Нарындагы заманбап билим уясы
Университет деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктикте турган Нарын шаарында жайгашкан.
Учурда 70 студентке ылайыкташкан университет келечекте 1200 студент кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жетет.
Нарындын тоолуу жаратылышына ылайыкташкан курулуштун долбоорун таанымал жапон архитектору Арата Исозаки чийген.
Окуу үчүн бир жылдык төлөм 5000 доллар, ал эми кампуста жатып окуу үчүн дагы 3000 доллар төлөнөт.
Университеттин курулуш иштери 2008-жылы башталган. Курулушка жалпы 85 миллион доллар чыгымдалган.
Алгач 70 студентке ылайыкталган окуу жай элдин талабына ылайык 1200 орунга чейин кеңейтилиши мүмкүн.
Университетке келген Канзаада Агахан IV «Сапаттуу билим менен илимий иликтөөлөр гана биз иш жүргүзгөн өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүшүнө салым кошот», деп айтты.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен Канзаада Агахан IV университеттин кампусунда, 20.10.2016
Университеттин ачылыш аземине Канзаада Агахан IV жана өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышты.
Окуу корпусунда аудиториялар, китепкана, ашкана, окутуучулар жашаган үй, студенттер үчүн эки жатакана, спорттук жайлар бар.
Университеттин ачылыш аземине келген коноктор
Студенттер эл аралык стандарттарга туура келген спорттук жайларда эс алып машыгышат.
Студенттер менен эркин баарлашуу
Студенттер сабактан бош маалында
Студенттер эл аралык стандарттарга туура келген спорттук жайларда эс алып машыгышат.
Студенттер сабак учурунда