КТРК жетекчисин айыпка жыккан сунуштама

Иллюстрациялык сүрөт.

БШКнын үгүт иштерин жана маалымдоону көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу президенттикке талапкерлердин дебаттарын «YouTube» каналынан жана социалдык тармактан өчүртүлүшүн карап, БШКга сунуш киргизди.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) президенттикке талапкерлер Абдил Сегизбаев, Курсан Асанов жана Улукбек Кочкоров алардын катышуусундагы түз ободогу дебаттын видео тасмасы КТРКнын «YouTube» каналынан атайылап өчүрүлгөнүн айтып, бул боюнча чара көрүүнү талап кылып, арыз менен кайрылган.

БШКнын үгүт иштери менен маалымдоону көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу аталган талапкерлердин арызын карап, БШКга чечим кабыл үчүн сунуштама киргизди. Жыйынга даттанган тарап менен бирге КТРКнын жетекчилиги да чакыртылган.

Жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбеков маселенин төркүнү жана кабыл алынган сунуштун мазмуну менен кыскача тааныштырды:

«КТРКнын жетекчилиги «техникалык мүчүлүштүктөн улам ошондой болду» деген түшүндүрмө берди. Бирок аларга карата «Анда эмне себептен видео тасма серверде калган эмес? Экинчиден, тасма түз ободо болгондо автоматтык түрдө «Фейсбукта» сакталышы керек эле, эмнеге ал өчүрүлүп калды? Тасма «Телеграм» жана «WatsApp» каналдарда жүрөт, эмнеге ал жактан алып, видео кайра калыбына келтирилген жок?» деген сыяктуу суроолор болду. КТРК жетекчилиги буга тиешелүү жооп бере албады. Ошондуктан жумушчу топ мындай жыйынтык чыгарды: КТРКнын башкы директоруна 5 500 сомдук айып салууну, президенттик шайлоого талапкерлердин дебатынын үчүнчү күнүндөгү видеону «YouTube» хостингине кайра жүктөөгө жана аны социалдык тармактар аркылуу акы төлөнө турган таргеттик негизде 9-январга чейин жайгаштырууга милдеттендирүүнү сунуш кылды».

Дагы караңыз Үчүнчү дебат: УКМК жана саясий куугунтук

Мыйзам боюнча жумушчу топтун бул чечими сунуш иретинде гана болуп, ал БШКнын жалпы жыйынынын кароосуна коюлуп, добуш менен бекитилет.

Аталган сунуштамада шайлоо мыйзамдарын бузганы үчүн жумушчу топ салынган айыппулду, видеону «YouTube» хостингине кайра жүктөп, соцтармакта таргеттик негизде жайылтууга кеткен чыгымдарды КТРКнын жетекчилигинин өзүнүн эсебинен төлөтүү зарыл экени айтылган.

Жумушчу топ КТРКнын видеосунун порталга жүктөлүп, бирок чукулунан кайра өчүрүлүшү боюнча маселени 2-январда талкуулап, Боршайкомго жогорудагыдай сунуш киргизген. Түз ободо чыккан дебаттын видеосу аталган порталдан бир сааттан кийин өчүрүлгөнү коомчулукта ар кандай талкууларга жем таштаган болчу.

КТРКнын жетекчилиги бул жагдай тууралуу алгач эч кандай үн катпай туруп, кийинчерээк муну техникалык мүчүлүштүк катары түшүндүрдү.

Бактияр Алиев.

КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев БШКнын жумушчу тобунун сунуштама чечимине макул эмес экенин айтып, анда видеотасманы атайын өчүртүү аракети болгон эмес деген оюн ортого салды:

