Жаан алдындагы милдет

Карантин, милиция жана өгүз. 

Ош шаарынын ичинде бир нече жерге кыймылды чектеген блокпосттор коюлуп, көчөлөрдөгү укук коргоо кызматкерлеринин саны арбыды.

Асфальттагы элес. 

Коомдук коопсуздукту сактоого ички коопсуздук аскер кызматы, атайын багыттагы бөлүктүн кызматкерлери жана күзөт кызматы тартылган.

Оштун комендантынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин маалыматында Ош шаары жана Ош облусу боюнча милиция кызматкерлери 400дөн ашуун атайын коргоочу кийимдер жана түз байланышка барбаган кызматкерлердин баары коргонуучу беткап, мээлей жана антисептик менен камсыздалган.

Күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан милиция кызматкерлери тамак-аш, транспорт жана коргонуучу кийимдер менен камсыз болбой жатат деген маселе коомдо жана социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Коронавирус менен күрөшүү учурунда медицина кызматкерлеринен кийин эле тартип сакчылары тобокелдик тобуна кирип калганы айтылып келет.

Милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургундардан жана элдик штабдардан тамак-аштар берилип келет. Бирок жакында эле комендатурадан тамак-аштын кандай шартта жасалганы белгисиз деген жүйө менен чектөө киргизген. Бирок азыркыга чейин тамак-аш жардамы уланып жатат.

Кыргызстанда 9-апрелде аба ырайы кескин өзгөрүп, өлкөнүн айрым аймактарына кар жаады. Жазгы кар бат эле эрип кеткенине карабай, өлкө аймагында дагы күндүн кабагы ачыла элек. Күн сайын жааган жамгыр блокпосттордо турган милиция кызматкерлеринин ишин кыйындатты.