"Нургазынын кыялы" эл аралык сынакта жеңди

Уланбек Эгизбаев, Нургазы Жакшылык уулу жана “Элим барсыңбы” фондунун өкүлү Ринат Макишов

Уланбек Эгизбаев тарткан "Нургазынын кыялы" эл аралык Webby Awards сыйлыгын "Элдин добушу" деген категорияда жеңди.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Учук айылында жашаган тубаса майып Нургазы тууралуу тасмасы эл аралык Webby Awards сыйлыгынын "Дүйнөлүк мыкты видео" сынагында "Элдин добушу" деген категорияда жеңишке жетти.

Тасма беш мыктынын бири катары сынакта ат салышты. Интернет аркылуу добуш бергендердин саны 2 миллион 300 миңден ашкан. Сынакка жалпысынан 65 өлкөдөн 13 миң видео тасма катышты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Нургазынын кыялына" добуш берели

Эл аралык санариптик искусство жана илим академиясы уюштуруп, быйыл 20-ирет өтүп жаткан сынакка вебсайттар, онлайн булактардагы фильмдер жана видеолор катышат.

"Кыял" тасмасы, тарткан Уланбек Эгизбаев

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нургазынын кыялын бирге орундаталы

“Кыял” аттуу жогорудагы тасмада майып жигиттин мыкты билим алуу тилеги, мектепке баруу үчүн квадрацикл сатып улуу үмүтү сүрөттөлгөн. Тасма “Азаттыктын” сайтына жарыялангандан кийин “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фонду аркылуу атын атагысы келбеген 23 жаштагы кыз Нургазынын кыялын орундатып, квадроцикл сатып берген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нургазы: Эми такыр мектептен калбайм

Нургазынын кыялы орундалганын чагылдырган экинчи тасма “Азаттыктын” сайтында, социалдык баракчаларында көрүүчүлөрдүн кызуу талкуусун жаратты. Тасма орус тилине которулуп, "Настоящее Время" кызматынын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 236 341 жолу көрүлүп 4172 жолу бөлүшүлсө, "Ал-Жазира" телеканалы англис тилине которгон. Эл аралык телеканалдын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу тасма 790024 жолу көрүлүп, 5396 жолу бөлүшүлгөн.

Өткөн жылдын 10-декабрында Бишкекте башталган Адам укуктарына арналган "Бир дүйнө - Кыргызстан" эл аралык кинофестивалы "Кыял" тасмасы менен ачылды.

"Кыял" тасмасынын каарманы Нургазы Жакшылык уулу "Бир дүйнө-Кыргызстан" 9-эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземинде. 10-декабрь, 2015-ж. Бишкек.