Сары-Моголдогу жайма базар

Сары-Моголдун жайма базарына соодагерлер таңкы саат 6:00дөн тарта келе башташат.

Базарда азык-түлүктөн сырткары кийим-кече да сатылат.

Базар бейшемби күндөрү болуп, Алай, Чоң-Алай жана Ош облусунун башка райондорунан да соодагерлер келишет.

Оштон 225 чакырым алыстыктагы Сары-Могол айылы деңиз деңгээлинен 2950 метр бийиктикте жайгашкан.

Бул аймакта дээрлик эч нерсе өспөйт. Бардык нерсени сатып жеген айылга агылган соодагерлер арбын. 

Базарга келгендерди тейлеген ашкана.

Чакан базардан мөмө-жемиштин, азык-түлүктүн түрүн кезиктиресиң.

Айылдагы базарда соода кызуу жүрөт.

Жайма базарда атайын шарт деле түзүлгөн эмес.

Жыл башында баасы асмандаган сабиз жайма базарда 60-65 сомдон сатылып жатат.

Бул жердеги баалар Ош шаарындагы базар баасынан көп деле айырмаланбайт.

Чанач саткан соодагер. Ал чаначтары арча менен ышталганын айтат.

Чаначтар көлөмүнө жараша 1500 сомдон 6000 сомго чейин сатылат.

Базарда жүздөн ашык сатуучу соода кылат.

Базардын аймагы 20 сотых жерди ээлеп, ал 15:00гө чейин иштейт.