Бишкек менен Оштун көчөлөрүнө жан кирди

Бишкектеги тез татым жайларынын биринде иштеп жаткан жумушчу. 

Эс алуу багында жүргөн шаар тургундары. Бишкек шаары.

Ошто 11-майдан өзгөчө абал режими алынып, карантиндик режим күчүндө калды. Өкмөт ишкердүүлүктүн төрт багытына уруксат берди.
 

11-майдан тартып баш калаа Бишкектин кире бериштеринде жалпысынан 16 санитардык көзөмөл посту иштеп жатат. Андагы кызматкерлер шаарга кирип жаткан адамдардын дене табын текшерүүдө. 

Тез татым жайларынын биринде колун жууп жаткан адамдар. Айрым тез татым жайлары кардарлары үчүн самын, суу коюп, өздүк гигиенаны жана аралыкты сактоого чакырууда. 

Ала-Тоо аянтында жашоо жандана баштады. 

Туризм агенттигинин эшигине "Ижарага берилет" деген жарнаманы илип жаткан кишилер. Серепчилердин айтымында, туризм тармагы коронавирус пандемиясынан эң көп жабыркап, айрым компаниялар жабылууга аргасыз болууда. 

Ош шаарындагы көчөлөрдүн бири. Ош шаарынын бийлиги санитардык-карантиндик талаптарды аткарбаган 50дөй мекемени кайра жапты. 

Бишкектеги көчөлөрдүн бири. 10-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат берип, иштөөгө уруксат берилген ишканаларга өз кызматкерлерине транспорт уюштуруп берүүнү сунуш кылды. Ал ошондой эле жарандарга жеке менчик автоунааны себепсиз айдап чыгууга болбой турганын эскертти. Буга чейин автоунааларга берилген өткөрмө документтердин мөөнөтү бүттү.

Шаарда коомдук транспорт иштебей, велосипедге суроо-талап жогору. Жол боюнда велосипед саткандардын соодасы кызыган учур. 

Жол боюнда эс алып отурган шаар тургундары. Бишкек шаары. Саламаттык сактоо министрлиги зарыл иши болбогон адамдарды көчөгө чыкпоого чакырууда.

Бишкек шаарына кирүү үчүн кезек күткөндөр. Бишкектин четиндеги санитардык көзөмөл посту.

Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде беткап тагынып бараткан киши. Баш калаа Бишкекте беткапсыз жүргөн жарандарга айып салынаары айтылган. 11-майда күчүнө кирген мыйзамдарга ылайык Бишкек шаарынын мэриясы беткап кийбей, карантин эрежелерин бузган жеке адамдарга 1000 сомдон, юридикалык тараптардын өкүлдөрүнө 5000 сомдон айып салынарын эскерткен.

Бишкектин кире беришиндеги санитардык постто айдоочунун дене табын өлчөп жаткан медицина кызматкери. Бийлик эгер коронавирустун жайылышы күчөп, кырдаал курчуса өзгөчө абал режими кайрадан киргизилээрин айтууда. 

Бишкектеги жаңы конуштардын бири. Бишкекте коронавирустун кооптуу очогу деп эсептелген 98 жер бар. 30-апрелде баш калаанын тегерегиндеги жаңы конуштарда коронавирус боюнча абал кооптуу экенин айтылган. Бишкектин тегерегинде жалпысынан 47 конуш бар.

Жол боюнда уюлдук телефондорго керектелүүчү каражаттарды сатып жаткан соодагер. 

Ооруканага кезек күткөндөр. 

Жол боюнда кардар күткөн таксилер. 

Май куйуучу жайлар кардарлар үчүн антисептиктерди коюшкан. 

Машине жууган жай. 1-майдан бери курулуш объектилери, сугат, жол куруу иштери жанданган. Дөңгөлөктөрдү желимдөө станциялары, интернет дүкөндөр, курулуш материалын, жер-жемиш саткан базарлар, чачтарачтар жана такси кызматы иштеп жатат. 21-майда соода борборлору, кийим-кече, автоунаа саткан базарлар ишин жандантат.

Беткаптан тажаган такси кызматынын айдоочусу. Өкмөт такси кызматтары машинени күнүнө бир нече жолу дезинфекциялап турууну, айдоочу беткап кийип жүрүүсү керектигин эскертип, экиден ашык жүргүнчү салууга тыюу салган. 

Тез татым жайларынын жанында кезекте турган жарандар. Бишкек шаары.

Ош шаарында уруксат алган ишкерлер санитардык-карантиндик талаптарды аткарууга милдеттүү. Алардын абалын жергиликтүү бийлик түзгөн атайын комиссия текшерүүдө. 

Ош шаарында карантин жүрүп жатканына карабай калаага кирүүнү каалагандар арбын. Калаанын чыгыш тарабындагы санитардык-карантиндик постто унаалардын узун кезеги пайда болду.

Ош шаарындагы үй тиричилигине керектүү буюмдарды саткан дүкөн. 

Бишкекте айрым курулуш компаниялары өз ишин 1-майдан баштап жандантты.

Ош шаарындагы жол тыгын.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө абал режими 11-майда алынды. Ал эми жалпы өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими кала берет. 11-майдан тартып бир катар мекеме-ишканаларга иштөөгө уруксат берилди.