкүн эмес экенин жакшы билишет. Алардын көпчүлүгүнүн катышуусу жок алдагыдай сценарийди ишке ашыруу кыйын. Бирок баары биригип бул ишке кандай механизмди пайдаланышарын, кайсы жипти тартып турушарын билүү маанилүү.

Парламентте тарап кетүү жөнүндөгү имиш кептерди буга чейин бир нече ирет жокко чыгарышкан. Эл өкүлдөрү андайга эч кандай негиз жок экенин айтып келишет. Бирок парламенттен сырткары турган күчтөрдүн башкача планы болушу да ыктымал.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуңуз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.