Футбол: "Ак шумкарлар" жеңилди

Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Алимардон Шукуров оюн учурунда. Алимордон 19 жашта. Ал курамадагы жаш оюнчулардын бири.

Кыргызстан менен Монголиянын улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-айлампасында беттешти.

Беттеш Кыргызстандын аймагында "КТРК Спорт", "Кыргыз Спорт ТВ" телеканалдарында жана Sportrecs интернет платформасында түз эфирде көрсөттү. Күйөрмандар үчүн Бишкектеги "VEFA" жана "ASIA MALL" соода борборлорунда фан-зоналар уюштурулган.

Чабуулчу Мирлан Мурзаев. Ал бүгүнкү оюнга команданын капитаны катары чыкты. Ал эми Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны, коргоочу Валерий Кичин беттешке катыша алган жок. Себеби, ал 2019-жылы Бишкекте Тажикстан курама командасы менен болгон оюнда алган эки сары кагаздын айынан бир оюнга дисквалификация болгон.

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндары 2019-жылы 5-сентябрда башталган. 2020-жылы пандемиядан улам оюндар токтотулуп, бир жарым жылдан кийин кайра жанданды.  

Жапон өкмөтүнүн коронавируска каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба "вируска чалдыкты" деп шектелгендердин тизмесине киргендиктен, кыргыз футболчулары дарбазачысыз оюн талаасына чыгууга мажбур болгон.

Дарбазачылар оюнга чыкпай калганына байланыштуу буга чейин коргоочу позициясында ойноп жүргөн футболчу Айзар Акматов дарбазаны кайтарды.

Беттештин 33-мүнөтүндө монгол футболчуларынын пайдасына эсеп ачылды.

Оюн кыргыз футболчуларынын күйөрмандарын санаага салды.

Падемиядан улам 1,5 жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Ызаланган күйөрман.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада алты оюндан кийин 18 упай топтогон Жапония көч башында. Алты оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, алты оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орундан жылган жок.

Буга чейин Кыргызстан менен Монголия футбол курамалары бир жолу Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун 4-турунда (2019-жылдын 15-октябрында) Улан-Батор шаарында беттешкен. Ал оюнда кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.