Сулайман-Тоо калемгерлердин сүрөттөрүндө

Оштун башкы символу болгон Сулайман-Тоону бул чөлкөмдө кагазга түшүрбөгөн сүрөтчү деле болбосо керек.

 Ал тургай карандаш менен эптеп сүрөт тарткан катардагы калемгерлер деле тоонун элесин жок дегенде бир жолу чиймелеп көргөн.

 Тоонун элесин сүрөтчүлөр ар кандай боектор менен, ар кайсы ракурста тартканды жакшы көрүшөт.

Көбүнчө алар Сулайман-Тоонун чыгыш тарабынан тартышат. Анткени күн чыкканда калаа жана тоо өзгөчө сыйкырдуу көрүнөт.

Сулайман-Тоонун эзелтеден Фергана өрөөнүнүн жана Борбор Азиянын этникалык тургундарынын тарыхый, рухий жана маданий биримдигин чагылдыруучу сыпаты белгилүү.

А бул Ош шаарынын базары. Фонунда Сулайман-Тоо.

А бул тоо элесинин фонундагы экинчи борбор калаанын илгерки көчөлөрү жана үйлөрү.

 "Сулайман-Тоо ынтымактын символу" деген аталышта фестиваль Ошто эки жылда бир өткөрүлүп турат. 

Дүйнө мурасынын эстелиги болгон Сулайман-Тоо Ош шаарынын тарыхый бөлөгүнүн борборунда жайгашкан.

Сулайман-Тоонун уникалдык тарыхый жана рухий маанилүүлүгү эл-аралык деңгээлде кабыл алынган. 

А бул Алымбек Датканын медресесинин фонунда тартылган тоо. Бул медресе азыр жок. 

2009-жылдын 26-июнунда ЮНЕСКОнун Испаниядагы 33-жыйында Сулайман-Тоону Дүйнөлүк мурас тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген.

А бул тоонун фонунда тартылган кыздын портрети.

Бул чыгармада Ош шаарынын тарыхый көрүнүшү чагылдырылган.

Бул да экинчи борбор калаанын илгерки көрүнүшү. Жалпак там салынган маалелерде мурдараак эле үйлөрдүн экинчи кабаты жыгачтан салынчу.

Кокон хандыгынын тушундагы Ош шаарында жайгашкан мечиттердин көрүнүшү.

Бул Ош шаардык кеңешинде жайгашкан сүрөт. Мэрияда жана башка мамлекеттик мекемелерде да Сулайман-Тоонун сүрөтүн көп кезиктирүүгө болот. 

Бирок Сулайман-Тоонун, Ош шаарынын сүрөттөрү негизинен калаадагы Тургунбай Садыков атындагы музейде сакталып турат.

Музейде жыл бою ар кандай багыттарда көргөзмөлөр уюштурулуп турат. 

Музей 2004-жылы ачылган.

Мында жалпысы 100дөн ашык сүрөтчүлөрдүн 500дөн ашык эмгектери сакталып турат. Алардын ичинде атактуу сүрөтчүлөр да бар.

Алардын ичинде ар кандай ыкмада, ар кандай жанрда тартылган картиналар бар.

Бул үч сүрөт Гапар Айтиевдин калемине таандык.

Жайлоодогу көрүнүштөр.

Портреттер.

Музейде мындан сырткары айкелдер да бар. Бул ырчы Рыспай Абдыкадыровдун жана коомдук ишмер Уркуя Салиевалардын бюсту.

Деген менен бул сүрөт музейине келгендер абдан аз. Кээ күндөрү ашып кетсе 5-10 адам келет. Көпчүлү учурда студенттер жана туристтер баш багат.

 Исскуство өнөрчүлөрүнүн айтымында, ушу күндөрү Ошто 40ка жакын профессионал сүрөтчүлөр калган.