Саба бузуу шааниси

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте коомдук уюмдар “Кыргыздын кымыз майрамы” аттуу көргөзмө-жармаңкесин өткөрдү. Ага республиканын төрт бурчунан жайлоолордон келген кымыздар коюлду. Улуттук суусундукту даңазалоо максатында өтүп жаткан иш-чарада ырчылар, төкмө акындар, манасчылар өнөр көрсөтүп, кымыз тууралуу кызыктуу маалыматтар айтылды. Жармаңкеге коюлган кымыздын баасы 100-150 сомду чапчыды. Кымыз фестивалы быйыл Бишкекте экинчи ирет өтүп жатат. Иш-чараны “Кыргыз Ынтымагы” коомдук бирикмеси уюштуруп келет.