Улуттук көркөм сүрөт музейинин маркетинг бөлүмүнүн башчысы Марал Эсенгелдиева мекеменин жаңы иштей баштаган онлайн галереясы менен тааныштырды:
- Биздин музей жаңы домен менен сайт ачты. Ал жакка кирсеңер башкы баракчадан үч негизги бөлүмдү көрөсүңөр. Булар - көргөзмөлөр жана окуялар, музей тууралуу маалымат жана галерея. «Көргөзмөлөр жана окуялар» деген бөлүмдөн азыр музейде болуп жаткан окуялар менен таанышасыңар. Галерея бөлүмүндө төрт бөлүм бар. Алар - живопись, скульптура, графика жана жасалга-колдонмо искусствосу.
Живопись бөлүмү Семен Чуйков, Владимир Образцов, Гапар Айтиев, Сабырбек Акылбеков, Александр Игнатьев сыяктуу классик сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен башталып, андан кийинки муундагы кыл калем чеберлеринин эмгектери менен уланат. Кийинки бөлүмгө кыргыз скульптурасын түптөөгө салым кошкон венгер сүрөтчүсү Ласло Мессарош баштаган, Ольга Мануйлова, Тургунбай Садыков, Дүйшөн Жолчиев, Садабек Ажиев, Аскар Турумбеков коштогон айкелчилердин иштери коюлган.
Музей үчүн санариптик технологияларды колдонуу коомчулукту жана чет элден келип жаткан туристтерди тартууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр сүрөт музейинин илимий үгүт бөлүмүнүн башчысы, аталган долбоордун жетекчиси Алмакан Найзабекова кеп салды:
- Былтыр жыл бою живопись, скульпура бөлүмдөрүндөгү чыгармаларды санарипке түшүрдүк. Сүрөткө тартып, ар бирин зарыл болгон көлөмгө келтирип, жаңы түзүлгөн сайтка киргиздик. Бул абдан чоң иш экен. Мисалы, биздин музейдин живопись бөлүмүндө төрт миңден ашык чыгарма бар. Ал фонд 30-жылдары топтолгон. Алар Эрмитаждан, Третьяковский галереясынан, Наркомпростун фондунан алынган сүрөттөр.
Долбоор жетекчиси сайтка жайгаштырылган эмгектер автору же жанры боюнча иретке салынып, доорлорго, жылдарга бөлүнүп коюлуп жатканын белгиледи:
- Негизи музейдин коллекциясы 18 миңден ашуун. Буга живопись, скульптура, графика, колдонмо искусство кирет. Азыр биз толук санариптештирип бүтө элекпиз. Живопись бөлүмү деле толук бүтө элек. Төрт миң чыгарманы бир жылда бүткөрүү абдан татаал экен. Андан тышкары быйыл же кийинки жылы графика жана колдонмо искусство деген эки чоң бөлүмдү санариптештиребиз. Графикадагы чыгармалардын саны тогуз миңге жетет. Жасалга-колдонмо өнөрү боюнча беш миңдей эмгек бар. Биз алардын баарын акырындап онлайн галереяга киргизишибиз керек.
Адис онлайн галерея бүгүнкү заман талабы экенин, жаш муунду искусствого кызыктырууга, чет өлкөлүктөргө өлкөнү жакшы жагынан тааныштырууга салым кошорун айтып отурду:
- Музейге келе албай жүргөн искусство сүйүүчүлөргө онлайн галерея өтө жакшы таасир этет. Мисалы, сиз мугалим болсоңуз Интернеттен Чуйковдун эмгектерин көргөзүп сабак өтсөңүз жагымдуу да. Бизде көп эле жогорку окуу жайлары бар. Алардын ичинде маданият жана искусство боюнча сабак берген окуу жайлары онлайн галереяны ачса болот. Бирок сүрөттөрдү жанынан көргөнгө эч нерсе жетпейт. Туристтер да Кыргызстанга келерде алгач жаратылыш, тарыхыбыз, искусство жана маданиятыбыз менен таанышат. Ошондо онлайн галереябыз көзүнө урунат да.
Адис жаңы сайт бүгүнкү күндө иштеп жатканын, каалоочулар онлайн галереяга коюлган живопись, скульптура бөлүмүндөгү миңдеген шедеврлерди көрүп чыкса болорун кыстарды.
Сынак иретиндеги долбоорду «Сорос-Кыргызстан» фонду колдоп, 2018-жылы ноябрь айында башталган.
Долбоордун ачылыш аземинде музейди санариптештирүүнү андан ары улантууга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги каржылык көмөк көрсөтөрү айтылган.