Маалыматты жашыруунун мандеми

Иллюстрациялык сүрөт. Коллаж.

Матраимовдордун үй-бүлөсү менен маалымат каражаттарына байланыштуу чыр кайрадан күн тартибине чыкты. Бул жолу «Супер ТВ» медиасынын журналисти ага Райымбек Матраимов тууралуу маселе көтөрбөө жөнүндө эскертүү берилгенин айтууда.

Бирок Матраимовдор журналисттин айтканын четке кагууда. Бул журналисттердин ишмердигине байланышкан алардын биринчи чыры эмес. Матраимовдордун үй-бүлөсү менен журналисттерге байланышкан башка бир иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда.​

«Матраимовдон башка маселе жокпу?»

19-январь күнү «Супер ТВ» медиасынын журналисти Шаиста Шатманова Райымбек Матраимовго байланыштуу маселени көтөрбөө тууралуу телефон аркылуу эскертүү болгонун айтып чыкты. Ал мындай сунуш президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен видеомаек уюштуруу максатында суроолорду аталган дарекке алдын-ала жөнөткөндөн кийин берилгенин «Азаттыкка» билдирди.

Журналист Шаиста Шатманова эскертүү кылып телефон чалган «Райымбек Матраимовдун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов» экенин бышыктады:

Шаиста Шатманова.

«Ал: «Кечке эле Матраимов деген темага жабышып эле калдыңар. Кыргызстанда башка маселе, башка тема калбай калганбы?» деген сөздөрдү айтты. Буйрук берген жок, албетте. Бирок «Башка тема жокпу?» деген суроонун өзүн басым көрсөтүү деп ойлойбуз».

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык чуулуу иштери тууралуу буга чейин бир катар журналисттик иликтөөлөр чыккан.

Анын агасы, депутат Искендер Матраимов журналистке телефон чалганын «Азаттыкка» тастыктады, бирок басым көрсөтпөгөнүн, ошондой эле байланыштын Талант Мамытовго тиешеси жок экенин билдирди.

Искендер Матраимов.

«Эч кандай басым кылганым жок. «Иштен кеткенине үч жарым жыл болду, андан башка темаңар жокпу?» - деп эле айткам», - деди Искендер Матраимов.

Журналист Шаиста Шатманова президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго берилчү суроолордун арасында Матраимовго байланыштуу суроолор да бар экенин белгилеген. Ал ошондой эле бул дал келүүбү же чын эле Матраимовдордун бийликке таасири дагы эле күчүндөбү, билбей турганын айтты.

Эске сала кетсек, декабрь айында эркин журналист Али Токтакунов менен «Factcheck.kg» сайтынын негиздөөчүсү Болот Темиров «Мамытов-Матраимов көмүскө достугу» деген аталышта кезектеги журналисттик иликтөөсүн жарыялашкан. Кыргыз жана орус тилдеринде чыккан иликтөөдө президенттин милдетин аткаруучу спикер Талант Мамытов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы тууралуу айтылган.

Журналисттер тапкан жаңы далилдер боюнча, катардагы депутат болуп турган кезинде Мамытовдун кеңешчиси болгон Тынчтык Сулайманов аттуу адам Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын бир тууган иниси экени аныкталган. Аталган иликтөөнүн авторлорунун бири Болот Темиров коомчулуктан маалымат жашырган убак өтүп кеткенин белгиледи:

Болот Темиров.

«Демек, журналисттин Талант Мамытовго жиберген суроолорун Матраимовго жеткирген адамдар бар. Себеби Мамытов мурдагы бийликтин журналисттерди коркутуп-үркүтүү жолуна түшкөн болсо - бул эң жаман көрүнүш! Азыр иликтөө журналистикасы аябай өнүктү. Мурдагыдай маалымат каражаттарын кысып, жаздырбай койсо эле эл, коомчулук билбей калат деп ойлогон туура эмес. Коомчулуктан жашырып, алдап коюу мүмкүн эмес».

Кыргызстандан миллиондогон долларды чыгарып кетүүгө аралашкан, кытайлык уйгур улутундагы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайларды териштириш үчүн 2019-жылдын ноябрында Талант Мамытов жетектеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал ишин 2020-жылдын июнь айында жыйынтыктаган. Комиссиянын корутундусу парламенттин 18-июндагы отурумунда талкууланган жана токтом кабыл алынган.

Саймаити менен байланышы бар экени айтылып келаткан Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы комиссиянын отурумдарында жана корутундусунда аталган эмес. Ошондой эле комиссия «иликтөөчү журналист Али Токтакунов Саймаитиден 100 миң доллар пара алган» деген эки адамдын күмөндүү көрсөтмөсүн жарыялаган. Мындай тыянак коомчулукта Талант Мамытов жетектеген утурумдук комиссиянын ишинен күмөн санаган пикирлерди жараткан.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 6-январдагы жарлыгы менен дайындаган судьялардын арасында журналисттер менен соттошууда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жана Ысмайыл Матраимов фондунун кызыкчылыктарын коргоп келген адвокат Лейла Байдаева да бар.

Ал журналисттер менен Матраимовдордун иши каралып жаткан Свердлов райондук сотуна судья болуп бекиди. Президенттин басма сөз кызматы «судьяны бекитпей коюуга эч кандай негиз жок болчу» деп учурунда билдирген.

