Мекендештер соцтармактар аркылуу кызмат күтөт

Москвадагы мигранттар. Архивдик сүрөт.

Соцтармактар учурда чоң күч экени талашсыз болуп турса да мамлекеттик органдар бул күчтү өз таламында толук колдоно албай жатканы өкүндүрөт.

Мамлекеттик органдар башта соцтармактардан «мокочодой» коркушканы менен бара-бара аларды өздөрүнүн маалымат каражаты катары колдоно башташканын, өзгөчө «Фейсбукту» жакшы өздөштүрүп жатканын колдонуучулар көбүрөөк байкадык.

Мурда мамлекеттик мекемелердин «Фейсбук» баракчалары орусча болуп, бара-бара келген талаптарга жараша кыргызчалаганга аракет кылып келатышат. Бирок көбүнчө мамлекеттик органдар өздөрүнүн күнүмдүк кылып жаткан иштерин гана кабарлап, «жетекчибиз тигил жакка барды, муну менен жолукту, мындай кеп айтты» деген эле маалыматтар чыгат.

Мына ушул «Фейсбукту» колдонуп чет өлкөдөгү мекендештерге маалымат берүүгө аракет кылып жаткан элчиликтер менен консулдуктардын ишин жана канткенде консулдуктар «Фейсбук» аркылуу мекендештерге кызмат сунуш кыла алат деген маселени талдап көрөлү.

Дагы караңыз Мамлекет мекендештерди ким аркылуу угат?

Эң оболу чет өлкөлөрдөгү мекендештер үчүн түздөн-түз мааниге ээ болгон мамлекеттик мекемелердин «Фейсбуктагы» барактарын карап көрөлү:

  1. https://www.facebook.com/KyrgyzstanMFA/ ТИМдин баракчасы англис тилинде, балким чет өлкөлүктөр англисче издесе тапканга оңой болсун дешсе керек, бирок орусча-кыргызча да маалымат берет. Маалыматтын көбү - министрдин эмне кылып жатканы тууралуу кабарлар.
  2. https://www.facebook.com/gosslujbamigracii/ Мамлекеттик миграция кызматынын баракчасы эмнегедир жалаң гана орусча маалымат берет. Мекемеде иштеген орустарды көрбөдүм. Кызмат көрсөтүлө турган жарандардын ичинде деле орустар жок болсо керек. Балким Орусиядагы малайлыкта жүргөн жарандарыбыз тезирээк орусташсын деп ойлошобу, биле албадым.
  3. https://www.facebook.com/elchilik/ Орусиядагы кыргыз элчилиги жаңы элчи келгени «Фейсбукту» эң кызуу колдонууда. Жаңы элчи кыргыз тилин башкалардай жерибей, Орусияда иш алып барса да баракчасынын атын кыргызчалап, маалыматтарды кыргызча да, орусча да байма-бай бөлүшө баштады.
  4. https://www.facebook.com/posolstvokrvrk/ Казакстандагы элчиликтин баракчасы да кыргызчаны жерип, орусча болсо да маалыматтарды кыргызча да бергенге аракет кылып келет.
  5. https://www.facebook.com/kirgizistanturkiyebuyukelciligi/ Түркиядагы элчилик жаңы баракчасын кыргызча жана түркчө атап, маалыматтарды кыргызча жана кези келгенде түркчө бөлүшүп келет.
  6. https://www.facebook.com/kgembassyusa/ АКШдагы элчилик такыр эле кыргызчаны жеригендерден. Баракчасынын аты англисче, берген маалыматтарынын баары орусча. АКШда жүргөн мекендештерибиздин орусчасын унутпашына көмөк көргөзүүгө аракет кылып жатышкандай.
  7. https://www.facebook.com/groups/1768325449846729/ Екатеринбургдагы башкы консулдук «Фейсбук» колдонбогондордун катарына кирет, бирок башка соцтармактарда да https://vk.com/public17659473 жалаң орусча маалымат берет экен.
  8. https://mfa.gov.kg/ru/embassies/all#letter-16 кызыккандар болсо ТИМдин веб баракчасына кирип, ар кайсы өлкөлөрдөгү элчиликтер менен консулдуктардын соцтармактарды кандай деңгээлде колдонуп жатканын көрсөңүздөр болот.
Дагы караңыз Мигранттын жон терисин сыйырган жыйымдар

