Миграция: депутаттын талаштуу сунушу

Коллаж.

20-21-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйындарында Орусияга жете албай жаткан мигранттардын маселеси көтөрүлдү. Талкууда айрым депутаттар Кыргызстанда жумушсуздук күч алганын белгилешип, мигранттар Орусияга оңой жетип алышы үчүн поезд каттамдарын калыбына келтирүү сунуш кылышты.

Талас облусунун тургуну Мухтар Айбек уулу Орусияда кондитердик цехте иштеп үй-бүлөсүн багып жүрчү. Ал 2020-жылдын октябрь айында Кыргызстанга дарыланганы келген. Бир-эки айдан кийин кайра Москвага кетип калам деп ойлогон. Бирок учак билетинин баасы асмандап кеткендиктен жумушуна кайта албай отурат.

«Авиабилет 45 миң сом дешти. Ага кошулуп кайра өзүнчө «негиздеме» деген кагазы 12-13 миң сом экен. Кыргызстанда жумуш жок. Болсо да айлыгы аз. Азыр үй-бүлөмдү бага албай кыйналып жатам», - деди Айбек уулу.

20-январда Жогорку Кеңеш ички эмгек рыногун кошуна өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарынан коргоо боюнча мыйзам долбоорун талкуулады. Аны талкуулоо учурунда депутат Акылбек Жапаров буга чейин Орусияда иштеп келген эмгек мигранттарын Москвага поезд менен болсо да жөнөтүүнү сунуш кылды. Ал мындай пикирин Кыргызстанда жумушсуздардын катары калыңдап, уурулук күчөгөнү менен байланыштырды:

«Москванын мэри Собянин бир топ жумуш орду бошоп, иштегенге киши жок болуп жатканын айтты. Биз авиакаттамдарды ордуна келтире албай жатабыз. Керек болсо эшелон-эшелон кылып поезд менен балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек. Орустун акчасын - 5-10 миллиард рубль алып, балдардын билетин алып берели. Бир-эки жылда кайра өздөрү төлөгөндөй кылып... Жумушсуздук күчөп баратат».

Депутат бул маселени өкмөттүн алдына кабыргасынан койду. Бирок анын пикири коомчулукта түрдүү пикир жаратып, социалдык тармактарга кызуу талкууланган темага айланды.

Коронавирус пандемиясынан улам Орусияга кирип-чыгуу эрежелери татаалдашкан. Орусиянын чек аралары 2020-жылдын март айынан бери жабык. Аба каттамдарына да чектөө киргизилген. Учурда Бишкектен жана Оштон Москвага аптасына эки каттам жүргүзүлөт. Билеттин баасы авиакассаларда 30 миң сомдон 70 миң сомго чейин сатылууда.

Карантин шартында Кыргызстанда жүргүнчү ташыган темир жол каттамдары да жабылган. Транспорт жана жол министринин орун басары Талантбек Султабаев учурда жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди:

«31-декабрдан баштап ички жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча каттамды жандандырдык. Ал эми чет өлкөлөргө каттамды жандандыруу маселеси Орусия менен Казакстандын өкмөттөрү менен чогуу чечилет. Темир жол каттамдарын жүргүзгөнгө биздин техникалык даярдыгыбыз жетиштүү. Бирок коронавируска байланыштуу бул үч өлкөнүн штабдары биргелешип чече турган маселе болуп турат. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок каттамдар качан жанданары белгисиз».

Дагы караңыз Кыргызстанда жумушсуздук күчөдү

21-январда Жогорку Кеңеште бул маселе кайра көтөрүлдү. Депутат Осмон Турдумамбетов авиабилеттердин баасына кызыкты.

«Элди багып жаткан мигранттардын маселесин чече албай жатабыз. Жарандык авиация агенттиги менен Мамлекеттик миграция кызматы ар башка жоопту айтышат. Бирок авиакаттамдарды көбөйтүү маселеси ачык бойдон турат. Өкмөт ишти эртерээк баштабаса кеч болуп калат», - деди ал.

Коронавирус пандемиясына чейин Бишкек менен Оштон Москвага бир жума ичинде эле кеминде ондой рейс болуп, 2 миңдей жүргүнчү ары-бери каттап турган. Каттамдын бир тарабы 15-20 миң сомдун тегерегинде болуп келген.

18-январда Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев авиабилеттерди арзандатыш үчүн Кыргызстан Орусиядан туруктуу аба каттамдарын көбөйтүүнү суранганын билдирген. Азырынча орус бийлигинен тиешелүү жооп келе элек.

Шаршеев авиакомпаниялар пандемияда тарткан чыгымдарын жабыш үчүн билет баасын жогорулатууга аргасыз болуп жатканын айткан. Ал Жарандык авиация агенттиги билеттердин баасын көзөмөлдөй албай турганын да кошумчалады. Шаршеевдин айтымында, авиакомпаниялар өз ара атаандаштыктын негизинде билеттин баасын бекитет.

Миграция боюнча адис Улан Шамшиев миграциянын эсебинен жан баккан кыргызстандыктарга колдоо керек болуп жатканын белгиледи:

Миграция боюнча эксперт Улан Шамшиев

«Кыргызстандын экономикасы жумушсуздукту толугу менен жоё албайт. Муну баарыбыз түшүнүп турабыз. Ошондуктан кыска убакыттын ичинде жумушсуздук маселесин чечиш үчүн мигранттарды колдошубуз керек. Ошол эле кезде өкмөт да тиешелүү аракеттерди көрүп жатат. Кыргызстандын 2,5 миллионго чукул жумушка жарамдуу жараны бар. Анын 40% жакыны миграциядан жан багат. Жумушсуздук маселеси азыр анча байкалган жок. Бирок жаз айлары менен экономикалык шарттардан улам миграция кайрадан күч алышына өбөлгө түзүлөт. Бул жалаң эле Кыргызстанда болуп жаткан жок. Дүйнөлүк тенденция ушундай болуп турат».

Карантинде иш токтогондуктан Орусиядагы түмөндөгөн кыргызстандык мигранттар мекенине кайтып келишкен. Расмий маалымат боюнча пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн 60 миңдей кыргызстандык мекенине келген. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда жүргөн. Айрым эксперттик талдоолор боюнча бери дегенде 100 миңден ашык мигрант Кыргызстанга кайткан. Мунун айынан жумушсуздук да күч алганы айтылууда.

Дагы караңыз Жасалма «негиздеме» мигранттарды кыйнады

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы жумушсуздардын саны 2020-жылга карата 156 300 кишини түзөт. Расмий эмес булактарда болсо ишсиздердин катары жарым миллионго жетери айтылып жүрөт. Улуттук статистика комитети COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдө бери дегенде бирден киши жумушсуз калганын билдирген.

Соңку маалыматтар боюнча бул кезде Орусияда иштеген кыргызстандыктардын саны 550 миңдин тегерегинде. Мурдагы жылдары алардын саны туруктуу 700-750 миңден ашып, миграцияга чогуу чыккан балдарын жана үй-бүлө мүчөлөрүн кошо эсепке алганда 1 миллионго чамалачу.