Карантинге илинген Ноокат жана Сузак

Коргоонучу атайын кийим кийген кызматкер. Ноокат. 

Коронавирус илдетине чалдыккандар Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл аймагынан экенин жергиликтүү бийлик ырастады. Учурда аталган аймакка өзгөчө абал жарыяланып, карантинге алынды. 

Карантинге алынган Ноокат районунун аймагына машинелердин каттамдарына чектөө киризилди. 

Ноокат районун карантинге алынган аймагындагы балдар. 

Блокпостторду милиция кызматкерлери көзөлдөөдө. 

Телефон менен сүйлөшүп жаткан милиция кызматкери. 

Ноокат районуну карантинге алынган аймагынын жашоочуларынын дээрлик эч кимисинин беткаптары жок. Милиция кызматкерлери жана айрым жарандар гана беткап тагып жүргөнүн көрүүгө болот.

Атайын кызматкерлер Сузак районунун аймагына кирип бараткан жүк ташуучу автоунааны дезинфекциялап жатат. 

18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үч тургунунан коронавирус табылып, аталган аймакта карантин жарыяланган. 

Коронавирус табылган Сузактын үч тургуну 12-мартта Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан келген. Алар менен чогуу учуп келген 142 адам азыр обсервацияда, алар менен байланышта болгон 1414 адам үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Баары Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жашайт.

Тамак-аш алган жарандар баштыктарын дезинфекциялатып жатат. Сузак району. 

Сузактагы блок пост. 

Cаламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады.

Коронавируска байланыштуу Ноокат жана Сузак райондоруна карантин жарыяланды. Ноокат районунун аймагына 35 жерге блокпосттор орнотулду. Карантинде калган аймактардын азыркы кырдаалы "Азаттыктын" кабарчыларынын сүрөттөрүндө.