Создуктурулган сот, өзгөртүлгөн фамилия

Жалпыга маалымдоо каражаттары менен Матраимовдорго байланыштуу чырлуу иштер буга чейин да катталган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү 2019-жылдын 9-декабрында «Азаттык» радиосун, журналист Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын бул үч медиада жарыяланган иликтөөлөрдөн кийин сотко берип, жалпысынан 60 миллион сомдук доо койгон. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

Учурда бул иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып келе жатат. 15-январда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосу, журналист Али Токтакунов жана «Kloop.kg» сайты менен 15-январга белгиленген соту жубайлар Уулкан жана Райымбек Матраимовдун фамилиялары өзгөргөнүнө байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Судья Жылдыз Ибраимова Райымбек Матраимовдун фамилиясы Исмаилов, ал эми аялы Уулкан (Аманда) Тургунованын фамилиясы Сулайманова болуп өзгөргөнүнө байланыштуу алардын ишенимдүү өкүлдөрүн Мамлекеттик каттоо кызматынан атайын маалымдама алып келүүгө милдеттендирген. «Азаттыктын» адвокаты Акмат Алагушев муну Матраимовдордун жактоочулары тарабынан сотту создуктуруу аракети катары баалады:

Акмат Алагушев.

«Ага «фамилиясы өзгөрүлдү» деген маалымкат керек. Соттун талабы туура. Муну адвокаттары билиши керек эле, кантип эле билбесин? Ишеним каттарынын мөөнөтү бүтүп калганына карабай, соттун улана беришине биз макулдук бергенбиз. Бирок Матраимовдордун өздөрүнүн адвокаттары каршы болушту. Мындай аракеттер менен алар сотту созууга аракеттенип жатышат».

Бул сот ишинде жоопкер болуп өтүп жаткан журналист Али Токтакунов болсо Райымбек Матраимовдун коррупциялык иштерин мойнуна алып, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп аткан соң, соттук териштирүү токтотулууга тийиш экенин белгилөөдө.

Райымбек Матраимовдордун фамилиясын өзгөрткөнү тууралуу маалыматтар АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду аялы Уулкан Тургунова менен кошуп, «Магнитскийдин тизмесине» киргизген учурда чыкты. Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Раимбек Матраимов, Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген үч башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

АКШнын Финансы министрлигинин расмий сайтына чыккан маалымат.

Чуулгандуу коррупциялык иштерде аты аталган Райымбек Матраимов фамилиясын Исмаилов, ал эми анын аялы Уулкан (Аманда) Тургунова фамилиясын Сулайманова кылып качан өзгөрткөнү тууралуу маалымат жок. Мамлекеттик каттоо кызматы бул ар бир жаранга гана тиешелүү болгон сыр экенин билдирүүдө.

Мекеменин басма сөз катчысы Дамира Азимбаева Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жарандар аты-жөнүн каалагандай кылып өзгөртүүгө укуктуу экенин «Азаттыкка» билдирди:

«Биздин мыйзамдар жол берет. Жаран атын, фамилиясын каалагандай кылып өзгөртүүгө укугу бар».

Мамкаттоонун түшүндүрмөсү боюнча аты-жөнүн өзгөрткөн жарандын идентификациялык маалыматтары өзгөртүлбөйт. Демек, аты-жөнүн өзгөрткөн күнү да жаран тек-жайын аныктаган маалыматтарын алмаштыра албайт. Райымбек Матраимов аты-жөнүн үч башка кылып өзгөртсө да АКШнын Мамлекеттик департаменти анын баары бир эле адам экенин аныктап отурат.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жубайлардын фамилияларын өзгөртүшү чет мамлекеттердеги мүлкүн сактап калуу аракети болушу мүмкүн деп божомолдоду:

Клара Сооронкулова.

«Менин оюмча булар «Магнитский актына» киргизилгенден кийин аларга дүйнөнүн көп жерлеринде эшиктер жабылат. Мүлкүн коргоодо кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Райымбек Матраимовго 2020-жылдын октябрында кылмыш ишин козгоп, 20-октябрда кармаган.

Тергөө маалыматтарында Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнү, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганы кабарланган.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон. Кийинчерээк ал бюджетке 2 млрд. сом төлөгөнү расмий кабарланган. Каражаттын 1 млрд. 400 млн. сому акчалай, калганы бир соода борбору, тогуз батир түрүндө төлөнгөн.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын ичиндеги кылмыштары боюнча иш изилденип бүтүп, эми анын тышкы аткезчилик байланыштары боюнча жаңы иш козголуп, тергелип жатканын билдирген.

Тергөө иштеринде, атайын кызмат тараткан маалыматтарга караганда, мурдагыдай эле «Райымбек Матраимов» деген аты-жөнү колдонулуп келе жатат. Ал эми анын фамилиясын «Исмаилов» деп өзгөртүшү тергөөдөгү документтерге да тиешелүү болор-болбосу белгисиз.

Райымбек Матраимов жана анын адвокаттары же Жогорку Кеңештеги депутат агасы Искендер Матраимов бюджетке которулган каражат тууралуу комментарий бере элек. Ошол эле учурда паспортту өзгөртүүнүн себеби тууралуу да маалымат таратышкан жок.