Көчмөндөр оюну: туяктардын дүбүртү

Кадыресе спортторго окшобогон иш-чара ушул тапта Кыргызстанда өтүүдө. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 өлкөдөн миңдей адам байыркы мелдештердин 23 түрү боюнча күч сынашууга келишкен. Сүрөттө Кыргызстандын бийик тоолорунун арасындагы боз үйлөрдөн куралган шаарча. Анда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө. 

Оюндар 3-сентябрда туяктардын дабышы менен расмий ачылган.

Ачылыш аземиндеги бийчилер. Оюндар Тян-Шан тоолору курчап турган Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүдө.

Актер Стивен Сигал оюндун ачылышында стадионго ат минип, шайдоот кирип келди. Актёрду эл кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алды. 

Жалын чалган чабандес ат чаап баратат. Иш-чара Борбор Азиянын салттуу оюндары боюнча өтүп жатат. 

Ат оюндары менен күрөш - көчмөндөр спортунун эң кызыктуусу. Бирок программада жеңилирээк искусстволор да бар. Мектеп окуучуларынан куралган бий тобунун кыздары заманбап жана салттуу кыймылдарды аралаштырып бийлешүүдө.

Бул спортто атаандашынан таякты тартып алган адам жеңишке жетет. 

Өспүрүм ат үстүнөн жаа атууга машыгып жатат. Оюндун шарты жебени бутага атты чаап баратып атып, тийгизиш керек.

Казак жигит жааны керип, жебени коё берээр алдында. 

Өпкөсү чоң, териси чыдамкай жана ылдам чуркаган тайгандар аңчылык үчүн эң мыкты жардамчы саналат. 

2014-жылы бүркүтчүлөрдүн мелдешинде жем катары чынжырга байланган бөрүнүн эти колдонулган. Бул жолу өлүк чымчыктар болду. 

Кыргыз драма театрынын артисттери боз үйдүн ичинде отурушат.

Атчан оюндарга баратат. Күздүн биринчи белгилерин дарактардан байкаса болот.

Аялдар арасындагы жаа атуу мелдешинде Наталья Суарез Фридрих жаасын керип жатат. Венгриялык аял Кыргызстанга биринчи жолу келген. Анын айтымында, венгерлер менен кыргыздардын ортосунда окшоштуктар көп экен. "Венгрияны аябай жакшы көрөм, аны таштабайм, бирок боз үйдө жашап, көчмөн катары жашаганды да элестете алам. Балким, бир күнү ошондой болоор" деген Наталья негизи Венгрияда курьердик компанияда иштейт.

Көрүүчүлөр дарыядан өтүүдө.

6-сентябрдын таңы, кыргыз боз үйдүн алдында тишин жууп жатат.

Эң кызыктуу иш-чаралардын бири - жарышып боз үй тигүү. Мелдеште биринчи орунду алган шамдагай жигиттер көчмөндөр үйүн 13 мүнөткө жеткирбей тигип бүттү. 

Айтыштын алдында төкмө акындар бак аралап жүрөт. Домбрачы, акын Нурмат Мансур Казакстанда радиожурналист болуп иштейт.

Түшкү тамактануу алдында дуба кылуу. Боз үйдүн ичинде тамактануу абдан жагымдуу, дасторкон болсо, боорсокко толгон.

Боз үйдүн ичинде кыңайып уктап аткан кыргыз киши. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт.