Жаштыгы согуш талаасында калган жоокер

Маткерим Рахманбердиев 1915-жылы 20-апрелде Талас облусунун Манас районуна караштуу Ак-Таш айылында туулган. Чоң-Коргон айылындагы толук эмес мектепти бүтүргөндөн кийин Чүйдөгү Айыл чарба техникумуна тапшырып, ал жерде 1940-жылга чейин билим алвп, кийин согушка кеткен.

Маткерим Рахманбердиев (оңдон экинчи) 1943-жылы 5-апрелде Орел, 1943-жылы 25-сентябрда Смоленск (Орусия), 1944-жылы 24-июлда Витебск (Беларус), 1944-жылы 8-октябрда Шаулей (Литва) шаарларын, 1944-жылы 23-октябрда Чыгыш Пруссияны, 1945-жылы 9-апрелде Кёнигсберг калаасын бошоткондугу үчүн бир катар орден-медалдар менен сыйланган. Согуштан кийин да бир катар сыйлыктарды алган. Маселен, 1946-жылы 7-июлда Германияны бошоткондугу үчүн, 1985-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи даражадагы орденин алган. Бардыгы болуп 14 орден-медал менен сыйланган экен. 

Маткерим Рахманбердиев согушта чалгынчы-фотограф болгон деген маалымат бар.

Согуш талаасы. Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда Германия Польшага кол салуусу менен башталып, бир жыл аралыгында Европа өлкөлөрүн басып алган Германия 1941-жылы 22-июнда СССРге кол салган. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштун негизги бөлүгү Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы болгон. 

Экинчи дүйнөлүк согушка 61 мамлекет катышып, 70 миллионго жакын адам каза болгон. Советтер Союзу 27 миллиондон ашык жоготууга учураган.  

Экинчи дүйнөлүк согуш адамзат тарыхындагы эң ири согуш болгон. 

Окоптун жанында турган жоокер.

​Маткерим Рахманбердиевдин уулу Кубанычбектин айтымында бул анын атасы согуш учурунда тарткан сүрөттөрдүн бир эле бөлүгү. Калган сүрөттөрү сакталбай калган. 

Талаада тамактанып жаткан Кызыл Армиянын аскерлери.

Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
 

Согуштан кыйраган имараттар. 

Маткерим Рахманбердиев экинчи Дүйнөлүк согуш башталган биринчи күндөн тарта анын акырына чейин фашисттик баскынчылар менен салгылашкан.

Дарыянын боюнда турган Кызыл Армиянын аскерлери. Сүрөт кайсы жылы тартылганы белгисиз. 

Маткерим Рахманбердиев өзү кызмат өтөгөн 7-дивизияда бир гана кыргыз улутундагы жоокер болгонун анын сүрөттөрүнөн байкоого болот. 

Маткерим Рахманбердиев 7-дивизияда кызмат өтөп, Берлинге чейин жеткен.

Сүрөткө түшүп жаткан аскерлер. Арасында Маткерим Рахманбердиев да (оңдон экинчи) бар. 

Германия Советтер Союзуна кол салган күндөн тартып кыргызстандык жоокерлер башкалар менен катар фашисттик баскынчыларга каршы согушка катышкан. Алардын көпчүлүгүнүн дайыны азыркы күнгө чейин билинбей келет. 

Тамактанып жаткан аскерлер. 

 Маткерим Рахманбердиевдин улуу Кубанычбек Рахманбердиевди "Азаттыкка" билдиришинче атасынын сүрөттөрүнүн арасында согуштан кийин туткунга түшкөн немис аскерлеринин да сүрөттөрү болгон. Тилекке каршы, алар сакталбай калган. 

Ата Мекендик согуш 1945-жылы 9-майда Советтер Союзунун жеңиши менен аяктаган. 

Маткерим Рахманбердиевдин курдаштары менен. (Согуштан кийинки жылдары тартылган сүрөт).

Маткерим Рахманбердиев согуштан кийин үйлөнүп, он баланы тарбиялап өстүргөн. Өмүрүнүн акырына чейин Аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштеген жана бир канча жолу айылдык, райондук, облустук кеңештин депутаттыгына шайланган.  Өмүрүнүн акырына чейин коммунисттик партияга мүчө болгон. 

Маткерим Рахманбердиевдин фотоальбомундагы сүрөттөр 1941-1945-жылкы Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы аскерлердин жашоосун чагылдырат. 80 жаш курагында көзү өтүп кеткен согуш ардагеринин кан майдандагы фотоальбомун чогуу барактайлы.