Кыргызстанда жасалган жүк ташуучу унаалар

"Кыргыз унаа курулуш" заводу кураштырган алгачкы жүк ташуучу Dongfeng унаалары. 

Dongfeng жүк ташуучу унаасынын тетиктери.

"Кыргыз унаа курулуш" заводу кытайлык Dongfeng Motor Corporation компаниясы менен келишимдин негизинде унааларды чогултуп жатат. Унааларга тетиктер аталган компаниянын Кытайдагы заводунан алынып келинет.

Dongfeng жүк ташуучу унаасы бир жарым тоннага чейин жүк көтөрө алат.

Кытайдын Dongfeng Motor Corporation машина куруу компаниясы 1969-жылы негизделген. Кытайдагы эң ири машина куруучу компаниялардын бири болуп саналат. 

Унаа тетиктери.

Заводдун ички көрүнүшү.

Dongfeng - "Кыргыз унаа курулуш" заводунун алгачкы жүк ташуучу унаасы болуп калды.

Ишканада учурда 300дөй кызматкер эмгектенет. Ал эми завод толук ишке киргенде жумуш орундарынын саны беш миңге жетет деп пландалган.

Заводдо иштеп жаткан кыздар. 

Өндүрүштүк ишке Түркиядан жана Орусиядан да адистер тартылган.

Бул заводдо күнүнө бир жүк ташуучу унаа чогултулат.

Dongfeng кадимки "Роrter" үлгүсүндөгү унаага окшош. Ал жүк ташууга абдан ыңгайлуу жана күйүүчү майды көп талап кылбайт. 

"Кыргыз унаа курулуш" заводунун макети.

"Кыргыз унаа курулуш" заводу 2018-жылы ишке кирген.

Ишкана жакынкы күндөрү электромобилдерди чогултууну пландап жатканын мекеменин жетекчиси Нурбек Осмонов билдирди. 

Жүк ташуучу автоунаалардан сырткары ишкана лифт, электрогенераторлорду, электрокалканчтарды, темир эшиктерди да чыгарып жатат. 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жаңы унаанын ичинде. 

Буга чейин аталган ишкана электр эсептегич, трансформатор жана тез жардам унаасын чыгарган.

"Кыргыз унаа курулуш" ишканасы чыгарган Ford Transit үлгүсүндөгү тез жардам унаасы.

 

Ош шаарындагы "Кыргыз унаа курулуш" заводу кытайлык Dongfeng компаниясы менен келишим түзүп, 12 жүк ташуучу унаанын тетиктерин алып келип кураштырууда. 9-июнда компания кураштырып бүткөн алгачкы жүк ташуучу чакан унааларын кардарларга сунуштады.