Зоот кийген жоокерлердин таймашы

Бет калканычы бар туулга кийген жоокер беттеш алдында. 

«Oрто кылымдагы согуш өнөрлөрү» фестивалына Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты. 

Жоокерди коштоп жүргөн кыз. 

Жоокер эс алуу учурунда. 

«Орто кылымдагы согуш өнөрлөрү» аттуу фестиваль жыл сайын күз айларында өтүп турат. 

Беттеш төрт бурчтук жыгач тосмонун ичинде өтөт. 

Жеңишке жеткен жоокер. 

Жоокелердин кийимине түшүрүлгөн эн белги.

Ар бир беттеш үч мүнөткө созулуп, так, таамай жана көбүрөөк сокку урган киши жеңишке жетет. 

Жоокерлердин кийимдери темирден, жезден жасалып, салмагы өтө оор. Аны менен кыймылдоо жоокерлер үчүн оңой эмес. 

Иш-чаранын алкагында орто кылымдагы жоокер кийимдеринин көргөзмөсү өттү. 

Жоокердин ар бир кийими темирден колдо жасалып, даярдалган.

Ар бир жоокердин кийими кеминде 20-30 килограммга чейин болот. 

Согушуп чаалыккан жоокерлер бой үйдө уктап жатышат. 

Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду Александр Ерофеев (Кыргызстан) ээлесе, экинчи жана үчүнчү орундарга казакстандык жоокерлер Станислав Михеев менен Ерназар Мекеев ээ болушту. 

Бишкекте орто кылымдагы жоокер өнөрүнө үйрөткөн жалгыз клуб бар. 

Туулга.

Бишкекте «орто кылымдагы согуш өнөрлөрү» аттуу фестиваль өттү. Ага 40 жоокер катышып, кылыч менен таймашып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты.