Пандемиядагы Нооруз

Көктөм майрамы экинчи борбор Ошто чоң салтанат менен өттү.

Шаар тургундарына концерттик программа уюштурулуп, театралдаштырылган көрүнүштөр менен коштолду.

Бир күн мурун шаардын бир нече жеринде сүмөлөк кайнатылып, майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн.

Быйыл Бишкек шаарында коронавирустан улам Ноорузга байланыштуу иш-чаралар өткөн жок, бирок, Ошто ал кызуу майрамдалды. 

Балдарга ар бир күн майрам, бирок, Нооруз - өзгөчө майрам.

Майрамдык палоо. 

Майрам күнү шаар тургандары үчүн спорттук оюндар уюштурулду. 

Оштогу майрамда санитардык талаптар аткарылган жок. Жергиликтүү бийлик элди топтоонун алдында адистер менен кеңешкенин, абал туруктуу болгону үчүн массалык иш-чаралар уюштурулганын айтып ындырууда.

Күрөш - кызыктуу спорт.

Ноорузда быйыл Ошто эл көп болду. 2021-жылдын 21-марты.

Бийлеп жаткан кыз.

Ош мэриясы майрымды өткөрүүгө 600 миң сомго чукул каражат короткон. Азык-түлүк кымбаттап, элдин кирешеси азайып турган учурда мэриянын бул аракеттин сынга алгандар да болду.

Сүмөлөк сатып жаткан кыз.

Азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. 

Тулпар минип, туйлатып турган жигиттер да болушту.  

Адаттагыдай эле боз үй тигилди.

Асманга шар учурулду!

2020-жылы Нооруз майрамы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам Кыргызстандын бардык аймактарында майрамдалган эмес.

Бүгүн - 21-мартта кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилеп жатышат. Борбор калаа Бишкекте коронавируска байланыштуу Ноорузга карата иш-чаралар токтотулган. Мындай чечим COVID-19 жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан кабыл алынган. Башка аймактардын дээрлик баарында майрамга арналган иш-чаралар уюштурулууда.