Бишкекте, Ошто, Таласта жана Жалал-Абадда Жаңы жылдык балатылар орнотулуп, көчөлөр, кеңселер кооздолгон.
Кыргызстандагы Жаңы жыл шаңы

Чыгыш жыл санагы боюнча 2022-жыл Жолборс жылы. Бул жыл санак 12 жаныбардын атына негизделип түзүлгөн.

Жаңы жылды күткөн кечки Бишкек.

Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтын кооздоого жалпы жонунан 5,7 миллион сом сарптаган.

Аяз ата жана аяз кыз.
Кышкы жомокко бөлөнгөн Бишкектеги Ала-Тоо аянты.
Майрамдык маанай, Бишкек шаары.
Ала-Тоо аянтына коюлган балатынын бийиктиги 25 метр. Ага 1 400 оюнчук илинген.
Үйгө шашкан жүргүнчүлөр.
Быйыл Таласта Жаңы жыл шаңы өзгөчө.
Талас шаарындагы Жаңы жылдык балаты.
Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына коюлган балаты.
Жаштардын шаары Жалал-Абад.
Ош шаарындагы Жаңы жылдык балаты.
Оштогу борбордук аянтта оюнчук саткандардын соодасы кызыган учур.
Кечки Ош.