«Биз БШКНын жумушчу тобунун ал сунуштамасына макул эмеспиз. Айып салуу боюнча чечимди артка кайтарбаса, анда биз БШК менен соттошууга даярбыз. Анткени биз дебаттарды мыйзамдын чегинде, болгонун болгондой көрсөтүп бердик. БШКнын жумушчу тобунун бир жактуу басым жасаганы туура эмес. Себеби биз дебаттардын үч турун тең толугу менен көрсөтүп бердик. Алып баруучулар тарабынан эч кандай үзгүлтүккө учуратуу же башка бир басым жасоо аракеттери болгон эмес. Талапкерлер каалагандай сүйлөштү. Бизге эч кандай басым болгон жок. Бул жерде техникалык гана мүчүлүштүк болду. Биздин сайтка киргендердин агымы күчтүү болуп кетип, ага туруштук бере албай, катуу дисктер күйүп кетти. Анан жаңы жылга байланыштуу дүкөндө жабык болуп, ошол мезгилде сатып алууга мүмкүн болбоду. Качан гана мүмкүнчүлүк болгондо аларды сатып алып келип, орнотуп, аталган дебаттын видео тасмасын толугу менен жайгаштырдык. Азыр бардыгы кайра калыбына келтирилген».​

Бүгүн, 4-январда КТРК өчүрүлгөн дебаттын видеосун кайрадан жүктөп чыгарды.

Тойдогу сүрөттүн «тополоңу»

30-декабрдын кечинде КТРКда президенттикке талапкерлердин кезектеги дебаты өткөн. Ага талапкерлер Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Жеңишбек Байгуттиев жана Абдил Сегизбаев катышкан. Дебат учурунда Абдил Сегизбаев башка бир талапкер Садыр Жапаровду кескин сындаган. Ал Жапаров менен УКМКнын азыркы төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тоюна конокко барганын айтып, буга далил катары сүрөттөрдү көрсөткөн. Дебаттын видео тасмасында сүрөттөр оператордук чеберчиликти сактоо менен ири планда алынып, көрсөтүлгөн болчу.

Анткен менен президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын өкүлү Канат Тургунбеков Абдил Сегизбаевдин айыптоолорун саясий упай топтоону көздөгөн курулай доомат деп атаган:

«"Тойго барган" деп бир сүрөттү көрсөтүп жатат. Тойдогу андай сүрөттөр ар бир кишиде бар да. Сегизбаевдин өзүнүн деле бир тойдо отурган сүрөтүн алып чыгып, «Жаныш Бакиевдин тоюна барган» дей берсек боло береби? Калган айыптары суу кечпейт, баары жалган кеп. Ал өзү мурда журналист болуп жүргөн, УКМКны жетектеген, Геббелстин «чем чудовищнее ложь, тем охотнее в неё поверят» деген ыкмасын тандап алган өңдөнөт. Ошентип апыртып айтсам, эл ишенип алат деп ойлоп атса керек. «Менден качып жүрөт» дейт, Садыр Жапаров кечээ дебаттын графигинде ансыз деле жок болчу да. Бирок кантсе да биз анын деңгээлине түшпөйбүз. Бул өзү жалган жалаа жаап, канча адамды камады. Өзү куугунтук кылып жүрүп, эми башкача болуп чыга калыптыр».

Дагы караңыз Дебаттын экинчи күнү: Жапаров менен Тагаев келген жок

Ошол эле кезде президенттикке талапкерлердин үчүнчү тобунун катышуусундагы тасманын аталган порталдан чукул өчүрүлгөнүн Ак үйдөн түшкөн көрсөтмө болушу мүмкүн деген негизде аны саясий себептер менен байланыштыргандар да болду.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев телеканал коомдук макамын сактап, бийликтин басымына туруштук берип, бейтараптыкты сактоого тийиш болчу деп эсептейт.

«Биз бул тууралуу сураганда да КТРКнын жетекчилиги аны техникалык себептерге байланыштырып жатат, - деди ал. - Бирок биз өзүбүз барып, териштирип, тактай элекпиз. Ал үчүн биз жыйынга чогулушубуз керек. Бул маселе жыйында сөзсүз каралат. Анан калса шайлоо маалында мындай көрүнүштөр болбошу керек болчу. Себеби эреже-талап бардыгына бирдей болушу шарт».

Кыргызстанда парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдында депутаттыкка жана президенттикке талапкерлердин саясий дебаттары АКШнын Улуттук демократиялык институту тарабынан демократиялык жараяндарды колдоо долбоорунун негизинде колдоого алынган.