Бишкек, Ош жана Токмок: мэр шайлоо кандай өттү?

Бишкек шаардык кеңешинин 26-августтагы отуруму.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев добуш берүү учурунда.

Бишкек шаардык кеңешине 45 депутат 11-июлда өткөн жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгында депутат болушкан. Алардын 13 аялдар. 

Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгы саналып жаткан учур. 

Бишкектин мэрлигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Айбек Жунушалиевге шаардык кеңештин 45 депутаттын 43ү добуш берди.

Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

45 жаштагы Жунушалиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен 12-августта дайындалган. Ага чейин ал өкмөт башчынын орун басары, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде статс-катчы, Чүй облустук администрациясында түрдүү жетекчилик кызматтарда иштеген. 

Ош шаардык кеңешинде жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов мэр болуп шайланды. Ага 45 депутаттын 43ү макулдук берип, экөө каршы болду.

Айбек Жунушалиев Бишкек мэри болуп шайлангандан кийин журналисттерге маалымат жыйын куруп, шаардагы чарбалык, майда жумуштардан сырткары, чоң долбоорлорго басым жасап, таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга инвестор тарта турганын билдирди. 

45 жаштагы Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган. Ага чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп да иштеген.

Токмок шаарынын мэри болуп шайланган Урматбек Самаевге шаардык кеңештин 19 депутаты добуш берген. Экинчи талапкер Азат Кубатбек уулуна 11 добуш тийди. Добуш берүүгө 31 депутаттын 30у катышты. Депутаттар топтолбогондуктан, Токмокто мэр шайлоо үч саат кеч башталды. 

Кыргызстандын үч шаарында, Бишкекте, Ошто жана Токмокто 25-августта мэр шайлоо болду. Башкалаага Айбек Жунушалиев, Ошко Алмаз Мамбетов, ал эми Токмок шаарына Урматбек Самаев жетекчи болуп шайланды.