"Марукамэдеги" кыргыздар

"Жапонсуңарбы деп сурап калгандар болот. Бирок көбү эле мындай ресторандарда кыргыздар иштерин билишет. Тамактангандан кийин ыраазы болуп кетишет. Түштөнүү маалында тынымсыз иштейбиз. Жапон тилинде учурашканды, коштошконду үйрөнгөм, бирок бат эле унутуп калам", - дейт Гүлбарчын Турганбаева.

Гүлбарчын Турганбаеванын Москвага келгенине бир жыл болду. Кыргызстанда медайым болуп иштеген. Жамаат ичинде сый-урматка ээ. 

Өмүрбек Нурматов Орусияда 10 жылдан бери иштейт. Өмүрлүк жарын дагы ушул жерден жолуктуруп үйлөнгөн. "Үй салдым, унаа алдым" - дейт сыймыктануу менен. Жапон элинин "ундон" деп аталган кесмесин "Оштук лагман" деп атап алган. 

"Жамаат ынтымактуу. Бири-бирибизге кол кабыш кылып, жардамдашып иштейбиз. Башында эч нерсе билбей келип эле, кийин бири-бирибизден үйрөнгөнбүз", - дейт Өмүрбек Нурматов.

Эрлан Аширов башында Красноярскта базарда, кийин жүк ташуучу болуп иштеген. Орусиянын жарандыгын алгандан кийин Москвага келип, дароо жапон ресторанына ишке кирген.

"Ундон" деп аталган жапон кесмесин даярдоо маалы. 

Кыргызстандыктар менен бир жамаатта иштеген москвалык Сергей. Ал тоок, күрүч, кесме деген кыргызча сөздөрдү кесиптештеринен үйрөнгөн.

Иш кызыган маалда 

Москвадагы "Марукамэ" жапон ашканасы.

Жакшы шарты бар жапон ашканасына жумушка кирүүгө Орусиянын жарандыгы талап кылынат.

Сергей кыргызча эки-үч ыр билет. "Жамгыр төктүнү" өзгөчө жакшы көрөт.