Кыргызстанда парламенттик шайлоого мамлекеттик жогорку кызматтагы жетекчилердин талапкер катары катышуусу кайрадан талкууга жем таштады.
Бул жолу «Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер катары ат салышып жаткан «Улуттук энергохолдингдин» төрагасы Айтмамат Назаровдун айланасында сөз болууда.
Назаров буга чейин БШК каттоодон баш тартып, сот аркылуу жарышка түшүү укугуна ээ болгон партиянын тизмесинде 58-болуп бара жатат. Дал ушул өлкөдөгү эң ири компаниялардын бирин жетектеген Назаровду өз кызматын үгүт катары колдонуп жатканын айрымдар айтып чыгышты.
Алардын бири - энергетика системасы башкаруу боюнча эксперт Наргиза Касымова. Ал үгүт өнөктүгү башталар алдындагы Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылындагы иш-чараны эске салууда.
«Эгер хронологияны карай турган болсок, 19-августта партиянын жыйыны өтүп, Назаровдун шайлоого барары белгилүү болгон. Ал эми 24-августта бул тизме БШКга берилген. Бирок анын кызматын тапшырганы боюнча маалымат жарыяланган эмес. Тескерисинче, бул датадан кийин, тагыраагы 1-сентябрда Назаров Жазы-Кечүү айылында калкты электр жарыгы менен менен камсыз кылчу объектинин ачылышында катышып жүргөнүн көрүүгө болот. Муну «Улуттук энергохолдингдин» басма сөз кызматы ишкананын сайтына, социалдык тармактагы баракчаларына жайгаштырып, Назаровду мамлекеттик ишкананын жетекчиси катары тааныштырып жатат. Мыйзам боюнча буга жол берилбеши керек эле. Анткени, бүткүл өлкөгө Айтмамат Назаров алыскы айылды электр жарыгы менен камсыз кылды деп пиар кылып жатат жана бул үчүн «Улуттук энергохолдингдин» аянтчасы колдонулууда».
Касымова Айтмамат Назаров менен бирге «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде «Улуттук энергохолдингге» баш ийген «Чыгышэлектр» ишканасынын жетекчи орун басары жана «Талас электр түйүндөрү» ишканасынын башчысы бара жатканына көңүл буруп, бул тармакта административдик ресурсту колдонуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин эскертти.
«Мен бул кырдаалда шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс колдонуу жаатындагы бир катар мыйзам бузуу менен тобокелдикти көрүп жатам. Энергетика системасы стратегиялык тармак болуп саналып, анда иштеген адистер бардык облустарда, бардык аймактарда бар экенин түшүнүшүбүз керек. Алардын жалпы саны 16 миндей жана үй-бүлөлөрү менен абдан эле көп сандагы адам болот. Мындай чоң жамаатты башкаруу менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон адам шайлоодо өз кол алдындагылардын, кеминде 16 миң адамдын добушун өзүнө алууну каалайт деген коркунуч бар».
Чынында «Улуттук энергохолдингдин» расмий сайтында жана «Фейсбуктагы» расмий баракчасында 1-сентябрда Жазы-Кечүү айылында алгач жолу электр жарыгы берилгени, ага Айтмамат Назаров «Улуттук энергохолдингдин» башчысы катары катышканы жарыялаган. Ал түгүл бул салтанатты алып барып жаткан Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев Назаровду «Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси катары тааныштырып жатканын көрүүгө болот.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Андан соң Назаров сентябрь айынын башында Баткендеги Зардалы айылына барып, электр жарыгын берүү боюнча иштер менен таанышканы тууралуу кабар жарыяланган.
Чынында эле «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» боюнча мыйзамдын 21-беренесине ылайык, өлкөдөгү мамлекеттик саясий кызматкерлер, мамлекеттин үлүшү 30% ашкан ишканалардын жетекчилери талапкерликке көрсөтүлгөндөн шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганга чейин кызматын убактылуу тапшырары жөнүндө айтылган.
«Улуттук энергохолдинг» Кыргызстандагы энергетика системасын башкарган стратегиялык ишкана болуп саналат. Анын 100% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна таандык.
«Улуттук энергохолдинг»: «Жөнөкөй жаран катары барган»
Бул кырдаал боюнча Айтмамат Назаровдон жана «Кыргызстан» партиясынын түшүндүрмөсүн алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Ал эми «Улуттук энергохолдинг» Назаровдун 24-августта өз кызматын убактылуу тапшырганын жана Жазы-Кечүүгө катардагы жаран катары барганын кабарлады.
Аталган ишкананын басма сөз катчысы Азамат Курамаевдин айтымында, Назаров учурда холдингдеги ишмердигин пиар катары колдонгон жок.
