Бейтаптарга үмүт берген борбор

Радио нур менен даарылоо бөлүмү. 

Радио нур менен даарылоо бөлүмү 2021-жылдын аягында ишке кирген. 

Улуттук онкология борборунда нур менен дарылоочу жабдуу коюлуп, күнүнө 30-35 киши дарыланууда. 2021-жылга чейин бул кымбат процедураны алыш үчүн кыргызстандык бейтаптар чет өлкөгө барышчу.

Кезек күткөн бейтаптар. 

Бишкектеги Улуттук онкология борбору 1959-жылы ишке кирген.

Статистика боюнча, Кыргызстанда бир күндө 15 кишиге онкологиялык диагноз коюлат.

Медайым. 

Улуттук статистика комитетинин 2021-жылга карата маалыматында, 28 597 киши рак оорусу менен расмий каттоодо турат. Алардын дээрлик тең жарымы эркектер.

2020-жылы 707 кишиден ашказан рагы аныкталса, анын 500ү эркектер, 577 кишиден өпкө, бронханын шишиги аныкталса, анын 357си эркектер болгон.

Кыргызстанда жылына үч миңден ашык аялдан онкологиялык оорулар аныкталат. Алардын басымдуу бөлүгү эмчек, жатын моюнчасы жана жумуртка бездеринин рагына чалдыккандар. Оорусу аныкталгандардын жарымынан көбү бир жылга жетпей каза болуп калышат. 

Бишкектеги Улуттук онкология борбору 1959-жылы ишке кирген. Учурда борбордо жаңы аппараттар менен жабдылган лабораториялар, клиникалык, методикалык уюштуруу, лабораториялык-диагностика, радио нур менен даарылоо бөлүмдөрү бар.