Жогоруда мекендештерге түздөн-түз кызмат кылган мамлекеттик мекемелердин соцтармактарды канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн талдап көрүп, баарынын жөн гана өз пиары менен алек болуп жатканын, жөнөкөй жарандар соцтармактарды кантип колдонсо, булар да ошондой эле өзүн таанытуу ниетинде гана колдонгонун көрдүк. Эч кайсынысы соцтармактарды мекендештерге кызмат кылыш үчүн, алардын ишин жеңилдетиш үчүн колдонбогонун көрүп, «бу сиздердин санариптешүү жөнүндө түшүнүгүңөр ушубу?» деп сурагым келет.

Мекендештер кеңешинин биринчи жыйынына даярдык көрүп жатып Түркиядагы мекендештерден орчундуу маселелер тууралуу пикирлерин жана ар кыл сунуштарын сураштырдык эле. Ошондо бир мекендешибизден сунуш түшкөн, «ушул консулдуктар өздөрүнүн «Фейсбук» баракчаларында көрсөткөн кызматтарын жазып, улам бөлүшүп турса биз, мигранттар үчүн билип алганга жакшы болот эле» деп. Бул сунушту дагы башка сунуштар менен бирге мамлекеттик органдарга жөнөткөн элек. Бирок ошол жөнөкөй эле сунуш эмгиче колго алынбаганы өкүнүчтүү.

Мамлекеттик органдар, элчиликтер менен консулдуктар «көп суралган суроолор» боюнча жоопторду даярдап, маал-маалы менен соцтармактарда бөлүшүп коюп турса мекендештер үчүн чоң кызмат болоорун түшүнүү анча оор болбосо керек. Мисалы, «Паспортумду кантип алмаштырам?», «Соттолбогону жөнүндө кагазды кантип алам?», «Жаңы төрөлгөн балага кантип күбөлүк алам?» деген суроолордун жоопторун даярдап, керек болсо чакан видеороликтерди жасап, элчиликтердин «Фейсбук» баракчаларына коюп, жумасына бир кайталап коюп турсаңар, элчинин кайда жүргөнүнө караганда мигрант үчүн алда канча кызык болот эле го дейм. Бул да болсо соцтармактарды колдонуп кызмат көрсөтүү болуп эсептелет эле да.

Чындап келгенде көпчүлүк мигрант мекендештер элчиликтерден, консулдуктардан кандай кызматтарды алса болорун, алардын эмне иш кыларын да толук билишпейт. Эмнеге жетекчилердин эле кыймыл-аракеттерин чагылдырбай, эмне иш кыларыңарды, кандай иш жүргүзөрүңөрдү да билдирбейсиңер?

Дагы караңыз Катталгысы келген мигранттын миң убарасы

Соцтармактарды колдонуп ар кандай сурамжылоо иштерин жүргүзүү эмнеге биздин мамлекеттик мекемелердин акылына келбейт? «Элдин талабын канчалык аткарып жатабыз, кандай болгондо дагы жакшыраак кызмат көрсөтө алабыз?» деген ой акылыңарга келип, соцтармактар аркылуу сурамжылоо жүргүзсөңөр өзүңөрдүн да, элдин да сообуна калат элеңер. Элчиликтер, консулдуктар соцтармактарда «бизге сын айтылбаса экен, сын чыкса эле реакция кыла коёлу» деп карап отурушат. Анын ордуна ишиңерди жакшыраак кылыш үчүн «Фейсбук» баракчаңар аркылуу сурамжылоо кылып, нааразылыктын алдын алып коюп турсаңар тынч уктайт элеңер.

Сөздүн акырында элчиликтер менен консулдуктардан бир өтүнүчүм бар – «Фейсбук» баракчаларыңарды жөнөкөй жарандардыкындай өз пиарыңар үчун колдонууну таштап, мамлекеттик мекеме экениңерди эстеп, жарандарга кызмат кылууга багытталган иштер үчүн колдонсоңор.

Окурмандар да өз пикирлерин бөлүшөт деген ойдомун.

Айбек Сарыгулов, Мекендештер кеңешинин мүчөсү

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.