«Айтмамат Назаров 24-августта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өз кызматын убактылуу токтотуу боюнча өз арызын жазган. Ал эми «Жазы-Кечүүгө холдингдин жетекчиси катары барды» деп берген жокпуз. Ал жөнөкөй жаран катары эле барды окшойт. Жазы-Кечүүгө электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча демилгени өзү көтөрүп, аягына чыгарды. Ошол салтанаттуу иш-чарага жаран катары эле катышты».
Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы Назаровго байланыштуу окуяны териштире баштаганы белгилүү болду. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева эгер мыйзам бузулганы аныкталса, прокуратурага маалымат берилерин билдирди:
«Мен бул маалыматты текшерүүнү суранып, сунуш кылдым. Эгер мыйзам бузулганы аныкталса, прокуратурага маалыматты жөнөтүшүбүз мүмкүн».
Айтмамат Назаровго коомчулуктун көңүлүн бурган дагы окуя «Кыргызстан» партиясынын үгүт жарнамасына байланыштуу болду. Анда Назаровдун сүрөтү коюлган жарнамага партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Шаршенбек Абдыкеримов деп жазылып калганы ар түркүн тамашаларга жол ачты.
Кыргызстандын Конституциясына ылайык, ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укугу бар. Ушундан улам жетекчилердин шайлоого катышуусу боюнча укуктук эч кандай кемчилик жок.
Бирок мурдагы премьер-министр Феликс Кулов өлкөдөгү стратегиялык система болуп саналган энергетика тармагынын жетекчисинин кышка даярданбай шайлоого кетишин жакшы көрүнүш эмес деп баалады:
«Албетте, бул маселеде юридикалык жагынан кайсы бир кынтык табуу балким кыйын. Ар бир адам шайланууга жана шайлоого укугу бар. Бирок маселенин моралдык жагы бар. «Улуттук энергохолдингге» жакында гана келип, эч кандай жыйынтык көрсөтпөй туруп кайра депутаттыкка бара жатат. Кайсы бир жыйынтык көрсөтпөй туруп, шайлоого барууну кантип түшүндүрсө болот?»
49 жаштагы Назаров «Улуттук энергохолдингди» былтыр май айынан бери башкарып келатат. Кесиби боюнча экономист Айтмамат Назаров бул кызматка чейин «Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты болчу. Анын эмгек жолун карап көрсөк, жалаң жергиликтүү бийлик органдарында жана жеке ишкерлик менен алектенгенин көрүүгө болот. Тагырагы энергетика системасында иштеген эмес.
Ушундан улам өлкөдөгү стратегиялык тармакка тиешелүү тажрыйбасы жок адамдын дайындалышы бир катар талкууларды жараткан болчу.
Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычына мурдагы жылдарга караганда суу аз топтолду. Ошондуктан айрым адистер энергетикалык каатчылык болушу ыктымал экенин эскертишүүдө.
Дагы караңыз Илдет күчөгөндө Токтогулда суу азайдыАтүгүл кышында кезек-кезеги менен электр жарыгы өчүрүлөт маалыматтар да таратылып жатат. Бирок «Улуттук энергохолдинг» бул маалыматтарды четке кагып, кышында электр жарыгында маселе болбойт деп ишендирүүгө аракет кылып жатат.
Жетекчилерден кимдер шайлоого катышууда?
Негизи шайлоого эң маанилүү тармактардын жетекчилери аттанышы буга чейин деле талкууга түшкөн. Маселен, коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну келет деп чочулап турган чакта өкмөттө бул тармакка жооптуу вице-премьер Аида Исмаилованын «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанганы буга чейин ар кыл сын-пикирлерди жараткан.
Мындан сырткары өкмөттүн курамындагы бир канча жогорку даражалуу аткаминер негизинен бийликке жакын партиялардан шайлоого аттанып жатат.
Алардын ичинде эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровду жана «Альфа Телеком» («Мегаком») мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов, Бишкек милициясынын жетекчиси Канат Жумагазиев бар.
Дагы караңыз «Биримдикке» бириккен аткаминерлерАл эми «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуров, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канатбек Аманкулов шайлоого катышууда.
«Кыргызстан» партиясы менен «Учкун» мамлекеттик ишканасынын башчысы Дайыр Кенекеев жана Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Алмаз Сабырбеков аттанганы жарыяланды.
Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы Мелис Турганбаев «Замандаш» партиясынан шайлоого баратат.
«Ыйман Нуру» партиясынын отурумунда партияны маданият, маалымат министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков шайлоого баштап барары белгилүү болду.
Быйыл июнь айында азыркы өкмөт куралып жаткан учурда премьер-министр Кубатбек Боронов өзү жетектеген министрлер кабинетиндеги жетекчилер шайлоого барбай турганын айтканы бар.
Бирок жогорку кызматтагы жетекчилердин шайлоого талапкер катары катышуусунда депутаттык мандат деле максат катары саналбайт. Алардын шайлоого катышуусу өздөрү жетектеген тармакта добуш алуунун гана амалы экенин айрым адистер айтып чыгышкан.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия катышып жатат.