Ош: бекер батир алган аткаминерлер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто кызматтык батирлерди шаардык прокуратура менен милициянын башчылары менчиктештирип алганын жарандык коомдун өкүлдөрү айтып чыкты. Алар Атай Шакир уулу менен Кылычбек Жолдошевге берилген үйлөрдү текшерүүнү талап кылышууда. Анткени эки аткаминердин өздөрүнүн үйлөрү да бар экен. Экинчи тарап болсо буларды доомат деп айтууда.